Жалгыз дарак токойбу, же партиябы?


Кечээ жана бир партия ачылды. Ар бир айылга бирден партия десек апырткандык болор, бирок ар бир депутатта экиден партия болмой болду. "Ата-Мекендин" каргысынан жаңы кутулган депутат Равшан Жээнбеков кечээ "Демократиялык Альянс" аттуу партиянын "киндигин кести". Буга чейин "ичтен чыккан ийри жылаан" атыккан он алты депутат Жогорку Кеңештин ичинде "Демократиялык альянс" блогун түзүшкөн. Аны эми Равшан мырза партияга айлантып жиберди. Маалыматты тактоо ирээтинде Жээнбековго мурдагы санаалаш, блоктош он беш депутатка коңгуроо каксак, бири дагы бул партия жөнүндө маалыматы жок экендигин билдирди. Сыягы, Равшан мырза жалгыз "демократташат" окшойт.


Депутат болсоң, сот ким экен?


Өзүн Ички иштер министрлигиндеги коррупция менен катуу күрөшкөн Эл Өкүлү катары сыппаттаган "ар намысчы" Дастан Бекешовдун иниси Руслан Бекешов былтыркы жылдын ноябрь айында Бишкек шаарынан сегиз ширенкенин кутусундагы гашиш менен кармалган. Кылмыш иши козголуп, иниси убактылуу кармалуучу жайга камалганда агасы парламент трибунасынан "Мага карата ИИМ уюштурган атайын кутум"-деп бакырган. Бирок, инисинин кылмыш иши далилденген. Эми ошол иниси соттор тарабынан шарттуу түрдө кесилип, эркиндикке чыкты. Албетте, айтпаса да белгилүү болгондой депутаттардын жардамы менен. Мыйзам боюнча наркотикалык заттарды сактоо, сатуу, ташуу жана таратуу оор кылмыштардын түрүнө кирет. Ал тургай бул илинчекке илингендерди да абактагылар катуу жазаларын билебиз. Тилекке каршы, "Токмогу күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет" болуп, мыйзам бул ирээт да "Буйлаланган төө" болду.


Акыйкатчылыгын да, ветврачтыгын да унутпайт


Кызыкка бай акыйкатчы Турсунбек Акун комузчулугун коюп, "куудулдугун" баштады. Апта башында Россиянын Адам укуктары боюнча өкүлү Лукинге куш тилиндей кат жөнөтүп, "Демонстранттар менен полиция митинг учурунда кагылышканда, пикетчилерди аяп сабагыла"-маанисинде акыл айтты. Анткени, алтынчы май күнү Москвада "Миллиондор маршы" аттуу акция өтүп, анда митингчилерди полицейлер какыстап койгон. Пикетте көп жүрүп, революция сайын таяк жеген, тиши күбүлүп, башы жарылган Тукенин мындай кайрылуу кыла турган жолу бар. Андан да кызыгы, аз жерден акыйкатчылыгын унута салып Нарын облусуна атайын кызматтык иши менен барганда жергиликтүү эл аталган облустагы Ветеринардык башкармалык жабылып жаткандыгын арыз кылып айтты эле, кайран киши эски кесибин эстеп кетип, "Мен дагы ветврачмын, муну жабууга болбойт"-деп, Долондун ары жагынан ары-ык муштумун сунду.


Нариман айтты саламды


Буту сынып, үйүндө жаткан. Жөн жатпай "Менин ордум депутаттык кресло эмес экен. Мен иштерман болуп, ишке көнүп калыптырмын"-деп, маалымат агенттиктерге маек берип келип, үйүндө буту сынып жатканын айткан. Ага аралаш азыркы ажо аткаруу бийлигине чакырса кирпик какпастан барарын, Бабановдун орду түшүнө кирип, болбой баратса мэрликти мелжегенин да жашырган эмес. Анан эле сынган буту "бүтүп", кокусунан эле Россия президентинин инаугурациясына кетип калганы кызык. Балдакчан Кызыл Аянтта кантип басарын бир ойлоп, аны таягы менен Кремлге киргизеби деген суроого да буйдалып койсо болмок. Андан көрө, "Бутумду айыктырганы Маскөөгө дарыланганы кеттим"-десе жарашмак. Айтмакчы, Нариман Түлеев буга чейин мындай өрдөктөрдүн далайын учуруп, "Кремль түнү менен алып кетти"-деген жөө жомокторду чыгарткан. Калпын укчу киши калбай калгансып жардамчылары аркылуу Нарынга 9-майга карата иш-чара уюштуртуп, ал жерден, "Уулуңарды атайын Кремль чакырып кетти" кылды. Алып барган ырчылары ардагерлер үчүн мекен жөнүндө эмес, жалаң сүйүү ырларын ырдап, ата-энелердин жаштыгын эстетип, "козутуп" да койду.


