Каныбек
Кадыралиев

(Кандуу жол 2)


Саясат
Базары

Сандан-санга
"Кандуу жол" аттуу китепти Эдил Кожошизи деген атка жамынып Эмилбек Каптагаев жазып чыкканы маалым. Анда белгилүү коомдук ишмер Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча айтылган. Ошол китептин акырында Эмил Каптагаев "Бул кандуу жол каякка алпарар экен?"-деп бүтүргөн. Ушул суроого жооп ирээтинде Каныбек Кадыралиев деген адам "Кандуу жол" китебинин уландысы катары "Саясат базары" аттуу көркөм чыгарма жазыптыр. Андыктан "Кереге kg" гезити окурмандары үчүн Каныбек Кадыралиевдин "(Кандуу жол 2) Саясат базары" китебин сандан-санга жарыяламакчы. Аталган "Саясат базары" китеби көркөм чыгарма болсо да, дээрлик биздин күнүбүзгө үндөшүп, документалдуу-детектив катары жазылган. Чыгармада 7-апрель окуясынын келип чыгышы, түштүк коогалаңы, тымызын жоголгон инсандар, парламенттик шайлоо, борбордогу теракт, Садыркуловдун өлүмүнүн ачылышы жана президенттик шайлоо өңдүү негизги окуялардын коомчулукка кулпуланган анык сырлары ачылып, саясаттагы саткындык менен соодалашуулар чагылдырылат.


- Жолугушуу болгонбу?-Нурлан адатынча кепти кызытуу ыкмасына өттү. Бекасыл Анарбекович негедир ким бирөөлөр аңдып тургансып, үнүн акырын чыгара:
- Болгон, атургай Кибаев менен кызылдай соодалашуу да жүргөн-деди.
Нурлан ишенгиси келген жок. Балким, Бекасыл Анарбекович "жөн эле айтып койду" деген да ойго кептелди. Ортодо бир азга тымтырстык өкүм сүрдү. Бекасыл Анарбекович диванга чалкалай олтура эми чечилип сүйлөй баштады.
- Нурлан билесиңби, мен сага саясаттын сазы тууралуу айтпадым беле. Саясат деген чырмоок сыяктуу, сормо саз сыяктуу. Ал адамды соруп олтуруп акыры тумчуктуруп тынат. Өзүнөн эч чыга алгыс кылып чырмайт. Саясат дегениң -бул кыпкызыл эле бизнес, базар дагы. Андагы соодалашуулар карабашыл адамдардын тагдыры менен өлчөнөт. Кибаев бийлигинин акыркы күндөрүн жашап жатканын сезгендиктен жан айласы кылып, биздин топко жучу жибере баштаган. Азыр жанагы Беккелдиев бакырып чыгып атпайбы: "Мен Кибаевчил болсом анда кызматта турбайт белеем. Ал мени кызматтан айдап, эки жыл бош жаттым"-депчи. Каяктагы бош жаткан. Так ошол Беккелдиев Кибаев менен биздин ортобузда жуучу болгон. Негизи тээ башынан эле Беккелдиев Матабаев менен жакшы эле мамиледе болуп келет.
- Коюңузчу, экөө таптакыр башка эки жээктин адамдары го?
- Туура экөө эки жээктин адамдары. Бирок, бири-бирине эч качан таш ыргытышкан эмес. Саясатта мындайлар көп эле болорун өзүң деле билесиң. Кыскасы, ошол Беккелдиев жуучу болуп атып Кибаев менен Матабаевди мартта эки ирээт жолуктурган. Жолугушуу андай деле жылуу маанайда өтпөптүр. Тескерисинче, кайчы пикирлердин акыйнеги болгон. Ошондон улам Кибаевдин чачпагын көтөргөн жанагыл өздөрүн чыгаандар атаган чоң муштум жаш балдар бизге чакыруу, эскертүү да берип жатышпайбы.
- Кандай эскертүү, баса кимдер?
- Биз аларды "Ак-Жолдун сарбаздары" деп койчубуз. Демек билдиң да. Алардын башына караганда, муштумдары жакшы иштейт. Мээлерине караганда пулдары көп. Бир ирээт Арсиев менен Балбаевди чакырып алышып, ошол "молокосостор" какыс-кукус да кылып жиберишиптир.
- Кандайча?
- Кадимкидей эле. Бир нерсе боюнча пикир келишпей калса керек да. Ошол жерден эле Балбаевди тумшук талаштыра бири уруп калыптыр. Ээ, булар жеткен зөөкүрлөр. Мына ошолор мага да салам дубай жөнөтүшүптүр. Түз эле "Ака, бир жериңизди кысып шүк олтуруңуз эми. Бизге деле кезек бергиле. Болбосо каалагандай сүйлөшүүгө барабыз"-деп.
- Кимдер экенин айтсаңыз?




Турмушуң кандай, замандаш?

