Пулу саман


Падышалар


1700 бөлмөлүү хансарай ээси Хассанал Болкиах
Бруней падышасы Хаджи Хассанал Болкиахтын20 млрд. доллары бар. Анын байлыгы 600 жылдан бери бийликте турган ата-бабаларынан калтырылса, калган бөлүгүн султандыктан тапкан. Падыша акчасы көп болгондуктан март келип, ар кандай той-аштарда чыгашаны көп кылып жиберген учурлары катталган. Бир ирет кызынын туулган күнүн белгилөөдө поп-музыка королу Майкл Жексонду чакырып, ырдаганы үчүн 17 млн. долларды шыгырата санап берсе, үй-бүлөсү менен башка мамлекетке эс алууга барганда да акчаны эсепсиз коротору маалымдалган. Падышанын үй-бүлөсү соода кылган дүкөндө иштеген кызматкерлердин бири Болкиахтын балдары сарптаган акчага чакан шаардын тургундарын кийинтүүгө болорун маалымат каражаттарына билдирген. Ал эле эмес уулу Аль Мухтади Биллах Болкиахтын үйлөнүү тоюна дагы 5 миллион долларды кетирген. Ошондой эле сантехникасы алтындан жасалган 1700 бөлмөлүү хан сарайын салып, баасы 5 млрд. долларды түзгөн 5000 миңге жакын автоунааларды чогулткан. Алардын арасында Формула-1де жарышкан болиддерден тарта жолтандабастарга чейин бар. Эсепсиз байлыкка ээ болгону менен Хассанал Болкиахтын да орчундуу көйгөйлөрү бар. Анын биринчи кезектеги "проблемасы" иниси Джефри ханзаада. Себеби, Джефри Болкиах 1986-1998-жылдар аралыгында Брунейдин Каржы министри болуп турганда 16 млрд. долларды өз кызыкчылыгына жумшап, өлкөнүн казынасын зыянга учураткан. Султан инисин сотко берип, анын жеке менчиктерин кайтарып, өлкөнүн казынасын толуктаган. Алтургай жеке менчигиндеги автоунааларын сатууга мажбур болгон. Мындай чыгашаларга карабастан Хассанал Болкиахтын акчасы мунайзат жана газдан түшкөн кирешелерден, Австралиядагы фермаларынан, менчик мейманкаларынан ж.б. бизнестеринин эсебинен жабылып турат. Ал өзү менен бирге мекендештерине дагы жетишерлик деңгээлде шарттарды түзүп берген.


Китеп жандуу Абдалла ибн Абдель Азиз Аль Сауд
Эң бай монархтардын арасына 21 миллиард доллары менен Сауд Аравиясынын королу Абдалла ибн Абдель Азиз Аль Сауд дагы кирет. Эгерде күн сайын баасы асмандап бараткан мунайзатты эске алганда, анын акчасы дагы деле көбөйүүдө деген тыянак чыгарса болот. Анткени "Мунайзатты экспорттоодон Сауд Аравиясы күнүнө бир миллиард долларга дейре киреше таап, королдун капчыгы андан түшкөн пайыздардын жардамы аркылуу кампайып турат"-деген божомолдор бар. Жеке жашоосу жана кирешелери тууралуу көп деле маалыматтар жарыяланган эмес. Ошентсе да, Орусиядагы телеканалдардын биринен көрсөтүлчү "Формула власти" программасына тартылган Абдалла ибн Абдель Азиз Аль Сауд куш салганды, ат жана төө чапканды жакшы көрөрүн билдирген жайы бар. Ар кандай пародалуу жылкыларды көбөйтүп, ат спорт клубун негиздеген. Ханзаада кезинде эле (жыйырма жылдан ашык мезгил мурун) Сауд Аравиясынын мурас жана маданиятын сактап, жандандыруу максатында Эр-Рияд шаарына жакын жайгашкан Аль-Джанажирия аймагына каражат бөлүп, фестиваль уюштурган. Анда ат жана төө жарыштары, китептер көргөзмөсү, улуттук жазуучулар менен жолугуу, чыгармачыл чөйрөнүн адамдары ортосунда тегерек үстөлдөрдү өткөрүп, маселелерди талкуулоо иштери, улуттук жасалгалардын көргөзмөлөрү жыл сайын уюштурулуп, королдун эсебинен каржыланат. Абдалла ибн Абдель Азиз китеп окуганды жакшы көргөндүктөн Эр Риядга жана Мароккого заңгыраган эки китепкана ачып, ишке киргизген.


