Жылдыз Бегалива, журналист

"Ишенимдүү, эрктүү мырза жөлөк болуп жанымда жүрүшүн каалайм"


- Жылдыз айым, айрым теле жылдыздар "Экранга чыгуу мен үчүн эс алуу"- дешет. Сизгечи?
- Мен үчүн деле эс алуу десем жаңылышпайм. Съемка убагында рахат алам. Башка жагынан айтканда көрсөтүүгө каармандарды издеп табуу, уюштуруу иштерин да жүргүзөм. Баарын башынан аягына чейин өзүм кылам. Бул жумушту жан дүйнөм менен тандап алгам.
- "Айымдар эмнени каалашат?" берүүсүн алып барасыз. Деги эле ушул ишиңиздин арты менен эмнени үйрөндүңүз?
- Кандай гана сюжет болбосун өзүм кызыккан тематикалар болуп чыгат. Ар бир көрсөтүүнү даярдап жатып өзүмө турмуштук тажрыйба топтойм. Мисалы "Ийгиликтин беш кадамы" деген рубрикада бизнесмен, мугалим же дарыгер болобу ошол адамдарды угуп олтуруп таасирленесиң. Ал эми сулуулук жөнүндө болсо, пайдалуу кеңештерин аласың. Албетте, атайын түйшүк тартып жасагандан кийин өзүм да ошол айтып жаткан кеңештерди колдонушум керек деп ойлойм, колдоном. Теле көрүүчүлөргө кандай кызыктуу болсо мага да ошондой кызыктуу. Айымдарды көп суроолор, көйгөйлөр тынчсыздандырат ошол суроолорго жооп табуу бул менин ишим, ага теле аркылуу жооп берем десем жаңылышпайм.
- Сизди жалгыз бой айым катары билебиз… Жалгызсырабайсызбы?
- Жалгыз бой айымдар жаныңда колдоп, жөлөп турган жолдошу болушун самайт. Жөн гана кыялында эмес, жашоодо күйөө керек. Мен деле орустар айткандай ишенимдүү, кең далылуу, бекем эрктүү мырза жөлөк болуп жанымда жүрүшүн каалайм.
- 60 секундада эмнеге жетишесиз?
- Бир мүнөттүн ичинде бир "стендап" айтып койгонго жетишем. Мисалы, "Саламатсызбы" же "Көрүшкөнчө амандыкта болгула"-деген.
- Журналисттик кесиптин сыртка билинбеген аялуу нерселери бар. Сиз бул жагын кандай өздөштүргөнсүз?
-Чакырган каармандын психологиялык абалын билип турасың. Биринчи адамга жагымдуу суроолорду берип, андан кийин татаал деген суроого жооп алганга аракет кылуу керек. Бирок, мен адамдын жүрөгүн ооруткан суроолорду берүүдөн алысмын. Анткени, ар бир адамдын жеке жашоосу, өзүнө тиешелүү тагдыры болот эмеспи. Кээде каармандар көздөрүнө жаш кылгыртып, балалыгын, же башка өткөн тагдырларын айтып беришет. Адам эгер берилип эмоция менен сүйлөп берсе, ал көрүүчүгө да абдан чоң таасир калтырат.
- Съемка артында да азаптар бар да. Биз көрүп жаткан көрсөтүүлөр канча дубль менен даяр болот?
- Кээде такыр телеге чыгып сүйлөп көрбөгөн каармандар бир дубль менен ийгиликтүү тартылып кеткен учурлары болот. Көпчүлүк мезгилде кайра-кайра тартууга туура келет. А кээ бир мезгилде телеге чыгып көнүп калган адамдар менен уюштурулган маек деле бир канча дублдан кийин даяр болот. Камеранын сүрү күчтүү. Башында камерадан тартынып, кысылып сүйлөй албай уялып, бир топтон кийин гана көнүп өзүнө келе баштайт. Маектешүү эки саатка чейин созулушу мүмкүн. Эң башкысы ал адам ачылып, камеранын алдында тартынбай сүйлөп берсе эле болду.
- Аялзаты бактылуу болуш үчүн, биринчи кезекте карьерабы же күйөөбү ?
- Менин оюмча бактылуу болуунун көп сырлары бар. Анын эң негизгиси турмушу. Алган жары. Себеби, аялы жакшы, күйөөсү начар чыкса, албетте, жашоо ойдогудай болбой калат. Андыктан, жакшы жашоону куруш үчүн экөө тең бирин-бири түшүнүп, колдоо көргөзүш керек болот. Эгер күйөөң түшүнбөсө жакшы аялды деле артка тартат. Аялы жаман болсо, күйөөсү деле жыргабайт. Ал эми карьераны туура түзүш ар бир билимдүү, түшүнүктүү адамдын колунан келет болуш керек деп ойлойм.
Маектешкен
Назгүл ЭСЕНГУЛОВА




"Салбурун"


же, ынтымакка карай кадам


Бир убакта "Эй, жаш сулуу" деп ырдап жүрчү Мухтарбек Атаналиев учурда кино-продюсер. Улуттар аралык ынтымакты, биримдикти жандандыруу максатында "Салбурун" деген аталыштагы көркөм тасма тартууга киришип, мамлекеттен мамлекетке чуркап жүргөн кези. Анткени, аталган кино Кыргызстанда эле эмес, коңшу жайгашкан бир катар өлкөлөрдө тартыат. Мухтар мырза тасманын максат маңызы туурасында ой бөлүштү.


