Ыража берилди, ӨКМ өз ордунда…


"Кыш болбойт" деп атып, Абдылдаев менен Сарыгулов кыргызың түгүл орустун кыйырына дейре күбүр-шыбыр күлкү кылганы бир тең, кышыбыз кетпей март этегинде көчкү алдында калганыбыз бир тең болду го чиркин! Кыйкырарда көкөтеңирчи, ырым-жырымчы "саясатчылар" бу, көкүрөк ээлеп, көктү тейлеген Кудайды би-ир ойлоп койсо кана, атаганат! Айрым ишенчээк жарандарыбыз ал "көсөмдөрдүн" айткандарына ишенип алып, отун-сууну кой, короодогу малдарына тоютту жетишерлик жыйнап албаганынан улам түштүктө малды жут ала баштады. Малдын жуту башы-көздөн садага, бирок, ушул жаз алдындагы суук менен кар көчкү карапайым тогуз адамдын өмүрүн алды. Өзгөчө бир үйдөн үч бир тууган өспүрүм мал издеп чыгып, суукта тоңуп каза болушу адам пендесин сыздатпай койбойт. Бийлик өлүм-житимге "ставка коюп" көндүм боло жаздаган "ыража" менен каза болгондордун үй-бүлөсүнө элүү миң сомдон акча берди. Союш кымбат үзүмчүлүктө бул "элүү" сөөк жашырганга тыгын болсо болор. Бирок, алдын-алуу милдети бар ӨКМ деген "күнөөкөрдүн" башчысы адам өлмөктөн аалам аласалса да ээрден оочу түрү жок…

"Кереге-ПРЕСС"







about | A Free CSS Template by RamblingSoul

23-май, 2012-жыл


Warning: include(../../footer.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kerege/12/0523_1.htm on line 93

Warning: include(../../footer.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kerege/12/0523_1.htm on line 93

Warning: include(): Failed opening '../../footer.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kerege/12/0523_1.htm on line 93