(Кандуу жол 2)


Саясат


Базары


"Кандуу жол" аттуу китепти Эдил Кожошизи деген атка жамынып Эмилбек Каптагаев жазып чыкканы маалым. Анда белгилүү коомдук ишмер Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча айтылган. Ошол китептин акырында Эмил Каптагаев "Бул кандуу жол каякка алпарар экен?"-деп бүтүргөн. Ушул суроого жооп ирээтинде Каныбек Кадыралиев деген адам "Кандуу жол" китебинин уландысы катары "Саясат базары" аттуу көркөм чыгарма жазыптыр. Андыктан "Кереге kg" гезити окурмандары үчүн Каныбек Кадыралиевдин "(Кандуу жол 2) Саясат базары" китебин сандан-санга жарыяламакчы. Аталган "Саясат базары" китеби көркөм чыгарма болсо да, дээрлик биздин күнүбүзгө үндөшүп, документалдуу-детектив катары жазылган. Чыгармада 7-апрель окуясынын келип чыгышы, түштүк коогалаңы, тымызын жоголгон инсандар, парламенттик шайлоо, борбордогу теракт, Садыркуловдун өлүмүнүн ачылышы жана президенттик шайлоо өңдүү негизги окуялардын коомчулукка кулпуланган анык сырлары ачылып, саясаттагы саткындык менен соодалашуулар чагылдырылат.

Нурлан Бекасыл Анарбековичтин айтып жаткандарына анчейин ишене бербей турду.
- Бекасыл Анарбекович, сиз тимеле алар менен чогуу аралашып жүргөндөй айттыңыз го. Же..
Ушул жерден Бекасыл Анарбекович сөздү жулуп кетти.
- Же эмне сиз алар менен байланышта белеңиз дебейсиңби. Ай Нурлан, мен ушу жашка келгени текей терип, чөп оттоп жүргөн жокмун да. Менде да "связдар" бар. Анүстүнө өзүм ушул тармакта өмүр бою иштеп келе жатып, ыкчам маалыматтан артта калбашым керек. Мен ошого көнгөм.
- Эми, Жакен менен Балсаттиев экөө эле билген маалыматты сиз да ошол жерде тургансып айтып жатканыңыздан улам эле…
Нурландын айтып келе жаткан сөзү ушул жерден дагы үзүлдү.
- Аның ырас, эми биз бир нерсени ачыктай кетишибиз керек. Билесиңби, өткөндө мен генерал Имишов менен Тажикстанда жолукмакчы болуп, Сүталгыровдун айынан барбай калдым дебедим беле. Ошондо Матабаев менен кер-мур айтышчуда ал мага "Сен өзүң ушу күнгө чейин Кибаевге сөз тийгизбей келесиң. "Ал таза, жакшы, тегерегиндегилер эле бузуп жатат"-деп эле жүрбөйсүңбү. Сен өзүң ушу күндөрү да Кибаевдер менен тымызын быгышып жүргөнүңдү эч ким билбейт деп атасыңбы? Билебиз, ким менен ким соодалашып жүргөнүн"-деп беттен алган. Көрсө аны тиги Сүталгыров бурап коюптур да. Анткени, Сүталгыровдун атасы менен Матабаевдин атасынын агасы экөө коюндаш достордон болгон. Муну элдин көбү биле бербейт. Экөөнүн тымызын жакындашып жүргөнү да ошондон улам. Анан Сүталгыров экөөбүз бир жерге чогуу олтура албаган соң эмне болуш керек эле? Матабаевди Сүталгыров мага шыкактаган, жанагы сөздөрдү ошол айткан. "Бул дагы деле Кибаевдер менен ымалалаш"-деп. Ала көөдөн Матабаев болсо тигинин сөзүнө ишенип алып мага асылып атпайбы. Анын асылуусунун дагы бир жөнү бар. Себеби мен булардын информатору сыяктуу эле болчумун. Менин "связдарым" болгонун болгондой мүнөт, секундуна чейин жеткирип турушат. Мен буларга "Мындай болгону жатат, тигиндей экен"-дейм да. Анан эле булар сен сыяктуу "Кайдан билдиң? Ким айтты? Кантип билдиң?"-деген оорулар менен ооруп башташат.
Нурлан Бекасыл Анарбековичтин айткандарына эми түшүнгөнсүдү. Бирок дале ишене берген жок. Ушундан улам сөздү кайра Башкы прокуратурага бургусу келди.
- Прокуратураны кримчөйрө талкалап, документтерди ошолор жоготкон деп расмий да жарыяланып кетти го?
- Ооба, ошентти. Антпеске аргалары жок да. Ошол жерде каралып жаткан канчалаган иштер бар эле. Анын баары бир сөз менен айтканда өлдү. Бирок, элге жарыя болбой турган иштерчи? Мына маселе. Жиптин түйүнү ошол жерде болгон. Балсаттиев Кибаевдердин артка кайткыс солдатына айланган соң, Жакен аны ошол жерге отургузуп коюп, адамдын акылына сыйбас иштерди жасашкан.
- Ошол иштеринин документтери Башкы прокуратурада сакталган дейсизби?
- Жок, сакталганы башка жерде болгондур. Бирок, ошол иштердин өзөгүн түзгөн кагаздар болгон. Мына негизги себеп.
- Сиз айттыңыз го, "Мен баарын билип турам"-деп. Демек сизден башка адамдар деле билген да, туурабы?
- Ошо башкалар да билгени үчүн бүтүндөй бир имаратты өрттөп салып жатышпайбы.
- Ал эмне иштер болгон?
- Түз маанисинде айтканда адам сатуу десек да болот.
- Кандайча?
- Түрмө дегенге кимдер гана түшпөйт, билесиң. Ошолордун арасында балдар үйүндө тарбиялангандар, сурап алары жоктор, же томолой жетим калып, кылмыш иштерге аралашып түрмөгө олтургандар болот. Мындайлардын өзгөчө кооптуу, же ден соолугу чымыр, спортко шыгы барларынын документтери өзүнчө топтолуп, кармалат. Булар жалаң ошондойлорду иргеп алып туруп, аларды кайсы бир тараптарга кызылдай сатып келишкен. Мындай иштер бардык эле мамлекеттерде жасалат. Бирок, өтө жашыруун. Мындай иштин аркасында сөзсүз бийлик турат. Кибаевдер да ошондойду жасашкан.
- Аларды кайда, неге сатышат?
- Аларды атайын даярдыктагы киши өлтүргүч кылууга сатышат. Сатып алуучуларга ар кандай террорлук уюмдардан тарта жеке адамдар, атургай мамлекеттер да кирет. Ал балдарды сатып алган соң, алардан тирүү робот жасап чыгарышат. Башкача айтканда ал балдардын эс-тутумун кайрадан тазалап туруп, жаңы, таптакыр башка адамдын пландагы аң-сезим, эс-туюмун киргизишет. Мындай иштер СССР убагында өтө көп жасалган. Бул программадан чыккан соң мурдакы жашоосу, ким экендиги таптакыр жок болуп, адам "жаңы адамга", же "башка адамга" айланат. Булар акыркы убакта ушул иштер менен алектенүүгө өтүшкөн. Анткени, мындай иште өтө чоң акча да, кыңк эткис, кынтыксыз жоокер да бар болуп жатпайбы.