Алтынай Өмүрбекова, Ленин районунун акими:

"Шаар эмес, базарга айланып баратабыз"


Бишкек азыр шаарга эмес, чоң базарга айланып бара жатат. Кай тарабыңды караба, көчө соодагерлерден бут чалынат. Ошол көчө соодагерлерин тартипке салганга киришкен Бишкек шаардык Ленин райондук администрация башчысы-аким Алтынай Өмүрбекованын кызматтан кетүүсүн талап кылган жыйырмага чукул пикетчилер пайда болду. Маселенин маңызына үңүлдүк.

- Алтынай Сейитбековна, Ош базарынын айрым соодагерлери нааразычылыгын билдирип жатышат. Буга эмне негиз болууда?
- 2012-жылдан тарта шаарды өнүктүрүү планы каралып, каражат бөлүнүп Ош базарынын тегерегиндеги жолдордун оңдолуусу керек эле. Буюрса, бул иштер башталды. Мисалы, Бейшеналиева көчөсүн бойлой, Чүйдөн тартып Москва көчөлөрүнө чейин оңдоо колго алынды. Андан тышкары Киев көчөсү аркылуу Жаш Гвардия гүлбагынан баштап, Фучик көчөсүнө чейин дагы бир жол ачылат. Бул келечекте шаар тургундары үчүн кыйынчылыкты азайтат деп ойлойм. Мына ушул өңүттөн алып караганда курула турган жолдордун боюнда, адам өтүүчү тротуарларда мыйзамсыз түрдө айрым атуулдарыбыз соода-сатык иштерин жүргүзүүдө. Биз буга чейин далай ирээт эскертип, алдын ала сунуштарыбызды да бергенбиз. Алардын ичинде ошол жол боюнда соода кылгандарга орундук таап берип, үч айга чейин салык албоо боюнча тиешелүү мекемелер менен да сүйлөшүүлөрдү бирдикте жүргүзгөнбүз. Тилекке каршы, сүйлөшүүгө келгенде соода кылуучулар баарына макул болушат да, эшикке чыгып тескери кетишет. Чынын айтканда базардагы аз адамдын эмес, жалпы шаардыктардын кызыкчылыгын көздөөчү учур келди деп ойлойм. Элүүгө жетпеген адамдар бүтүндөй шаар турмушуна тоскоолдук жаратып жатышат. Базардын тегерегиндеги сатуучулар жолго чейин чыгып кетишти.
- Пикетчилер боюнча конкреттүү сөз кылсаңыз?
- Алар тууралуу сөз кыла турган болсок, Чүй-Бейшеналиева көчөсүндө соода кылгандар бир канча жылдан бери мыйзамсыз соода жүргүзүп келишет. Канчалаган салыктар мамлекет казынасынан буйгап кетип жатат? Чынын айтканда Ош базары бир ууч топтун кызыкчылыгына гана кызмат көргөзүүдө.
- Бул жерде сиздин кызматтык орунуңузга же саясий кырдаалга байланыштуу кандайдыр бир оюндар аралашып жаткан жокпу?
- Өлкөнү дестабилдештирүүгө болгон айрым саясатчылардын кадамдары коомчулуктун назарында. Анын үстүнө айрым адамдар түз эле плакат көтөрүп Ак үй алдына барганды өнөкөткө айландырып алышты. Бул жагдайды да жокко чыгарууга болбойт.

Ысак КАРАЧЕВ





Таластагы провокация, же мамлекеттин бөлүнүп, кыйроосун көксөгөндөр


Кыргызстан демократиялык өлкө - деп оңду да, солду да карап какшаганыбыз какшаган. "Бүгүнкү күнү биздин өлкөдө демократиянын улуу дөөлөттөрү өкүм сүрүүдөбү?"-деп кызыга суроо салган адам жоктой. Ар кимиси өз арабасын сүйрөө менен алек. Өнүккөн демократиялык өлкөлөр, сөз эркиндигинин баалуу экендигин башынан эле түшүнүп, сындаганга сабырдуу карап, жарандардын талабын сыйлап, конструктивтүү чечим кабыл алуу менен көксөгөндөрүн канааттандырат.