Барак тамдагы байкуштар


Бийлик үстүнө бийлик алмашты. Башчылар улам алмашкан сайын элге мурдакыдан жакшы шарттарды түзүп жатканын, мурдакысы аткара албаган иштерди аз убакытта жөндөп салганын саймедиреп жатышат. Алардын теле, радио ММКлар аркылуу тоту куштай кайталап айткандарына, иш сапарларына, аракеттерине караганда өнүгүп эле жатабыз! Бирок, май-көл жашоону саймедирегендерде карапайым калк кандай күн кечирип жатканы, чыныгы жашоосу тууралуу аларда толук маалымат бар болду бекен? Жетекчилер шайлоо алдында гана булуң-бурчтан бери элди калтырбай кыдырбаса, башка убакта чолосу тийбейт.


Андыктан гезитибиздеги "Турмушуң кандай, замандаш?" рубрикасы аркылуу карапайым калктын жашоосун чагылдырууну туура таптык. Бул өтүнүч бизге Мессарошадагы барак тибиндеги тамда жашашкан 30 үй-бүлө тарабынан түштү. Максат - кимдир бирөөнү айыптоо эмес. Жөн гана "калк ушундай абалда жашаганын" чагылдыруу. Бирок, ошентсе да, жетекчилер калктын абалына боору ачып кетсе, ураганы калган барак үйдү түрттүрүп салып ордуна көп кабат үй курса ажеп эмес…Анда элге да шарт түзүлүп, калгандарын сатыкка чыгарып жетекчилер да пайда таап элдин баары ыраазы болмок. Маселени чечүүнүн жолдору көп, аны этибар алган жан жок экени кандай өкүнүчтүү.
Төбөсү түшкөн там,
30 үй-бүлө,
сарык балдар
Сыртынан кичинекей көрүнгөн менен ичи резинадай чоюлчаак үйдүн ичинде 30 үй-бүлө жашайт. Алар кезегинде Тоо кен институтунда иштеп, ушул жерге жайланып калгандар. Айрымдары батирге берип кетип калган. Мүмкүнчүлүгү жоктору жашап жатышат. Үй 1954-жылы курулган имарат. Ошондон бери оңдуу ремонт көрбөгөн үйдүн абалы жан кейитерлик. Ар бир бүлөнүн 3-4 баласы бар. Бир бөлмөдө тыгылышып жашагандары аз келгенсип, барак үй бирөө катуураак чүчкүрсө, урачу абалга келген. Аз келгенсип үйдөн аккан суунун саркындысы №50 мектепке залал келтирет деп суу түтүктөрүн биротоло кесип кетишиптир. Суусуз калган жашоочулар ар кай жерден суу тилеп, ташып келишет. Учурда кандай жашоо кечирип жаткандарын тургундар төмөнкүдөй баяндашат:
Айгүл Акылбекова:
- Жашообуз дагы канчага чейин ушундай өтөт, билбейм. Ураган тамда, суусуз 30 бүлө жашайбыз. Мен жалгыз бой аялмын, 4 балам бар. Ремонт жасатууга же сууну өз күчүм менен чыгарып, канализацияга кошулууга чамам жетпей келет. Төбөсү самсаалап ураганы калган коридордо чочуркап араң жүрөбүз. Кайсы күнү балдарды басып калат деп бизде жан жок. Жетекчилер же колунан келгендер элдин абалына боору ачып, жардам кылса жакшы болмок. Шайлоо алдында тоодой убадаларды берип, бирок, андан кийин эл менен иши болбой жаткандарына капа болуп кетем.
Гүлназ Жаманкулова:
- Мен үчүн баарынан да суунун азабы өттү. 5 балам бар. Өзүм жаңы төрөгөн аялмын. Суу жок, баланын жалаяктарын оңдуу жууй албайсың. 5 бала менен, суусуз, ураганы калган эски тамдагы жашоону элестетип көргүлө. Шартыбыз булл болгон соң, балдарыбыз сарык менен көп ооруйт. Бул жерде сарык эмес туберкулез менен ооруп калуу толук мүмкүн. Албетте, колдон келсе эч кимге жалдырабай өзүбүз оңдоп-түзөп алмакпыз. Эч кимди күнөөлөгүм келбейт. Ошентсе да, колунан келген байлар гектарлап жер сатып алып көп кабат сарайларды салып, сатып байып жатышат. Биздин эски үйдүн ордуна ошондой көп кабат үй салса 30 бүлөгө 30 үй жетет. Калгандарын сатып аларга да жакшы, бизге да жакшы болмок.
Мына окурман, мындай абалда жаны кейип жүргөн карапайым калк көп. Мессарошадагы барак там мунун бир гана тамчысы. Мезгил келер, элибизди мындай азап-тозоктон кутултар азамат чыгар деп үмүттөнө туралы.
Анара ДЫЙКАНОВА