Эл сурак!

Эсепсиз суроо элде бар


Урматтуу калайык-калк! Көйгөйгө көмүлгөн замана улам татаалдашпаса, оңолгон жери жок. Анткени бийликке ким келсе да элди экинчи орунга калтырып, өз арбайын гана согууда. Элди чындап аралап, карапайым адамдардын арманын уккан эч ким жок. Арыз-арманын айтууга баргандар бийлик лөктөрүнүн босогосун аттай албай, тосотторунан өтө албай бозоргондору жашыруун эмес. Андыктан элдин арыз-арманын гезит аркылуу болсо да дарегине жеткирүүгө белсендик. Кимдир бирөөгө арыз-арманыңыз, сурооңуз же нааразылыгыңыз болсо "Эл сурак" рубрикасына кайрылыңыз. Байланыш номуру 0773 34 07 62. Ал эми собол жолдонгон тарап эл тарабынан берилген суроолорго чычалабай чындык жообун берип коюуга чакырабыз.


Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси
Шейшенбек Байзаковго

Түз суроого түз жооп берсеңиз?


Мен ЖАМКнын жетекчиси Шейшенбек Байзаков мырзага буга чейин бир нече суроолорду бердим. Ал тургай парламент трибунасынан да. Тилекке каршы эч бирине жооп ала алган жокмун. Сиздин коррупциялык ишмердүүлүгүңүздү айтпаганда да, акыркы үч окуя тууралуу төмөнкү суроолорум бар.
1.2011-жылдын декабрь айында Коргоо министрлигинен ЖАМКга эки жүз автомат жана эки гранатамет берилген. Алар кайда жана эмне максатта алгансыз?
2.2011-жылы ошол эле айда коңшу Тажикстандан бир генерал жана полковник чининдеги аскер адамдары келип ЖАМКда бир ай жашашкан. Эмне себеп менен келишкен жана алардын максаты эмнеде болгон?
3.Бишкек шаарынын Урицк көчөсүнүн № 25 үйүндө жайгашкан жеке компанияны ЖАМКнын аскерлери кайтарып, анын акысына айына 60 000 сом төлөнөт. Ал акча кимге кетет жана Акмат Бакиевди кайтарбаган аскерлер эмне үчүн жеке компанияны кайтарат?
Түз суроого түз жооп берсеңиз.
Токон Мамытов, ЖК депутаты




Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаевага

Тааныш, акча… дагы эмне?


Буга чейин "Ак халатчандар менен кызыл шапкечендерге күнүң түшпөсүн" деген кептерди көп уккан менен анчалык маани берчү эмесмин. Көрсө, учурда оорулууларга дарт азабы бир тең, аларга ак халаттардын кылган мамилеси бир тең экен. Кызыл шапкечен милийсалар бай-жарды, шаардык-айылдыктыгына жараша тескегендей эле, ооруканаларда да бул көрүнүш экенин жашыра албайт экенбиз. Ооруканада жакшы шарт талап кылуу бечара элдин оюна да келбейт. Башкысы дарыгердин кайдыгер карабай, айыктырып берүүсүн гана тилешет. Ал эми оорулуулар кандай шартта дарыланып жаткандарына жан кейийт. Маселен Улуттук госпиталдагы неврология бөлүмүндөгү абалга жаным кейиди. Шейшептери тытылган, жадагалса тамак-аш, дары-дармегин коюуга тумбочкалар жетишсиз. Бир палатада 6 оорулуу кысылышып жатат. Баарынан да, тааныш-билиши, акчасы жоктор кор болоруна жаным ачыды. Дарыгерим УЗИге түшүп келүү үчүн жиберди. Барсам бир топ кары-картаң, оорудан онтоп араң отурган адамдар кезек күтүп турушуптур. Бирок, аларды кезегине жараша кабыл албай, улам бир ак халатчан өзүнүкүн "сүйрөп" кирип кетет. Ушундайча кечке чейин бизге жетпей койгонунан нааразы болуп, башкы дарыгерге кирсек, "Мен эмне кыла алам?..." деп мыйыгынан жылмаят. Урматуу Динара Сагынбаевна, "балык башынан сасыйт" болуп башкы дарыгерлер бул эреже бузууларды кош колдоп жатса, биз карапайымдар эмне кылуубуз керек? Тааныш, акча… дегенден башка эч нерсе көзгө көрүнбөй калган. Ооруканалардагы абал качан оңолуп, дарыгерлер канткенде баарына бирдей карайт? Сизди мындай тартипти орнотот деп үмүттөнсөк болобу? Андай болбосо Гиппократтын антын булгабай, "таанышы, акчасы жоктор оорубасын" мыйзамын ачык кийирсек болчудай.
Жамалидин Парманкулов, Нарын облусу




КРнын Каржы министри Акылбек Жапаровго

Бекер тамак…ЭМНЕ ҮЧҮН?


