Май мааниси майрамда


Ушул айды элибиз жакшы көрөт. Өзгөчө чиновниктер. Майрамдашат, эртеси ооруган баш менен жумушка барышат, кайра эртеси майрам. Башканы айтпаганда да Жогорку Кеңеш баарын майрамдап туруп эле бир чогулалы дешип, он күндүк тыныгууга кетишти. Бирок бул жолу алар "майрамдоо" деген маселени "округ" деп которуп коюшту. Кечээ 1-Май майрамын элибиз эмгекчилдик менен майрамдашты. Кудум зоот-фабрика күркүрөп иштеп тургандай. Астыда жыйырма жылда сегиз жолу тон алмаштырган Баш мыйзамдын кабыл алынган майрамы. Андан кийин Улуу Ата-Мекендик согуштун Жеңишин майрамдайбыз. Майрамдардын катарын ушул айда дагы бирге көбөйттүк. Ажобуз өз жарлыгы менен Энелер майрамын тизмеге кошту. Ошентип Ак үй тарап майрам мааниси менен алек. Элетте сел, малдын жутчулугу, тишинин кирин соргон согуштун катышуучу ардагерлери, пенсиясын эч нерсеге жеткире албаган апалар, 25-майды күткөн өспүрүмдөр, алардын кечесине баш ооруткан ата-энелер… Деги эле табиятында бул майрам дегениң ким үчүн жаралганын элей албаган жалпы КЫРГЫЗСТАН. Балким тирүүлүктүн ар бир күнү, өлкөдөгү тынчтык, үй-бүлөдөгү ырашкерлик, дөөлөттүү өмүр сүрүүнүн өзү майрам болуп жүрбөсүн…


"Кереге-ПРЕСС"





about | A Free CSS Template by RamblingSoul

2-май, 2012-жыл






??.??