Ак үй эмнеден чочулайт?
Айрым маалымат булактарында жана Кыргызстандын атайын кызмат адамдарынын арасында "Өзбекстан менен Тажикстан ортосунда кагылыш чыкты"-деген маалымат желдей тарады. Бирок, азырынча расмий маалыматтар жокко эсе. Эгер бул маалымат так болсо анда Кыргызстан үчүн өзүнчө бир баш оору жаралары турулуу иш. Учурдагы бийлик ушундан сестендиби же азыркы оппозициянын "Ормон опузаларынан" жүрөктөрү болкулдап жатабы, айтор, кечээтен бери Ак үй ичинде чопкут кийип, колуна автоматын кармаган мамлекеттик күзөт кызматынын аскерлери пайда болду. Кудум эле 2005-жылдын 24-мартынын алдындагыдай же Апрель окуясын утурлаган көрүнүш.


Акмат Бакиевдик
жүрүш эмеспи?
7- апрелде Кеңешбек Дүйшөбаев "Тынч ордуңду мага бер"-деп, чек арадан өзү өткөрүп коюп, кийин "ийне жоголду" менен коомчулукту ойнотуп жатып "Суталинов Казакстандын Караганда шаарында жашап жатат"-деген маалыматты Жогорку Кеңешке берген. Мурат Абдыбекович кайыптан бүткөн жанбы же, көз боемочулук жайы барбы, айтор, апрель соту болуп жатканда капысынан сот залында пайда болуп, эки күн үй камагында, андан соң УКМКнын СИЗОсуна камалган. Азыр ден соолугуна байланыштуу республикалык Онкология институтунда дарыланууга чыгарылды. Оорусу бөйрөгүндөгү шишик. Албетте, жанында кайтаруучулары бар. Бизде "Оорудум" деп ооруканага жатып, куйругун түйүп качып кетмей адат эле...


Эчки кайсы учурда койго арачы болчу эле?
Кечээ Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында Кыргыз Эл акыны, депутат Эгемберди Эрматов маселе көтөрүп, "Азыр кыргыз журналистикасы ушактын деңгээлинен көтөрүлө албай калды, орус гезиттери баарын тактап жазат. Ошого байланыштуу биз кыргыз журналисттерин окутушубуз керек"-деген "омоктуу" оюн ортого салды. Туура, биз буга кошулабыз. Бирок саясатчылар бири-бирин ушактабаса, чукубаса бизде кайдагы маалымат болот эле. Чукушуп коюп, аны жазган жазмакерлерден айып издегенден көрө "Эмне үчүн кыргыз акындарынын китебин эч ким окубайт, окумалдар түз эле орустукуна, же батыштыкына качырат?"-деген суроого баш оорутса болмок. Же кыргыз акындары жазган китептин нускасы беш жүздөн беш миңге көтөрүлүп кеттиби, Эгемберди мырза?..


"Манас" кайрадан талашта
Таалайыбызга жаралган жалгыз "Манас" эпосубуз талашка түштү. Окумуштуулар, айрым адабиятчылар жаңы жазылып, элдин талкуусуна коюлган Бүбү-Мариям Муса кызынын "Айкөл Манасын" "Жарабайт, салттуу Манас жети-сегиз муундан айтылса, булар аны бузуп, он бир-он эки муун менен жазышыптыр. Улуу баянда да Жайсаң Үмөт уулу деген манасчы болгон эмес, Сагынбай Орозбак уулунун вариантында гана ал калмак ырчысы катары сыпатталат"-дешет. Ал эми экинчи тараптын жактоочулары болсо "Мындан өткөн шедевр жок, биз Манастын туулган жылын билип, транс аркылуу байланышып жатабыз"-дешет. Айтор, бир пикирге келген жан жок. Буга чекитти 20-апрелде Тарых музейинде коюшат. Каалоочуларга эшик ачык…


