Шамал соккон тараптан...
Бөдөш МАМЫРОВА, ЖК вице-спикери:

"Жат көрүнүштөрдөн биринчи дем алган


биздин фракция"


Жогорку Кеңеш учурда бешиктеги баладан тартып айылдагы аксакал байбичелерге чейин талкууда. "Күлүп койду, сагыз чайнап отурат, боенду, чачын тарады, тумшукка бир койду, эшикке чыга качты, артынан барып дагы бири муш жеди, эшик сынды…" айтор уга берсең, көрө берсең нукура сахнадагы спектакль. Карапайым калк сыналгыдан көңүл аччу программа көрбөй эле жалаң депутаттардын кайым айтышын тиктеп калды. Ушул тема өңүтүндө Жогорку Кеңештин вице-спикери ("Ар-Намыс" партиясынан) Мамырова Бөдөш Аманбаева менен маектештик.

- Азыр ар бир эле фракциянын ичи тынч эмес. Эки жаатка бөлүнүп жакалашмайлар болуп өттү жана болуп да жатат. Башын сиздердин фракция баштап, сизди вице-спикерликтен чакырабыз дешти эле. Ал интрига ишке ашпай калды көрүнөт…
- Ачыгын айтканда мындай саясий оюндарды бардык эле фракциялар башынан өткөрүп жатат. Башаты биз болдук окшойт. Туура, фракция ичиндеги ротация шылтоосу менен вице-спикерликтен чакыртып алуу демилгеси көтөрүлгөн. Бирок биз өлкөдөгү негизги мыйзам чыгаруу органы болгондон кийин дал ошол өзүбүз чыгарган мыйзамды, ишмердүүлүгүбүздү тескеп турчу өзүбүздүн ички регламентибизди андан дагы Конституцияны так аткарышыбыз керек . Конституцияда регламентте так жазылгандай ал жерде ротация деген жок. Эгерде вице-спикер өз каалоосу менен арызын жазса, же чакыртып алууга негиз түзүлсө далилдүү фактылар менен гана жогорудагыдай кадамдарга барууга болот.
- Бирок, фракциялаштарыңыз бул маселени көшөгө артында саясий оюнга айлантып сизди кетирүүгө аракет жасашты да.
- Аракет жасагандар болду. Ал тургай фракция жыйынын да өткөрдүк дешти. Кийин ачыкка чыккандай ал жыйынга көпчүлүк депутаттар катышпаптыр. Депутаттар эле эмес менин маселемди талкуулап жатып мага да жыйын болорун айтышкан эмес. Мен кресло үчүн эч качан намысымды сатпайм бирок чындык үчүн, абийир үчүн жана мыйзамдуулук үчүн дайым күрөшүп келгем дагы деле уланта берем.
- Азыр фракция лидери ким? Коомчулуктун башы маң болуп калды ким лидер экенин билбей.
- Буга чейин деле, азыр деле Феликс Кулов.
- Камила Талиевачы? Кулов экөөнүн ортосунда саясий соода болгон деген пикир бар.
- Мен андай соодалашууга катышкан жокмун. Көшөгө артындабы же анын астындабы кандай соодалашуулары болгонун билбейт экемин. Кандай деңгээлде сүйлөшүүлөр жүргөнүнөн да кабарым жок.
- Бул сиздердин фракциядагы "дезертир депутаттар" деген атка конгон он эл өкүлүнүн долбоору эмеспи?
- Мен ал коллегаларымды антип айткандан алысмын. Анткени алар да "Ар-намыс" партиясынын тизмеси менен шайланып келген. Жалпы партиянын атынан баарыбыз шайланып келгендиктен антип "дезертир" атоого менин моралдык укугум жок. Ал эми лидерликке келгенде менин так позициям бар.
- Мурда өзүңүздөрдү оппозициялык фракция катары санап келсеңиздер, учурда парламенттик коалициядасыздар. Иш-аракеттериңиздер кандай болуп жатат?
- Оппозиция катары саналып келмек тургай бийликке карата так позициябыз бар күчтүү оппозициялык партия катары коомчулукка таанылган элек. Тилекке каршы моюнга алыш керек оппозициялык фракция катары тааныла алган жокпуз. Анткени тез эле бөлүнүп кеттик, түрдүү көз караштар жаралды. Бир позицияда болуп партиянын негизин түзгөн ар-намысчылардан фракцияда болгону экөөбүз гана. Ал эми фракцияга сунушталган министрликке фракциядан эки депутат, өкмөт мүчөлүгүнө бекиди. Өкмөттүн социалдык блогун жетектеген Гүлнара Асымбекова тууралуу айта турган болсок бул инсан өмүр бою медицина тармагында эмгектенип, негизги көйгөй эне-баланын ден соолугу, алардын өмүрү үчүн күрөшүп, өлкөбүздө биринчилерден болуп жеке оорукана ачкан инсан. Ал гана эмес илим чөйрөсүндө да бүтүндөй Орто Азияга белгилүүү. Медицина илимдеринин докторупрофессор. Мындайча айтканда учурдагы социалдык көйгөйлөр менен ичинен тааныш. Көпчүлүк оппоненттерибиз бул тармактагы өкмөттүн вицелигине белгисиз адам келип калды деп сындап жатышат. Тилекке каршы, Гүлнара Асымбекова ийненин көзүндөй иш жасап алып, аны айта берген адамдардын тобуна кирбейт экен. Ошондуктан ал кишинин жасаган иштери көп болгону менен коомчулукка өзүн көп эле даңазалай бербеген сыпайылыгы бар маданияттуу аял. Бирок өз ишинин чыныгы адиси. Социалдык тармакты камчы салдырбай алып кете алат. Ал эми каржы министри болгон Акылбек Үсөнбековичтин ишмердүүлүгү менен элибиз жакшы тааныш.