А биз байкушчу, жыйырма жылдан бери демократиялык мамлекет курабыз демиш болуп, демократиялык программалар үчүн өнүккөн өлкөлөрдөн канчалаган ири суммадагы каражаттарды алып келдик. Тилекке каршы, аткаминерлер көз боёмочулук жолуна салышып, бул каражаттарды өзүлөрү гана жутуп жиберишти. Акчаларды өз чөнтөктөрүнө солой калып, демократиялык мамлекеттин Конституциясын, программаларын жана мыйзамдарын кабыл алышканын беттерине кармаганы менен, баары бир тоталитардык режим менен башкарууну эңсеген бийликтеги саясатчы сөрөйлөр, уурулуктун жолунан тайгаланбай, түптүз басып бара жатышпайбы. ЖК депутаты Ө. Текебаев авторитардык режимге каршы, партиялык башкаруу жолуна түшүүгө ылайыкташтырылган, өзүнүн жаңы жана кылмыштуу конституциясын кабыл алдыртканына баарыбыз күбө болдук.
Партиялар эл үстүнө үстөмдүк кылып, карапайым калктын оозун ачырбай, өз жеринен душманын кууп чыккансыган кылыгына 12-апрелде өткөн Талас окуясы далил. Бул шумдугуң кургур партия, кылмыштуулукту жаап-жашырганга да өтө ынгайлуу экенин апрель революциясындагы банктын тонолгону, 320 миллион долларды саясаттагы каймактар уурдаганы ырастап койду. Кийин Максим Бакиевдин лобараториясындагы 2800 килограмм алтынды "Ата-Мекен" партиясынын лөктөрү Ө.Текебаев, Р.Төлөгөнов, Б.Шерниязовдор жүктөп кеткенин көргөндөр, керек болсо жүктөп бергендер оозу-мурду кыйшайбай эле айтып чыгышты. А бул маалымат тууралуу прокуратура тергөө ишин козгогон да жок.
Эгерде өлкөбүздө дагы бир революция боло турган болсо, эл дүкөндөрдү эмес, Кыргызстандагы Улуттук банкты баш кылып, бардык банктарды тоноп кетишсе эмне кылабыз? Анткени бүгүнкү эл башылар жаман жорукту өзүлөрү баштап, үйрөтүп жатышат.
12-апрелде "Кыргызстан жаңы күчтөрү" Талас элин чогултуп, көкүрөккө толгон көйгөйдү эл менен бөлүшүп, бийликтин уурулугун, жер гана эмес сууларды да сата баштаганын айтып, жеткирип, чогуу чечим, жыйынтык чыгаралы деген ак ой менен Таласка митинг уюштуруп барганыбызда, бийлик тараптан уюштурулган кескин провокациясына дуушар болдук. Бабановдун иниси баш болуп, губернатор Койсун Курманалиеванын бир туугандары төш болуп, "Республика", "Ата-Мекен" партиялары жана жергиликтүү бийликтин арам акчасына жашаган обончулар жыйынга чогулган элди "Түштүктөн Мадумаров, Ташиев келетат"-деген жалган кептери менен алдашып, келгендерди стадиондон кууп чыгууга үгүттөшкөн. Карапайым калк болсо баягы эле ишенчээктигинин айынан дагы бир ирет бийликке курал болуп бергенин капарына албады. Таластык провокаторлор ар кайсы региондон келген конокторду кубалап, трибунадагы микрофонду, колонкаларды тепкилеп, сындырып, ырдап жаткан Сагынбек Момбековду жакалап, жемелешип, "Өлтүрөбүз"-деп коркутканга чейин барышты. Уюштуруучу болгон Таалай Изатовду, милициянын башчысы өзү келип кармап, алып барып камап, ишин дароо прокуратурага, андан соң сотко өткөзүшүп, эскертүү берүү менен бошотушту.
