Өмүрбек Абдрахманов ЖК депутаты:

"Ата-Мекен" фракциясынын "крышасы" кетип калды"


"Ата-Мекен" фракциясы өтө эле драмалашып, коомчулук арасында апендинин жоруктарындай эле анегдотко айланып, "абысын айтыш" менен бүйүр кызытып жатат. Фракция лидери Өмүрбек Чиркешовичтин азыр Бакиевдерден да биринчи душманына бир учурдагы эки санаалашы айланды. Жөн калбай берки тараптагы эки эл өкүлү да фракция лидеринин эле эмес, жан жөкөрлөрүнүн да абийирин айрандай төгүп жатышат. "Мээлешкен эмес, колтугуңан чыккан жоо жаман экен"-деп Текебаевдин түшүнө жалаң бул "американецтер" кирип жаткан убагы. Кеп "ээси жок, эркин" депутат атыккан Өмүрбек мырзада.


- Өмүрбек мырза, эски санаалаштарыңар жакында эле партиядан чыгарышканы аз келгенсип, көп өтпөй фракциядан да кубалап чыгышты. Эми "иш бөлмөлөрүн алабыз"-деп билек түрүшүүдө. Дооматтары негиздүүбү?
- Эч бир логикага алардын мындай дооматы сыйбасын акыл-эси бар адам аңдап, билип турат. Азыр Текебаевдин эле эмес, жалпы "Ата-Мекен" фракциясынын "крышасы" жылып кетти. Алар түшүнбөсө, мен түшүндүрүп коеюн. Бул иш бөлмөлөрдү бизге "Ата-Мекен" фракциясы эмес, Кыргыз мамлекети, эли, шайлоочулары берген. Фракциянын жеке менчиги эмес. Андан тышкары кызматтык унааларын да алабыз деп жатышат. Мен "Ата-Мекендин" айрым томаяк депутаттарындай мамлекеттин машинесин эмес, өздүк жеке унаамды айдап жүрөм. Ал тургай сырткы командировкаларда алардай болуп мамлекеттин каржысын эңшерип, сейилдебестен өз чөнтөгүмдөн төлөп, сыртка барып келип жатам. Мына жакында эле барып келген Грузияга да казынадан бир тыйын сарпталган жок.
- Жогорку Кеңештин эсебинен бензин алып жатасызбы?
- Эл катары беришет. Бардык депутаттардай эле ар күнгө он литр бензин алам.
- Эгерде кандайдыр бир жол менен иш бөлмөңүздөрдү да алып койсо кайда барып отурасыздар. Машинеде иштейсиңерби, же пикетчилердин жанына барып отурасыздарбы?
- Биз бандиттик өлкөдө жашап жаткан жокпуз. Азырынча депутаттык мандатыбыз колубузда тургандан кийин бизди эч ким кууй албайт.Ошентсе да акыркы учурда "Ата-Мекен" фракциясынын көз карашы бандиттик, зордукчулдук болуп баратат. Мына мурда эч нерсеси жок жүргөн Текебаев 7-апрелден кийин мамлекеттик ишканаларды тартып ала баштады.
- Факты менен айтсаңыз, кайсы ишканаларды тартып алды?
- Фактылай келсек мурда Максим Бакиев ээлик кылган "БНК" бренди менен таанымал Бишкек Нефти Компаниясын алып, ал жерге өз киши делген Сайдулла Нышановду алып барып койду. Ошол учурда Текебаев жалгыз демилге көтөрүп, бул ишкананы кайра эле өздөрүнө саталы сунушу менен чыккан. Мындайча айтканда "БНКны" кайра эле "БНКга" сатмак. Анткени, ал жерге жалаң өз кишилери барып отурду да. Мунун артында финансылык кызыкчылыктар бар экенин билип, биз "Улутташтырылган обьект аукцион аркылуу гана сатылсын"-деп, жүз төрт депутат каршы добуш бергенбиз. Ал эле эмес апрелдеги революциядан кийин Жалал-Абаддагы "Кыргыз Нефти Газ" ишканасын да басып алган. Ошол үчүн жанталашып мурдагы жетекчиси, азыркы депутат Искак Пирматовду дембе-дем сотко берип жүрүшөт.
- Текебаев өзү басып алганбы же жакындарыбы?
- Өзү басып алчу беле, бул жакта "Басып алгыла"-деп команда берип отурат да. Ал жерди да анын кишилери басып алып чуусу али күнчө созулуп жатат.
- Мурдагы партиялашыңыз Райкан Төлөгөнов да Максим Бакиевдин алтындарын, баалуу буюмдарын талап алган, деген маалымат чыгып жүрөт, бул боюнча кабарыңыз барбы?
- Бул жөнүндө эч кандай маалыматым жок, билбейт да экемин. Анткени апрель окуясы болгондо мен америкада болчумун. Силер сыяктуу эле бул сөздү гезит беттеринен окуп жүрөм.