Кайрымдуу Пумипон Адульядет
Америкалык "Forbes" журналынын маалыматы боюнча эң бай монархтардын тизмесинин башында Таиланддын королу Пумипон Адульядет турат. 2007-жылы королдун байлыгы 5 млрд. долларды түзсө, 2010-жылы 30 млрд. долларга жеткен. Аналитиктер падышанын акчасы көбөйгөн жок, болгону байлыгы тууралуу так маалыматтар ачыктала баштады деген пикирде. Пумипон Адульядеттин негизги кирешеси бийликтен эмес, жеке ишканаларынан түшүп турат. Ал эл аралык патенттөө ишканасын жана жамгырды жасалма түрдө керектүү мезгилде жаадыруучу компанияларын иштетет. Булардан тышкары банк, тейлөө, курулуш тармактарындагы ишканалардын акцияларына ээ болуп, жеке чөнтөгүнө пайыздык кирешелер саат сайын түшүп турат. Бирок, кирешенин баарын жеке кызыкчылыктары үчүн колдонбостон мамлекетти өнүктүрүүгө да жумшайт. Алыскы айылдардын социалдык көйгөйлөрүн чечип, элдин турмушун оңдоо үчүн кайрымдуулук иштерин уюштурган. Бул аракети үчүн элинин алкышына татыган жайы бар. Акчаны иштетүүдө Таиланд королу өтө сарамжалдуу. Жеке иштерин жасоодо каражатты өз чөнтөгүнөн чыгарып, мамлекет казынасынан бир тыйын албайт. Ал эми мамлекеттик мааракелер уюштурулуп, монарх катыша турган болсо анын чыгымын өлкө казынасы көтөрөт. Алтургай король бизнесин көзөмөлдөп, кирешесин көбөйтүү үчүн мыкты менеджерлерден куралган "Таажы менчигинин бюросу" аталган бейөкмөт ишкананы ишке киргизген. Алар королдун кирешесинен алынчу салыктарды төлөп, мыйзам чегинде Пумипон Адульядеттин байлыгын арттыруу аракети менен алектенет.


Ысырапкор Мухаммед VI
Марокко королу Мухаммед VIнын 2,5 млрд. доллары бар. Падыша азан чыкырылып коюлган ысымынан тышкары "кедейлер королу" деген каймана атка татыган. Бул ысымга Марокко жетекчиси бардык адамдар тең укуктуулукта жашашы үчүн кам көрүп, кедейчилик менен күрөшкөн аракеттеринен улам жеткен. Ошентсе да Мароккодо 5 млн. эл күн сайын 1 долларлык киреше менен күн кечирет. Ал эми король болсо бийликти колго топтоп, ар кыл жолдор менен кирешесин көбөйтүп турат. Байлыгынын айрым бөлүгү атасынан мурас катары калса, калганын мамлекет кирешесин көзөмөлдөөдөн топтогон. Өлкө казынасын өзү бекитип, кайсы органга, канча акча бөлүнүшүн да өзү чечет. Падышалар тууралуу жазган Катрин Грасье жана Эрик Лоран аттуу авторлор тарабынан жарыкка чыккан "Король-хищник" аталыштагы китепте Мухаммед VIнын бүтүндөй байлыктары тууралуу маалыматтар чагылдырылып, фактылар келтирилген. Анда королдун чөнтөк чыгашасына эле мамлекеттик казынадан 40 млн. доллардан жогору акча бөлүнөрү, 1,5 миллион доллар жыл сайын падышанын жаныбарларын багууга сарпталары, гардеробуна илинген кийимдери эле миллиондогон жашылбайдын башын жутары тууралуу маалыматтар айтылган. Буга Мухаммед VIнын 55 миң долларга сатып алган костюму далил катары келтирилген. Анын он эки хансарайына коротулган бир күндүк чыгымды (он эки хан сарай куруп, аны жасалгалоону айтпаганда) табыш үчүн бай жашаган марокколуктун өмүрү жетпей калышы мүмкүн. Анткени, ээсинин келиши үчүн хансарайды кармап, кандай гана аба-ырайы болбосун +17 градус жылуулукту сактап туруш үчүн күн сайын тейлөө кызматтарына 1,5 миллион доллар төлөнөт. Ошого карабастан король болгону төрт гана үйүн пайдаланат. Монархтын жүзүн ачкан китептин авторлору королдун мамлекеттик иштер менен эле чектелбестен, өлкө экономикасын көзөмөлдөп, ар кандай холдинг компанияларды ачып алгандыгын белгилеген.
Мухаммед VIда заңгыраган хансарайлардан сырткары "феррари", "майбах", "астон мартин", "роллс-ройс" жана "лимузиндер" коллекциясы ошондой эле машыгуучу зал салынган учагы бар. Эгерде ал башка мамлекетке бара турган болсо 300 кызматкери жана досторунан куралган топ дайыма жанында жүрөт. Аларга канча акча сарпталары тууралуу так маалыматтар жарыяланган эмес.

Даярдаган Темирбек Матаев