(Кандуу жол 2)


Саясат
Базары
Каныбек
Кадыралиев

Сандан-санга

- Эмне ал "тирүү роботтор" бул жакта эле жашашканбы?
- Кайдан, бул жакта жашаган эмес.
- Анан кайдан бул жакка келип жатышат?
- Айтпадымбы, Кибаевдер бир нерсе болорун сезип, оппозициядан мурда озунуп кетиш үчүн алдын ала даярдык көрө башташкан. Мына ошондо буларды алып келишкен.
- Каяктан алып келишкен?
- Азырынча так деле эмес. Бирок, айрым бир ишенимдүү булактарда Тажикстандан алып келгендиги тууралуу маалыматтар бар.
- Демек ал төртөө кыргыз болгонбу?
- Ооба, ошентсе да болот. Балким андай да эмес.
- Неге?
- Анткени жанагы өлтүрүлгөн эки "снайпердин" жан чөнтөктөрүнөн алардын ким экенин тастыктаган документтери чыккан. Документте экөө тең кыргыз улутунан болгон.
- Демек аты-жөндөрү, катталган жерлери да такталган да, ээ?
- Жок, алары такталган эмес.
- Кандайча, жандарынан документи чыкты деп атпайсызбы?
- Документтерде көрсөтүлгөн аты-жөндөрү дал келген жок. Экөө тең мурда эле өлгөн жигиттер болуп чыкты.
- Коюңузчу, жомок болуп кетти го?
- Ооба, жомок десек да болот. Экөөнүн бири мындан көп жыл мурда эле каза болгон жаш жигиттин аты-жөнү, жана ал катталган дарек болуп чыкты. Беркиси деле ошо сыяктуу. Болгону анын көрсөтүлгөн дарегинде таптакыр эле башка адамдар эбактан бери турушат. Ал эми анын бул дарекке кантип катталып калганы түшүнүксүз.
- Берки мурда эле өлдү делген баланын туугандары билбептирби? Ал өлбөптүрбү?
- Өлгөн, анысы анык. Бирок ошол жигиттин документи менен биздин мамлекетке кирген болуп жатпайбы.
- Ммм… Демек, тээ капкачан эле өлгөн адамдардын ысым-даректерин пайдаланган турушпайбы…
- Ошон үчүн, так эместигинен улам ал өлтүрүлгөн көзгө атарлар тууралуу маалымат тынчыган. Азыр жүрүп жаткан сот ишинде да бул тууралуу материалдар таптакыр жок.
- Эмнеге?
- Өзүң ойлосоң, аларды тастыктаган документ менен алардын ким экендиги таптакыр дал келбей жатса кантип сотко материал тиркелет? Атургай тергөөнүн жүрүшү үчүн да бул маселелерди иштен алып салышкан. Ырасында жөн гана баш оорутуунун не кереги бар эле?
- Кантип жөн гана баш оорутуунун? Ал документтерди берген органдардын номери, колдору болуш керек да. Ошолорду суракка алса эле чыкпайбы?
Бекасыл Анарбекович мыйыгынан жылмайып койду. Адатынча тамеки чекмей болду. Нурланга "бул жомок" анык баш ооруга айланып калган эле.
- Алды, алышты. Сураганда эмне? Ал байкуштар мындайды түк билбейт. Анткени, бул документтер официалдуу жасалган деп ойлоп жатасыңбы? Адамды сатып, жок кылып, өлтүрүп коюу опоңой болуп жатса бир кагазды жасап коюш эмне булардын колунан келбейт бекен.
- Менин түшүнбөй жатканым, ошол өлгөн балдар жанагы Жакен менен Балсаттиев саткан "тирүү роботторбу" дегеним да?..
- Таптакыр андай эмес. Ал кыл мергендер, мейли снайперлер дейли, таптакыр кыргыздар эмес. Болгону мамлекетке кыргыздардын документи менен Кыргызстандын атуулдары, кыргыз улутунан болуп кирген деп ойлойм.
- Анда кимдер болушу мүмкүн?
Бекасыл Анарбекович үндөбөй кыйлага дейре олтурду. Нурлан болсо дале ичи бышып, маселенин аныгына жетип жиберүү үчүн ичинен чебелектеп атты. Чыдабай кетип дагы суроо салып жиберди.
- Бекасыл Анарбекович, эмне чет жактан келген киллерлер бекен?
"Буга жооп бербесем жанымды койбойт"-дедиби Бекасыл Анарбекович Нурландын суроосуна жооп бере баштады.
- Кимдер болушу мүмкүн экендигин биздин коопсуздук кызматы учурда тактап жаткан имиш. Бирок, алар түк тактай алышпайт. Анткени ал жерде иш кыймылдаш үчүн акча керек. А бул иш үчүн аларга эч ким акча бербейт. Андыктан, жасап жаткан иштеринин санын көбөйтүү үчүн гана бул ишти ачып коюп, бир ирет да карап койбой, башка, чөнтөккө пул түшө турган иштер менен алектенишүүдө.
Бирок, мен бул ишке кызыгып көрдүм. Айрым тактоолор боюнча бул эки жигит Кыргызстан-Тажикстан чек арасынан өтүшкөн. Демек, булар Тажикстандагы согушчандар тобунан.
- Аларды эмне жалдап келгенби?
- Анан конокко чакырып келмек беле? Жалдадыбы, кыскасы бул жигиттер Бадахшандагы Шамендин тобунан экен. А Шамен менен Жакен Кибаев тээ эски достордон. Кезинде Шамен СССРдин КГБ мектебинен өтүп, ошол тармакта иштеп жүргөн. Кийин СССР кулаганда Тажикстандан куулуп, Кыргызстанда үч жылча жашынып жүргөн. Аны так ушу Жакен баккан болчу.




