Таазим сиздерге, ардагерлер!


Бүгүн майрам. Болгондо да кан кечип, беш жыл өмүрүн тобокелге байлап, душмандын огуна денесин тосуп, ажал аралап, миллиондогон адамдардын өлүмү менен өкүтү, көз жашы менен күтүүсү, жесири менен жетимин коштогон, өксүк менен сүйүнүчтүн дал ортосунда туруп, белгилей турган МАЙРАМ! Бул майрамды бизге аталарыбыз Фашизмдин ураанын талкалап, тээ Берлинге кызыл туу сайып, Ата Мекен үчүн ак дилден кызмат кылып алып берсе, апаларыбыз ай жарыгында оорукта орок оруп, чиедей болгон ал кездеги чыт курсактар талаада машак терип, карыялар дан даярдап, кемпирлер аскердеги уулуна байпак токуп жүрүп алып беришкен ЖЕҢИШ КҮН! Бул жөн күн эмес. Көз жаштан, күтүүдөн жаралган күн. Сүйгөнүнөн ажырап канча селки калды, жалгыз уулунан ажырап канча эне калды, жесир болуп, жалгыз жаздык кучактап жеңе калды? Бул күн ыйык күн. Биз азыркылар тынчтыктын баркын билбей чоңойдук. Биз өмүрдүн кадырына жете албай жатабыз. Биз согуш эмне экенин билбедик. Анткени, согушка катышкан аталар, ооруктагы энелер, сиздер бизге бейпил жашоо алып келдиңиздер. Ошондуктан сиздерге миң мертебе ТААЗИМ!

"Замандаш-Современник" саясий партиясы





about | A Free CSS Template by RamblingSoul

9-май, 2012-жыл


Warning: include(../../footer.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kerege/12/0509_1.htm on line 93

Warning: include(../../footer.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kerege/12/0509_1.htm on line 93

Warning: include(): Failed opening '../../footer.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kerege/12/0509_1.htm on line 93