Кличко "Жолборс" менен кармашат
Бокстун WBA, IBF, WBO версиялары боюнча дүйнө чемпиону Владимир Кличко (57-3, 50 КО) кезектеги атаандашына каршы кызуу даярдыкты баштады. Бул сапар Кличко менен мушташууга "Жолборс" кличкалуу сологой мушкер Тони Томпсон (36-2, 24 KO) чыгат. Эки боксчу 2008-жылы Гамбургда токмоктошуп, жеңиш Владимир тарапка оогон болчу. Андагы беттештин акыркы беш раундунда Тони Томпсон Кличконун айласын кетирип, эсептик жактан үстөмдүк кылганы менен 11-раундка келгенде Владимирдин соккусун өткөрүп жиберип, нокаутка учураган. Жеңилген күрөшкө тойбойт болуп Топмсон мырза реванш алам деп шымаланып турган чагы. "Жолборс" Томпсон: "Матч-реваншты көпкө күттүм. Андыктан, Бернде өтө турган таймашта 4 жыл илгери баштаган ишимди аягына чыгарып, Кличкону нокаутка жиберем да, анын курун АКШга алып кетем"-десе, Владимир Кличко: "Томпсон күчтүү жана кыйын боксташкан сологой мушкерлерден. Техникасы да мыкты деңгээлде. Ал менин карьерамдагы эң күчтүү атаандаштардын бири болду. Катарынан жеткен жеңиштери да анын ишенимин арттырып жатса керек. Аны менен тезирээк кезигүүнү чыдамсыздык менен күтөм"-деген пикирин айтты. Кличко-Томпсон кармашы 7-июлда Швейцариянын Берн шаарында өтөт.


Футболчулар операцияда...
Нидерландиялык "Аякс" клубунун коргоочусу Николай Бойлесен сезон ичинде үчүнчү ирет жараатка кабылып, оюн талаасынан четтөөгө мажбур болду. Мындай жагымсыздыкка жыйырма жаштагы футболчу машыгуу учурунда туш болгон. Жарааттын кесепетинен жаш оюнчу сезон аягына чейин топ теппей турган жагдайда турат. Алтургай жараатынын айынан "Евро-2012" финалдык турнирине катышпай калышы толук мүмкүн. Ал ойногон "Аякс" клубунун соңку жаңылыктарына токтолсок команда Голландия чемпионатында "Де Графсхапомду" 3:1 эсебинде эзип, турнирдин лидери аталууда.
Ошондой эле орустардын "Спартак" командасынын капитаны Сергей Паршивлюк тизе муунуна операция жасатуу үчүн Германияга учса, клубдун дарбазачысы Андрей Дикань операциядан соң, Россияга кайтып келди. Учурда денесиндеги жибин алдырып, жекече машыгууларды баштоо алдында турат. Анүчүн Андрейге атайын бет кап даярдалууда. Белгилей кетсек, Андрей Питердик "Зенит" менен болгон кармашта, командасын сактап жатып Александр Кержаковдун тизе соккусуна кабылган. Бетке тийген катуу соккудан улам голкипер оюндан чыгууга аргасыз болуп, тез жардам көрсөтүлгөн болчу. Жыйынтыгында, Германиядагы мыкты дарыгерлер тарабынан операция жасалып, калыбына келүүдө.


Волейболчу кыздар төртүнчү орунду
камсыздады
Волейбол боюнча студенттер арасындагы Азия чемпионатында кыздардан куралган Кыргызстандын командасы 4-орунду камсыздады. Биринчилик Монголиянын Улан-Батор шаарында уюштурулуп, ага Азия мамлекеттеринин командалары катышкан. Таймаштардын 14-апрелде өткөн акыркы бөлүгүндө Кыргызстандын курамасы күтүүсүз жерден Малайзиялыктарды 3:0 эсебинде эңшерген. Тилекке каршы, коло байге үчүн болгон беттеште Гонконгдук спортчуларга жеңилип калып, натыйжада төртүнчү орунга илиништи.