Апенди беш катыны менен сизди күтөт
Мамлекеттик "Учур" жаштар театры үстүбүздөгү жылы түзүлгөнүнө он жыл болгондугуна карата шымалана иштеп жатканы жалпыга маалым. Эмесе, 10-11-май күндөрү КТРКнын концерттик залында "Апендинин беш катыны" аттуу комедиясын койгону турушат. Айтмакчы, элдин кайра-кайра суранычы менен. Башталышы саат 18-00дө. Кечикпей келип, апендини жана анын айчырайлуу беш катынын көрүп, көңүлүңүздү көтөрүп, театр оюнунун кызыгына батып кетиңиз.

"Кандуу жол" аттуу китепти Эдил Кожошизи деген атка жамынып Эмилбек Каптагаев жазып чыкканы маалым. Анда белгилүү коомдук ишмер Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча айтылган. Ошол китептин акырында Эмил Каптагаев "Бул кандуу жол каякка алпарар экен?"-деп бүтүргөн. Ушул суроого жооп ирээтинде Каныбек Кадыралиев деген адам "Кандуу жол" китебинин уландысы катары "Саясат базары" аттуу көркөм чыгарма жазыптыр. Андыктан "Кереге kg" гезити окурмандары үчүн Каныбек Кадыралиевдин "(Кандуу жол 2) Саясат базары" китебин сандан-санга жарыяламакчы. Аталган "Саясат базары" китеби көркөм чыгарма болсо да, дээрлик биздин күнүбүзгө үндөшүп, документалдуу-детектив катары жазылган. Чыгармада 7-апрель окуясынын келип чыгышы, түштүк коогалаңы, тымызын жоголгон инсандар, парламенттик шайлоо, борбордогу теракт, Садыркуловдун өлүмүнүн ачылышы жана президенттик шайлоо өңдүү негизги окуялардын коомчулукка кулпуланган анык сырлары ачылып, саясаттагы саткындык менен соодалашуулар чагылдырылат.


Жумабековдун Италияга "чабуулу"

Белгилүү дарыгер, травматолог көптөгөн оорукчандардын дабасын тапкан Сабыр Жумабеков жакынкы күндөрү Кыргызстандын ортопед-травматологдорун баш кылып Италиянын Рим шаарына аттанганы турат. Профессор баш болгон жоон топ 21-22-майда Римде Евразиянын "Травматология жана ортопедиядагы жаңы технологиялар"-деген аталыштагы 3-конгрессине катышып, диагностикадагы жаңы, алдыңкы технологияларды жайылтуу жана сөөк ооруларын дарылап-айыктыруу ыкмалары менен таанышат. Бул конгресске биздин ар кайсы аймактардагы жүздөн ашуун ортопед-травматологдордун барышы күтүлүүдө. Белгилей кетсек, аталган конгресс 2009-жылы Сабыр Жумабековдун демилгеси менен уюштурулуп 2009-2011-жылдары Ысык-Көл жээгинде өткөн. Ага он жети мамлекеттин дарыгер адистери катышып, тажрыйба алмашкан болчу. Ошол эле форумда чет өлкөдөн келген делегация жетекчилери Сабыр Жумабековду Евразия конгрессинин президенти кылып шайлап, кийинки жыйын Италияда өтөрү белгиленген. Бул демилгени кош колдогон орустар 4-конгрессти Россияда өткөрөбүз деп шымаланып жаткан чагы.


Көк-ойлуктар, тургула!
Жумгал районунун Көк-Ой айылындагы Султан Турусбеков атындагы орто мектеби өз уясынан учурган уул-кыздарын 19-майда марафонго чакырат. Марафондун максаты өкмөттү карап олтурбай мектептин оңдоп, түзөө иштерин жүргүзүү. Жетишсиз курал-жарактар менен мектепти камсыздоо болуп саналат. Эл-жери үчүн кайдыгер карабаган Көк-Ой айылынын кулундары төмөнкү телефонго байланышса болот:
0777 16 46 63 Дуулат