Мас медиа күнөөлүбү, же…

"Керегеде" кегиң барбы?


Ушинтишмек булар. Элибиз бекеринен "Уйга жүгөн салабы, үйрөнгөн адат калабы"-деп айтпайт. Баягы, "Окубасам да оюмду айтып коеюн"-дегенчелик кылып, ичин ачып окубай туруп Таластагы өткөн аптада болгон митингде гезитибизди өрттөп, өрттөлгөндөн калганын, сууга ыргытышты. Кудум негизги душманындай.

Акаев бийлиги жаңыдан күчүнө кирип келе жатканда "Свободные горы", "Криминал" гезиттерин доосу жок доомат менен жаптырып тынган. "Свободные горы" гезити кылым аферасы аталган "Кумтөр" алтын кени жөнүндө маалымат басса, "Криминал" басылмасы ал кездеги премьер- министр Апас Жумагуловдун ишмердиги, анын баласынын кылыгы жөнүндө жарыя кыла коюп, оозу жап болгон. Замира Сыдыкова ал кездеги мурдагы деле, азыркы деле "кара жашик" аталган андагы КТРКнын президенти ыраматылык Аманбек Карыпкулов менен ошондогу "Кыргыз Алтындын" башчысы, азыркы "Кыш болбойт"-деп жатып элеттин энөөлөрүн ишендирип мал-келди жутка калтырган Дастан Сарыгуловдун ишмердүүлүгүн сындап чыкканы үчүн Ак үйдүн көрсөтмөсү менен "Республика" гезити жабылганы аз келгенсип, өзү бир канча жазмакерлери менен темир тор артына жатып чыккан. Акаев бийлиги бутуна туруп, оозунан от бүркүп калган учурда "тентек гезит" аталган "Асаба" аргасыз жабылды. Турдакун Усубалиевич азыр ал тарыхты унутпаса керек. "Асаба" жабылганда Ак үй, көк үй сүйүнгөндөн алакан чабышканы эсибизде. Гезиттен жаңы кутулуп, андагы жетекчилер жаңыдан жандары жай ала баштаганда орус тилдүү "Моя столица" гезити көз жарган. Көз жарганда да түз эле Акаевдин байлыгын санап, тикелей тизмектешкен. Эркин басылманы ооздуктап болбосун түшүнгөн ал учурдун чиновниктери акыры айла таап, гезит базарынан дүңүнөн сатып кетишип, макулатурага өткөрүшчү. Өтпөй калганын өрттөшчү. Бирок, азыркыдай элдин, анан да азыркы деле "кара жашиктин" камерасы алдында эмес, эч ким көрбөгөн жерге алып барышып, анан оттук коюшаар эле. Бийлик манчыркап, же өз көлөкөсүнөн коркуп калганда айласыз кадамдарга барганынын дагы бир далили. Бакиев "батальону" эки тизгин, бир чылбырды колго алып, чамгарактай башташканда эркин басылмаларды четинен муунтууга киришкен. Канчалаган журналисттер курмандык болушту. Асты аркы дүйнөдө, арты Европалап качып кетүүгө аргасыз болуп, эл-жеринен четте жүрүшөт. Эркин үн алгылар обого чыкпай калган. Бул да болсо тарыхтын бир барагы. Арбагың бир оодарылгыр Англиянын андагы премьер-министри Уинстон Черчилль саясатчы "Гезит менен мурда чымын өлтүрчү, азыр киши өлтүрсө болот"-деген таамай кеби азыркы биздин чиновниктерге куп гана жарашып калды. Анткени, элин тааныбай эсирип кеткен эки бийликтин тең кулашына көз карандысыз массалык маалымат каражаттарынын салымы зор. Саясатчыларды "жасаган" да, "өлтүргөн" да азыркы эркин гезиттер. Ал эми өкмөттүк басылмалар илгертен салтка айлангандай өкмөттүн камчысын чаап, атын сугарат. Анткени, ал мамлекеттин идеологиялык куралы. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш жана буга түшүнүү менен караш керек. Америкадан редактор жалдап келсең да ал өкмөттүн багытынан башка нерсе жазганга милдеттүү эмес. Ал эми эркин гезиттердин табияты башкачараак. Бул маселеге эзилип мынча токтобойт элек. Жазганга аргасыз кылышты. Өткөн аптанын он экисинде Талас жергесинде митинг болмок. "Оппозиция аталгандардын орунсуз талаптары көбөйүп кетти"-дешип, көчөдөн жолукканы деле, телефон шыңгыратканы деле мазени ала бергендиктен, анын үстүнө күн куру эмес Ак үй алды митинг менен пикеттин мекени болуп, беш кишисиби, беш жүзүбү айтор, эртең менен эрте туруп, бетин биринчи жуугандардын баары парламент астына келип, "Кетсин, келсин, чыксын" кыйкырыгынан коомчулукту тажатып жиберишти. Бул жашоодо тынчтыкты сүйгөн башка да адамдар бар экенин эске алгылары келбегендей. Анан ушулардын баарын таразалап туруп, Таласка "чуу салган" гезитибизге оппозициянын айрым жат көрүнүштөрүн жазганбыз. Ал тургай азыркы бийликке чаң жугузбагандардын бири экс-аппарат башчысы Эмилбек Каптагаевдин көлөмдүү маеги жарык көрмөк тургай биринчи бетибизге да бажырайта сүрөтү менен бергенбиз. Ичинде Мадумаров, Ташиевдерге "тынчтыкка келеличи" деген өңүттө да макалалар бар эле. Атургай ошол таластыктар "өлүп берүүгө даяр" болгон Бабановдун да ишмердүүлүгүн позитивдүү чагылдырган материал болгон.Анан эле жогоруда айткандай "Окубасам да, оюмду айтып коеюн" деген айрым бийликчил идеологдордун буйругу менен Таласка барган гезитибизди талакейге алышып, тим эле Тейиттеги Бакиевдин үйүн өрттөп жатышкандай гезитти өрттөп бир моокумдан чыгышты. Кыргызда "Баш кесмек бар, тил кесмек жок"-деген сөз бар эмеспи. Булар адегенде эле тил кесмейге өтүштү. Азыркы бийликтегилер Каркыра үчүн Түпкө барганда короздордун баары "импотент" болуп, тооктор туубай жумурткасыз калышты эле, эми таластыктар…