Үмүттү жанданткан
Урмат Аматов
Грек-рим күрөшү боюнча Венгриянын Будапешт шаарында өткөн "Олимпиада үмүтү" эл аралык турниринде Урмат Аматов жеңүүчү болду. Ал 60 кг салмак ченинде алышып, катарынан төрт жеңишке жетишкен. Маалыматтарга караганда бул мелдеште жердин бардык аймактарынан келген өспүрүм балбандар күчүн сынаган. Кийинки таймашын Урматбек Аманбаев өспүрүмдөр ортосундагы Азия чемпионатында өткөрүп, ал мелдеш май-июнь айларында Казакстанда өтөрү күтүлүүдө.


Лондон олимпиадасына алты жолдомо бар
Олимпиада оюндары жакындаган сайын окурмандар "Кыргызстандан канча спортчу Лондон олимпиадасына бара турган болду?"-деген суроолорун салууда. Аларга жооп жаздык. Быйылкы Лондон олимпиадасына Кыргызстандан алты спортчу жолдомо алышты. Мылтык атуу боюнча - Руслан Исмаилов, таеквондочу Расул Абдураим, атлет кызыбыз Юлия Архипова, дзюдочу Чыңгыз Мамедов жана Астанадагы эл аралык турнирде жолдомолорун багынткан балбандар Данияр Көбөнөв менен Айсулуу Тыныбекова болушту. Боксчуларыбыз арасынан Казакстандагы жолдомо берилчү беттеште Сергей Скляров жарым финалга чыккан менен Лондонго барганга мүмкүнчүлүк ала албады. Дагы алдыда спорттун тогуз түрү боюнча лицензия ойнотула турган мелдештер бар. Алардын арасына грек-рим күрөшү боюнча 25-апрелде Кытайда жана 2-майда Финляндияда өтө турган турнирлер кирет. Андыктан күтө туралы.


Эрлерди оодарган
эрежесиз уруш
Швециянын Стокгольм шаарында "UFC on Fuel TV" аталыштагы мушташ кечеси жыйынтыкталды. Кеченин башкы беттеши катары эсептелген эр уруш швециялык Александр Густафссон менен бразилиялык Тиаго Силва ортосунда болуп, Густафссон 3 раунддун жыйынтыгы боюнча 30-27, 30-27, 29-28 упайлары менен жеңишке жетишти. Андан алдыңкы таймаштарда Деннис Сивер, Диего Нуньесаны 29-28, 29-28, 29-28 упайлары менен утса, орто салмак ченинде Брайен Станн, Алессио Сакаруну биринчи раундда талкалап, нокаутка оодарды. Ушундай эле дем менен оогандык Сияр Бахадурзада Пауло Тиагону баштапкы раундда бөк түшүрдү. Жарым оор жана жеңил салмак чениндеги кармаштар атайын ыкмалардын коштолушу менен аяктап жатты. Анда Джон Магуайр Демаркус Джонсонду экинчи раундда оорутуучу ыкма менен багындырып, алакан чапкылатса, Бред Пикетт Дамасио Пейджди муунтуп, жеңишке жетишти.


Кикбоксчулар Москвада мушташат
Мекендеш кикбоксчу Азамат Алгожоев 19-апрелде Москва шаарында өтө турган "W5 Fighter" аталыштагы беттештин 1/8 бөлүгүндө күчүн сынайт. Ага каршы аталган турнирде украиналык Виталий Лидовский чыгып, 60 кг салмак ченинде кыл чайнашмакчы. Андыктан, Азаматтын алдыңкы беттеште жеңишти багынтуу тилеги күч. Ошондой эле бул мушташтын рейтингдик таймаштарына Дастан Шаршеев (70 кг) жана Азамат Айтали (65 кг) катышат. Айтылуу кикбоксчулар буга чейин да бул мелдешке катышып, анда Азамат Айтали каршылашын нокаутка учураткан менен финалдын 1/8 бөлүгүндө эки мушкер тең жеңишти жулдуруп жиберишкен. Бул турнирде Кыргызстандан тышкары Орусиянын, Украинанын, Беларусиянын, Нидерландынын жана Австриянын спортчулары мушташат.


Даярдаган Темирбек Матаев