- Тактап, кызыгып, мындай маалымат кимден кетип жатканын сураштырып көрдүңүзбү?
- Жок, сураштырган да жокмун, кызыкпадым дагы. Анткени акыркы учурда "Ата-Мекен" фракциясы мени эч кандай кызыктырбай калды. Анткени булар бир учурда суу кечпеген калпты айтып, кыргыздын эң эле ыйыгы саналган Манасты, Курманжан датканы, Чыңгыз Айтматовду жалган жалаа кылып, мага чапташып, адаттан тыш сөздөрдү сүйлөдү кылышпадыбы. Ошондон кийин булар менен мамиле куруп жакындабаш керек экенин биротоло түшүндүм. Азыр "Ата-Мекенден" алыстаганыма сүйүнүп отурам.
- Мурда Текебаевди "сүйүп жүрүп" ,бүгүн эле көзүңүз ачыла калганына жол болсун…
- Мындай адатын албетте мурун аз да болсо байкачумун, бирок чыны мынчалык экенин билбегем.
- Анда эмнеге Апрель окуясынан кийин ушул кишинин партиясынан парламенттик шайлоого аттандыңыз?
- Мен учурунда Текебаевди Бакиев менен күрөшкөн туруктуу саясатчы катары санап келгем. Анткени, мен дагы өлкөдөгү ири ишкердин бири болсом да бизнесимен коркпой туруп, Бакиевдик клан менен күрөшкө чыккам. Мындай кадамды мамлекеттеги бир да ишкер жасай алган эмес. Натыйжада Бакиевдик бийликтин ал учурдагы укуругу биздин бизнестин быт-чытын чыгарып, өзүм эле эмес, жубайым да түрмөгө түшүп чыкты. Акыры аргасыз Америкага эки жылга баш калкалап кетүүгө мажбур болдук. Муну коомчулук жакшы билет.
- Сиз учурунда "Ата-Мекенге" каржылык камкордук көрүп жүргөн адамсыз. Өмүрбек Чиркешович ал учурду ойлоп, сиздин астыңызда ыңгайсыз болбойбу?
- Ал андай ыңгайсыздыкты эч качан сезбейт, сезүү инстинги да жок. Мен "Ата-Мекенге" келгенде алардын каражаты эле эмес, түштөнгөнгө акчалары жок болчу. Ал гана эмес мен Текебаевдин өзү мингенине "Е" классындагы мерседес машинасын алып бергем. Айтылбай турган сөз эле, эми минтип өздөрү айласыз айттырып жатышат. Керек болсо "Депутаттар машине миниши керек"-деген мыйзамды дал ушул Текебаев киргизген.
- Азыр "Машинеден баш тарталы"-деп жатат го?
- Кайдан баш тартат? Өзү жол тандабас автоунаада жүрөт, үй бүлөсүн тейлегенге Жогорку Кеңештен "тойота камри" үлгүсүндөгү машинени бөлдүрүп алган. Анан кантип "Машинеден баш тарталы"-деп айтып жатат. Бул куру сөз. Анан калса дагы бир "Ата-Мекенчи" Бактыбек Калмаматов Жогорку Кеңештин ыйык трибунасынан "Эмне, жамбашыңар өкмөттүн темирине жабышып калдыбы?"-деп кыйкырды. Иш жүзүнө келгенде ЖКнын машинесин эң көп минген дал ошол депутат. Булар минткенден эч уялышпайт.
- Кандайдыр бир жол менен депутаттыктан айрып коюшсачы?
- Өлтүрүп эле коюп, бизди депутаттыктан айрышпаса башка жолдору жок. Бирок булар ушунчалык кир экендиктери көрүнүп калды. Ал эле эмес "Ата-Мекендин" орун басары болуп жүргөн Эркин Алымбеков тартынбастан туруп, Башкы прокурор Аида Салянованы "Мен айткан кишини кызматка койбосоң, жумушуңан кетирем"-деп коркутуп жатпайбы. Бул деген жеткен зордукчулдук. Алымбековдун кадыры Көлдө такыр жок экенин кечээки жергиликтүү шайлоолор көргөздү. Жергиликтүү кеңешке бир да депутат өткөрө алган жок. Ал эмес азыр "Ата-Мекен" партиясынан ырымга бир аким шайланбады. Бул деген "Ата-Мекен" партиясы саясий кризиске кептелгенин билдирет. Мындай кейип менен кете беришсе келечекте партия болуудан калат.
- "Эгерде алар өз эрктери менен кетишпесе моюндарынан жетелеп чыгарып коебуз"-деп айрым "Ата-Мекенчи" жаш балдар жүрөт дейт?..
- Эми алар кумири Текебаевдин кыздардын моюнуна кур салган порно-кинолорун көп көрүп алышса керек. Мени эч ким моюнуман ала албайт. Ага бойлору да, күчтөрү да жетпейт. Текебаев ал жоругун көнгөндөрүнө жасай берсин…
Айдар Сарматов