Айдар САРМАТОВ




Учурда жалпыга маалымдоо каражаттарынын


саясий окуяларды чагылдыруудагы орду кандай?


Жусупали Исаев,
ЖК депутаты:
- Чындыгында, азыр Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттары саясатты чагылдырууда Орто Азиянын ЖМКларынан ашып кетти. Бирок, грамматикалык, синтаксистик каталар эске алынбай калгандай сезилет. Дегинкиси журналисттер факт менен иштеп, ошого жараша анализ жүргүзүшү керек. Эгер алар чындыкты айтып, күйүп-жанып иштесе, анын эмгегин эл эртеби, кечпи баалайт. Эгер калпты жазса, ал өз куйругун өзү түйөт. Илгери гезиттерди сандан-санга күтүп окучубуз. Руханий баалулук бар эле. Азыр андай көрүнүш жок. Ал эми теле журналисттер кол тийгиздей сезилчү. Азыр баары башкача болуп кетти.


Токтайым
Үмөталиева,
коомдук ишмер:
- Учурда таза, адилеттүү жалпыга маалымдоо каражаттары бар. Бекер жеринен төртүнчү бийликтин өкүлдөрү деп айтышпаган чыгар. Дүйнө жүзү анын ичинен Кыргызстандын ЖМКлары мамлекетте туруктуулукту камсыз кылууда чоң рол ойнойт. Тилекке каршы, биздин ЖМКлардын профессионалдык деңгээли төмөндөп бара жатат. Көйгөйдүн жыйынтыктарын нукура изилдеп берген жан жок. Арасында калеми курч журналисттер жок эмес, бар. Бирок, аз санда. Алар да жоопкерчиликти сезе билишпегени өкүндүрөт. Накта маселени билген билимдүү адамдарды чакырбай, теледен кайдагы көчөдөн келген популисттерди улам-улам сүйлөтүшөт.


Рита Карасартова,
укук коргоочу:
- Чындыгында элдин үнүн бийликке жеткирүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу чоң. Бирок, тилекке каршы, интервью алып, тартып кетишип эфирден бергенде керектүү жерлерин кесип ташташууда. Муну менен айрым жетекчилер өз кызыкчылыгын элдин жалпы көйгөйүнөн өйдө койгонун айткым келет. Ал эми басма сөзүндө болсо ар бир гезиттин өзүнүн кожоюну бар. Кожоюну оппозицияда болсо оппозициянын, коалицияда болсо анын камчысын урууда. Оперативдүү маалыматтарды берүүгө жетишпей калышат. Бирок, эл деген эл да, саясий багыттагы айрым гезиттерди артынан кубалап окуйт.


Жаныбек
Жанызак,
журналист:
- Маалыматтын заманында басма сөздүн орду чоң. Бирок, кыргыз тилдүү гезиттер маалыматтан артта. Айтайын дегеним, орус тилдүү айрым гезиттер күнүнө чыгышат. Жемиштүү иштешет. Ал эми кыргыз тилдүү гезиттер жуманын бейшемби, же жума күндөрү жарыкка чыгат да, маалыматтан артта калып калууда. Убакыт өткөндөн кийин башыңды ташка урсаң да, кеч болуп калат. Саясатта албетте маалымат ыкчам түрдө тараш керек. Бирок, аракет бар.


Уран Ботобеков,
серепчи:
- Эркин басылмалар болбосо чындыктын элге жетиши кыйын болуп калат. Андыктан көз карандысыз эркин гезиттер элдин үнүн бийликке жеткирүүдө мыкты кызмат кылып жатат. Американын президенти Эндрю Жэстонго "Өкмөттү тандайт белеңиз, же эркин басма сөздүбү?"-десе, "Албетте, бетке айткандыгы үчүн эркин басма сөздү тандамакмын"- дептир. Муну менен эмне айткым келет. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жазып жаткан маалыматтары абдан баалуу.