Бөлүнүүдөн жаралган идея
- Эки жыл илгери дааватка чыктык. Кудайга жакындагандыктан жүрөк тазарып, улуттар арасындагы мамиле, бөлүнүү мени тынчсыздандырчу болду. Алтургай кыргыздардагы аймак-аймак, уруу-уруу болуп бөлүнмөй жүрөктү өйүп, ошондон улам адамдардын ынтымагын жандандыруу тууралуу ой пайда болду. "Кантип ушундай балээден кутулсак болот?"-деген суроонун үстүндө иштеп баштадык. Ал үчүн ар кайсы өлкөнүн адамдары менен жолугуп, долбоорду сунуштап, башкы максаты эмнеге багытталарын түшүндүрдүм. Баары кош колдоп, иштешүүгө макулдугун беришти. Сценарийин кыргыз, орус, өзбек жазуучулары жазып, Россиянын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Казандын имамдары, маданият министрлигинин өкүлдөрү жана кино жаатындагы адистер менен талкууладык. Айрым жерлерине өзгөртүүлөр киргизилди.
"Салбурундун"
мазмуну
- Тасманын өзөгүн СССР кезинде бирге чоңойгон алты баланын биримдиги түзөт. Совет бийлиги ураган соң алтоосу тең тарыхый мекендери болгон өлкөлөрүнө тарап кетишип, арадан он беш жыл өткөн соң, Кыргызстанга чогулушат. Алар бул жакка келип бир кездердеги Кыргызстандын аябай өзгөргөнүнө, адамдар, улуттар ортосундагы мамиле сууп баратканына күбө болушуп абдан кейишет. "Илгери ар кайсы улуттун балдары болсок да, ынтымакта жашабадык беле? Эмнеден улам ушундай кырдаалга жеттик"-деп анын себептерин изилдешет. Мындан тышкары Орусияга кеткен бала бул жолугууга келбей калып, аны табуу үчүн аттанган достор мамлекеттен мамлекетке кирүүдө чек ара кыйынчылыктарына кабылган учурлар көрсөтүлөт. Ал эми тасманын "Салбурун" деп аталып калышы да бекеринен эмес. Кыргызстанда чоңойгон балдардын бири "Салбурун" оюндарын сагынып кайра өлкөгө кайтат. Кинодо чет мамлекетке кетип калган жарандарды өлкөгө кайтаруу аракети камтылган.
Алты өлкөнү айланып...
- 4-апрелден тарта кинонун алгачкы кадрларын тартып баштадык. Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Ооганстан, Орусия жана Татарстанда тартыла тургандыктан, көп убакыт талап кылынууда. Мындай аракетибизге түшүнбөгөн айрым адамдар "Ар кайсы өлкөгө барып убакытты коротпой Кыргызстанда эле тарта бербейсиңерби, техниканын мүмкүнчүлүгү жетет го"-деген сунуштарын айтып жатат. Жок, биздин түпкү максат кино жаратуу эмес, улуттар арасындагы ынтымакты жандантуу. Дал ушул максатта башка өлкөлөргө барып, ал жактын элдери менен кызматташуу, мамиле түзүү, достошуу багытында иштеп жатабыз. Андыктан тасмада эле эмес, жумуш маалында да тартуучу топтун балдары ынтымакта иш алпарып, биримдикте болушубуз абзел. Буюрса 15-майга тартып бүтүп 20-июлга көрсөтөлү деген үмүттөбүз.
Акча жана актерлор
- Негизги сумманы "Замандаш" ассоциациясы көтөрүүдө. Калган бөлүгүн ар кандай демөөрчүлөрүбүз чыгарып жатат. Башка мамлекетке барганыбызда ал жактагылар да каржылоо жагынан четте туруп калышкан жок. Болушунча колдоо көрсөтүп, ишке аралашууда. Актерлорду кастинг аркылуу 70%га жакынын тандадык. Калганын кино тартыла турган өлкөлөргө барганда тактайбыз. Азыркы тапта Татарстан 4, Тажикстан 1 актерду даярдоодо. Өзбекстандын кино чөйрөсүнүн жогорку тарабына өтүүгө мүмкүнчүлүк болбогондуктан, ошол жакта ырчы болуп иштеген жигит менен сүйлөшүп, тартылууга макулдугун берди. Башкы багытыбыз ынтымакты чыңдоого, адамдын өзүн-өзү жана жаратканын таанууга арналгандыктан актерлорубуз деле эмгек акысына кызыгышкан жок. Ошентсе да тасма толук тартылып бүткөн соң, ыраазы кылабыз.
Темирбек Матаев