Кулов "Интел Линкстин"
кызыкчылыгын ачык коргоого өттү
Жакында Мамлекеттик каттоо кызматы биометриялык жаңы жарандык паспорт боюнча тендер өткөрүү максатын билдирген. Эгер бул максат ишке ашса өкмөт коррупцияланышкан "Интел Линкс" компаниясынан кутулууга шарт түзүлмөк. Бирок бул аракет кимдир бирөөлөргө жакпайт шекилди. "Акипресс" агенттиги белгилегендей Феликс Кулов мындай тендер быйыл өтпөшү керек деп нааразычылыгын билдирди. Белгилей кетсек ал ушул кезге чейин "Интел Линкс" компаниясы менен байланышым жок, анын ээси Дмитрий Цойду жакшы тааныбайм"-деп келген. Ал экөөнүн өткөндө аркар-кулжага мыйзамсыз аңчылык кылганы ачыкталган соң, жашырганда эмне деп, эми Кулов Цойдун жеке бизнесин ачык эле коргоого киришкендей.
Өзү башкы "ар намысчыдан" намыс, аброй кеткенине көп болду (аны акчага алмаштырып ийген эмеспи?). Фракциясы экиге бөлүнүп, жыйырма депутатты башкара албай калган Кулов эми өз партиясына бүлүк салганы калды окшойт. Болбосо Эмил Алиев ушул партиянын өкүлү. Ал кызматка Куловдун амири менен келген. Эми жеке компаниянын кызыкчылыгын мамлекеттик кызыкчылыгынан өйдө коюп, жаңы тендерге нааразы болуп жатканы түшүнүксүз. Себеби, Кулов паспорт жаатындагы Цой калыптандырган коррупциялык схемаларды сактап калууга катуу далбастап жатат өңдөнөт. Анткени, Кыргызстандагы паспорт маселеси көптөн бери олчойгон көмүскө бизнеске айланганы тууралуу көп жазылды. Ошол бизнестин миллиондогон доллар кирешелери компания ээси Дмитрий Цой менен Феликс Кулов ж.б. табакташтарынын капчыгына куюлуп турганы белгилүү. Кыргыз паспортун монополдоштурган, аны өз менчигиндей соодалаган "паспорт мафиясы" эчен ирет жасалма жол менен паспорт кризисин башташып, кыргыз өкмөтүн далай жолу өз өкүмүн аткартууга аргасыз кылышкан. Кыргызстандыктарды башкы жарандык документин ала албай жалдыраткандар ушулар. Аны түшүнгөн Э. Алиев эл кызыкчылыгын ойлоп, Куловдун куу амалдарына кооптонуп калган го? Эми "Интел Линкс" жаңы тендердин негизинде ишин токтотсо, аны ушул кезге чейин "крышалаган" Куловдун да сол чөнтөккө түшчү пайдасы токтоп калары талашсыз. Ошондуктан да, ал бул иште өз партиясын жерип, өз балапанынын көзүн чукуп салууга даяр болуп турган кербези.




Жүзүңдү аччы, оппо...

Митингдерди Ширшов каржылап жатабы?


"Кыргызстандын жаңы күчтөрү" ("КЖК") аттуу кыймылдын 12-апрелде Талас шаарынын стадионунда өткөрүүнү пландаган митингине биздин эч кандай тиешебиз жок"-деп карганганга чейин барган "Ата журтчу" Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, коммунист Исхак Масалиев жана "бүтүн кыргызстанчы" Адахан Мадумаров кезектеги "беш өрдөгүн" "учурганы" заматта билинип отурат. Мындай чуулгандуу жаңылыкты "Кыргызстандын келечеги" коомдук бирикмесинин өкүлү Сейиткан Маматаев таратты.
К.Ташиев, А.Мадумаров, А.Келдибеков, И.Масалиев баштаган оппозиционерлердин Таласта баштала элек атып аяктаган митингди уюштурууга түздөн-түз катыштыгы бар. Ошондой эле ал саясий акциянын уюштуруучулары стадиондо концерт болорун, жыйында президент Алмазбек Атамбаев менен чогуу облустун көйгөйлөрү талкууланарын айтып алдаганын кошумчалайт. "Алар (оппозиция лидерлерин айтканы) 12-апрелдин таңында жергиликтүү тургундарга 300 сомдон, таксисттерге 1000 сомдон таркатышты. Бирок, стадионго келген эл өкмөткө каршы иш-чара экенине күбө болушту" дейт Маматаев. Мындай алдамчылыкка жини кайнаган тарап плакаттарды, гезиттерди айрып, сууга ыргытыптыр."Кыргызстандын келечеги үчүн" коомдук бирикмесинин төрагасы Айдар Жусупбеков: "Кара-Буура районунун мурдагы акими Төлөгөн Наралиев Келдибеков жана Ташиев менен жекече жолуккан. Аны Жогорку Кеңештин имаратынан көрүшкөн. Биз саясий иш-чараны каржылоо ошол адамдардан келген деп эсептейбиз"-дейт. Жыйын соңунда Таластан келген өкүлдөр оппозициянын мындай аракетин Кыргызстан эли колдобостугун, азыркы өкмөткө убакыт бериш керектигин айтышты. Митингдин башкы демилгечиси жана уюштуруучусу, "КЖК" кыймылынын артында турган Доскул Бекмурзаев жума күнү Жалал-Абаддагы митингдин атынан келдим деп "Акипресс" агенттигинде пресс-конференция берди. Бирок, ал жалал-абаддык эмес эле таластык экенин жалпы эл билбейт. Д. Бекмурзаев кезинде "энергобарон" А. Ширшовдун оң колу болгону маалым. Мындан улам: "Бийлик оппоненттери жер-жерлердеги иш-чараларды дал ошол Ширшовдун каржылоосу менен өткөрүп атабы?" деген күдүк ойго жетеленбей койбойт экенсин…
Эшим МУСАЕВ