Жомок башталды…


10-майда Ак үй астында митинг болот. Уюштуруучулары эл билбеген "элдик академиячылар" экен. Алардын айтымдарында алдыда жаңы доор башталып, ааламдашуу доору келе жатыптыр. Андыктан биринчи өзгөртүүнү башмыйзамдан башташ керек экен. Кыскасы "жомоктун" ток этер жерин айтканда "Адам техникалык доордо тамга таанып, окуганды билиш керек болсо, ааламдашуу доорунда башка багытка бет алып, жаңы агымга адамдарды даярдоочу руханий-илимий-иликтөөчү борбор ачышыбыз зарыл"-дешет. Башында баягы "Кыш болбойт"-деп жатып, кыргынга салган, "Оруска оомат бизден жугат"-деп опурулуп отуруп, "инаугурацияга чакырылбай калган" Арстанбек Алай турат. Булар андан көрө "аба-ырайын изилдөө борборун" эле ачып алышса түзүк болмок ээ.


"Кереге-ПРЕСС




Өкмөткө ишенбей, өлүм табышты...


Элибиз эт жегенди эмес, эптеп жан баккандын айласы кылып, кара курсактын айынан жер кезип кетти. Өкмөт болсо жел сандарды оозуна толтуруп, "Өнүгүп жатабыз" менен алек. Миң түркүн тагдыр боордошторубузду боорго тепкени аз келгенсип, айрым учурда аларды ажал коштоп кетип жатат. Анын мына бир мисалы. 8-майга караган түнү Алматы-Екатеринбург унаа жолунда, Караганда облусуна караштуу Ак-Жал айылынын жанында Ssang Yong үлгүсүндөгү кичи автобус оор жүк ташуучу КамАЗ менен кагышып, айдоочусу менен кошо 16 адам мерт кетип, эки адам оор абалда ооруканага жаткырылды. Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кичи автобустун айдоочусу да, ичиндеги жүргүнчүлөрү да Кыргызстандын жарандары экенин маалымдады. Окуя тууралуу Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Эсенгул Өмүралиев "Унаада 18 адам бар экен, анын айдоочусу жана 15 жүргүнчү мерт болду. Эки киши Балхаш райондук ооруканасына жеткирилди. Биздин алган маалыматтар боюнча, баары Кыргызстандын жарандары. Алар Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунан чыгып, Орусияга жөнөгөн экен. Мерт болгондордун жасаты азыр Балхаштагы моргго жеткирилди"-деп билдирген. Элчинин айтымында, кырсыктан жабыркаган эки кыргызстандыктын абалы оор. Кечээ түш оой Тышкы иштер министрлиги бул кырсыктан мүрт кеткендердин аты-жөнүн жарыялап, бирок кечке жуук бул тизме болжолдуу экенин кошумчалады. Анткени, автобустун ичинен Орусияда жашаган кыргызстандыктардын да паспорттору табылган:

1. Абит уулу Азизбек, 2000-жылы туулган.
2. Миркамил кызы Зилола, 2012-жылы туулган.
3. Боронов Давлет, 1963-жылы туулган.
4. Чороев Алишер, 1964-жылы туулган.
5. Жакып уулу Рустам, 1970-жылы туулган.
6. Камил кызы Умида, 1992-жылы туулган.
7. Азим кызы Шаира, 1985-жылы туулган.
8. Султанова Гулбадам, 1986-жылы туулган.
9. Алымкулова Алтын, 1981-жылы туулган.
10. Хажибай кызы Зеба, 1985-жылы туулган.
11. Күрүчбеков Тиркеш, 1982-жылы туулган.
12. Күрүчбеков Расул, 1977-жылы туулган.
13. Халикбаев Ядигор, 1984-жылы туулган.
14. Искендер кызы Чолпонай, 1979-жылы туулган.
15. Султанов Нурлан, 1984-жылы туулган.
16. Халикбаев Зиярбек, 2004-жылы туулган.

Жабыркагандар:
1. Хурбай кызы Феруза, 1995-жылы туулган.
2. Ырыс уулу Мухидин, 1994-жылы туулган.
Булардын баары Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Чарбак айылынын тургундары экен. Турмуштун туткунундагы мекендештерибиз минтип бейажал дүйнө салды. Маркумдардын жакындарына "Кереге" гезити терең кайгыруу менен көңүл айтат. Жаткан жериңер жайлуу болсун боордоштор...