Бир учурда Бакиевдин буйругу менен ошол кезде УКМКнын башчысы болуп турган Мурат Суталинов, ачкачылык жарыялап парламенттин астында жаткан "Бириккен фронттун" боз үйлөрүн талкалатып, өзү келип боз үйдүн түндүгүн буту менен тээп сындырган эле. Бул кылыгы акыры жакшылыкка алып келбеди. Таластыктар болсо "Кыргызстан жаңы күчтөрүнүн" баш кийимдери менен желектерин өрттөп жиберишти. Кыргызда түндүк менен баш кийимден улук эмне бар?! А таластыктар болсо, баш кийимдерди өрттөп жатканда кылчайып артты бир карап, ойлонуп да коюшкан жок. Мындай Кудайга жакпаган иштер, акыры жакшылыкка алып бармакпы?! А чындап келгенде, Мадумаров менен Ташиевдин бул чогулушка эч бир тиешеси жок болчу. Бул жөн гана бийликтин, "Эл чогулбай, митинг өтпөй калсын, биздин былыгыбыз билинбей тура турсун"-деген иш-аракеттери болду. Бир четинен өзүлөрүн-өзүлөрү алдагандыгы десек да туура болот.
Мындай жаман жоруктар түндүк-түштүккө бөлүнүүнү эле эмес, алакандай кыргызды эми регион-регионго бөлүнтүп, бири-бирин кыйратууга алып барары бышык.
Бакиевдин убагында Түп жөө жүрүшүнө барганыбызда, ушундай ОБОНЧУлар менен дүжүр саткындар, Текебаевди баш кылып жумуртка менен чапкылап, Шерниязовдун калпагын ыргыта чаап, УКМКнын азаматтары тепкилеп жатканда, мен "Мегиле, ушуну эле каалап атсаңар мени өлтүргүлө, анда кан төгүлсүн"-деп бакырганымда, алар мени карап токтоп калышкан эле. Ал эми Бабановду желим бөтөлкө менен элдер ур-токмокко алганда эптеп качып кутулбады беле. Ушундай жапайы жат көрүнүштөр өз баштарынан өтсө да, бийликке келери менен эстеринен чыгарып салгандары кесирликке барабар эмеспи.
Таластыктардын бийлик менен чогуу болуп, элди коргобогону, "Сатылганы"-деп эсептейбиз! Убагында Түптүн элин жек көрүү менен караган Талас эли, эми өзүлөрү ОБОНчу деген атка кантип конуп, ар-намыстарын өз өтүктөрү менен өзүлөрү тебелеп салганын байкабай калыштыбы? Көлдө Түп району гана айтылып калса, Таласта болсо бүтүндөй облус жаманатты болду. Таластыктар мыкты, сатылбайт, чыныгы патриоттор - деп ойлоп, түз караган башка региондордун элдеринин көз караштары да бузулду. Анан да алары аз болуп калгансып, "Уурусу күчтүү болсо ээсин доого жыгат" дегендей, Бишкеке жетип келишип, бийликтин берген эки тыйынына алданган Таластын дүжүрлөрү "Бул бийлик үчүн керек болсо жаныбызды беребиз"-деп тиштене сүйлөп, зөөкүрлүгүн көрсөтүшүп, "24 kg" маалымат агенттигинен пресс-конференция уюштуруп жибергенин айтсаң. Бийликтеги аферисттерге силердейдин сексени жанын берсе да баары бир. Анткени, аларга бир гана мансап менен акча кызыктуу. Мындай саткын иштериңер менен таластыктар башка региондор менен эмес, өз ара бири-бириңер менен душман чыгып, чырды ырбатарыңар бышык иш.
Өлкөгө жаңы бийлик орногондо эле өткөндөр унутулуп калууга тийиш эмес. Бейкүнөө элдин канын төккөн Аксы окуясында, Акаевдин билегине чейин канга боёлгонун, Апрель элдик көтөрүлүшүндө Бакиевдин канга белчесинен баткандыгын, Июнь окуясындагы Ош трагедиясында Отунбаева-Атамбаев элдин канына кирингенин унутуп калдыкпы?! "Иштегенге убакыт бергиле, анан жыйынтык чыгаргыла"-дешет экен, бирдеме десең эле. Чын чынына келгенде, булар убакытты иштөө үчүн эмес, жерлерди, сууларды, кен байлыктарды сатып, байып анан башка өлкөлөргө сапар тартуу үчүн сурап жатканы эмеспи. Акаев 15 жылда, Бакиев 5 жылда жеп-топтогонду, булар 7- апрелдин эртеси эле жеп-топтогону баарыбызга белгилүү эмеспи. Бул бийликтин акчасы ашып-ташып, элди такай сатып алабыз деген ойлору, бир күнү ойрон болорун билбейби?
Бийлик эч качан элдин үстүнөн үстөмдүк кылбашы керек, тескерисинче эл бийликтин үстүнөн үстөмдүк кылууга тийиш!
Качкын БУЛАТОВ, укук коргоочу,
Бишкек-Талас-Бишкек