Түркия Кыргызстанга берген 49 миллион доллардан ашык акчасын кечип, ордуна эч нерсе талап кылбайт! Бул кабарды биз кубанууга караганда көбүрөөк тынчсыздануу менен кабыл алдык. Анткени, бекер тамак капканда гана болорун жетекчилер гана эмес, карапайым эл жакшы билет. Урматтуу Акылбек мырза, Түркия бул жакшылыкты эки президенттин жакшы санаалаштыгы үчүн жасап жатканын айтып, келишимди тезинен ратификациялоону талап кылдыңыз. Биринчиден, Режеп Эрдоган сооданы аябай мыкты билген лидер. Анын ар бир кадамы алгач өз элинин кызыкчылыгы үчүн экенинен кабардарбыз! Ал эми бир тараптын кызыкчылыгы бар жерде экинчиси "ийилип" берет. Бекер тамак капканда гана болот, учурда жадагалса бир туугандар бири-бирине анчалык жакшылык жасабайт. Замандын талабы ушундай. Ошондуктан, элдин башын айлантпай, "Алдыда Түркия биздин карызды кечет, биз аларга баландай кызматыбызды кылабыз" сыяктуу алдыдагы кызматташтык жана максаттарыңар тууралуу кененирээк маалымат берип койсоңуздар?! Экинчиден ЕврАзЭс Антикризистик фондунан бөлүнчү 106 млн доллар качан келет? Кайда жумшалат? Же бул да куру сөз бойдон калып кеттиби?
Адилет Осмоналиев, Бишкек


Билим берүү жана илим министри
Канат Садыковго

Мугалим кадыры кайда?


Акыркы учурда мектептердин деңгээли уламдан улам өзгөрүп келет. Өкүнүчтүүсү жакшы тарапка эмес. Мектептерде билимдин сапатынын төмөндөөсү, акча чогултмайлар ж.б. тууралуу айтылып ага жалпы мугалимдерди күнөөлөп жатышат. Чындыктын төркүнү кайда экенин көпчүлүк биле элек. Албетте, мугалимдердин алган айлык акысы көтөрүлдү. Мугалимдер да муну актоого тырышып балдардын билим сапатын, мектептердин абалын оңдогонго болгон күч-аракетин жумшап жатышат. Мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражат мектептеги чыгашаларды жабууга жетпейт. Андыктан мугалимдер ата-эненин колдоосу жок керектүү шартты түзүүгө алсыз. Балдарга жакшы шартта, керектүү жабдыктар менен билим берүүнү уюштуруу кажет. Бул көпчүлүккө оңой сезилгени менен чоң мээнетти талап кылат. Балдарга зарыл мүмкүнчүлүктү түзүү үчүн ата-энелерден жардам алган мугалимдер эле жаман көрүнүп жатышат. Албетте, өз пайдасын да четте калтырбаган айрым мектеп жетекчилери тууралуу кеп башка. Анын айынан бүтүн мугалимдер жаманатты болгону чындык. Баарынан чындап жан үрөгөн мугалимдердин эмгеги унутта калып, басынтылып жатканы өкүнүчтүү. Бул көйгөй бийлик төбөлдөрүнө жетпей жатабы же билип туруп көз жумушуудабы? Бүгүн мугалимдердин эмгеги канчалык бааланууда, кадыры кандай? деген суроо жаралат. Мейли ата-энелер тараптан, мейли атка минерлер тараптан болсун баарынын алы жеткени эле мугалим болуп калды. Мугалим бардыгына күнөөлүү сыяктанат. 2011-жылдын жаз мезгилинде мугалимдердин айлыгын көбөйткөнү менен жаңырган жылда кайрадан кыскартуулар бир эмес эки жолу болду. Бул мугалимдин эмгегин баалабагандык болуп эсептелери талашсыз. Урматтуу Канат Жалилович, айлыкты көбөйтүп коюп эле мугалимдерди каалагандай калчай берүү жарайбы? Эмгектерин эске албай, каалаган убакта кызматтан кыскартып салганыңар туурабы? Мугалимдердин эмгеги деги качан бааланат?
Т.Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс гимназиясынын кытай тили мугалими Кыдыков Залкар Тургуналиевич, Бишкек


Мектеп аты болбосо…
Балдар биздин келечегибиз деген ураанды көп угам. Бирок, ошого жараша шарт түзүлүп, кам көрүлбөй жатат. Алыс кетпей өз мектебимдеги шартты эле мисал көргөзсөм болот. Биздин мектеп Тунгуч кичи районунда жайгашкан №73 мектеп. Жаңы курулган жакшынакай мектеп. Бирок, окуучуларга керектүү шарттар толук каралган эмес. Мисалы, 3-4-класста биз музыка, дене тарбия сабактарын такыр окуган жокпуз. Бул сабактардан мугалим жок, жетишсиз деген шылтоолорун угабыз. Кантип эле бул сабактарды өтүүгө мугалим табылбай калсын. Бул болгону чоңдордун кайдыгерлиги, окуучуларга зарыл шарттарды уюштура албагандары деп ойлойм. Толук сабактар өтүлбөгөнүнө нааразы болгон көп окуучулар жолдун алыстыгына кайыл болуп шаардагы мектептерге которулуп кетип жатышат. Мен жана менин көп досторум да башка жакка которулууну ойлоп жатабыз. Бизге керектүү билим бере албаган мектептин эмне кереги бар? Мектеп аты эле болбосо, анда керектүү уюштуруу болбой жатканын ким текшерет? Бизге толук сабактар качан киргизилет?
Азамат уулу Нурболот, Бишкек