- Акылбек Үсөнбекович депутат болуп, бюджет жана финансы комитетин жетектеп турганда өлкө каржысы жыйырма үч миллиард сомго дефицит деп жүргөн. Министр болгонуна ай айланбай жатып эле каржы жетишпестиги жоюлганын жар салды. Бул партиялашыңыз "сыйкырчы" эмеспи же акча заводу барбы? Андан тышкары азыркы өкмөт башчысы менен да жеке маселеси жакшы эмес эле.
- Комитет жетекчиси болуп турганда бардык акчага байланыштуу маселелердин жалпысы ошол комитеттен өтчү. Туура биз бул жылга өтө чон дефицит менен киргенбиз. Азыркы күндө деле мамлекет казынасында тартыштык жок деген болбогон кеп. Анткени мындай тартыштык бүгүн же эртең эле жоюлуп кала турган жөнөкөй нерсе эмес. Болбосо жаны министр бара калып эле жоюп сала койчу катардагы көрүнүш катары карасак болбойт. Ошондуктан ишеним болуу үчүн болгонун болгондой эле ачык айтуубуз зарыл. Биздин азыр деле он алты миллиард сом дефицитибиз бар.
- Демек, партиялашыңыз адатынча кызылдай эле калпты соктуруп аткан турбайбы?
- Ал киши канчалык ишендиргенге аракет кылбасын бирок, казынабыздын абалын азыр граждандык коом эле эмес карапайым адамдарыбыздан бери көзөмөлгө алып турганда, капка шибегени катпай эле коюш керек. Башка тармакка кызыкпаса дагы көпчүлүктүн каржы тармагына кызыгуусу күч. Ал эми министр мырза менен өкмөт башчысы Өмүрбек Бабановдун жеке мамилеси кандай экенин билбейм. Мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн жеке таарынычтар негизги роль ойнобош керек. Бир сөз менен айтканда мамлекеттик кызматка барып жоопкерчиликти алгандан кийин мамилелерин башка жактан чечишип алышсын.
- Жогоруда айтпадыкпы, азыр ар бир фракция ичи тынч эмес деп. "Ар-Намыстын" ичинде эмне болуп жатат?
- Кандай айтсам болот(?), ооба өтчү же боло турган иштердин баарын башыбыздан өткөрдүк. Фракция ичиндеги жат көрүнүштөрдүн шамалынан биринчи дем алган бул биздин "Ар-Намыс" фракциясы. Бирок бизге шайлоочулар ишенип, үмүт артып шайлагандан кийин жоопкерчиликти сезиш керек. Бардык нерсенин өзүнүн орду, буйругу болот. Биз эле эмес жалпы парламент эл үчүн кызмат кылышы керек деген ойдомун.
- Жогорку Кеңештин аппарат кызматкерлерин кыскартуу боюнча комиссия түзүлүп, аны партиялашыңыз Абдрахман Маматалиев жетектеген эле. Ошол эле учурда мамлекеттик кызматтын этикасына туура келбесе да, баласы Марлен Абдрахманович өкмөткө бөлүм башчы болуп барды. Буга кандай жооп айтат элеңиз?
- Баласынын өкмөттө иштеп жатканын атасынын ишмердүүлүгү менен байланыштырбаш керек. Бул баланы мен жакындан билип калдым десем жаңылышпайм. Өсүп келе жаткан, өз ишин мыкты билген таланттуу жаш кадр. Биз иш билги мыкты жаштарды тарбиялашыбыз керек. Анткени муун алмашканда артыбыз вакуум болуп калбаш керек. Мамлекет жүгүн көтөрчү эр азаматтарды бийликке тартууда энесине, атасына байланыштырганга барбасак.
- Сиз акыркы жыйырма жылдан бери чоң саясатта жүрүп, акыркы эки жылда депутат катары эмгектенип жатасыз. Ушул учурга чейин иштеп келген Жогорку Кеңеш менен азыркынын айырмасын эмнеден көрө алдыңыз?
- Эми ар бир чакырылыштагы депутаттардын ишмердигине жараша орду бар сыяктуу эле парламенттин да тарыхта өз орду бар. Алсак легендарлуу парламент бир типтүү, "чөнтөк парламент" деген ат менен элдин эсинде калган сыяктуу эле бул чакырылыштагы парламент да убагы келгенде коомчулуктан өз баасын алат. Мурда округдан шайланып келген депутаттар жалаң өз аймагынын маселеси менен көбүрөөк алектенсе, азыр андай жок. Анткени партиялык тизме менен жалпы бир округдан шайланган парламент, ошол эле мезгилде беш партиянын өкүлдөрүнөн түзүлгөн беш фракция бар. Мисалы, Ат-Башыдан, Кара-Буурадан же Алайдан келген шайлоочу мага кайрылса "Өз депутатыңа бар"-деп мен жөнөтө албайм. Аны менен кошо барып проблемасын чечкенге түздөн-түз милдеттүүмүн. Андан тышкары ар бир жазган мыйзамыбыз турдүү көз караштагы беш фракцияда талкууланып, андан комитетке өтөт. Комитет жактырган соң гана палатага алып чыга алабыз. Өзгөчө баса белгилээрим мурда "Ак-Жол" сындуу башкаруучу партия баарын өз билгендериндей мыйзам чыгарып келсе азыр парламентте беш фракция баарын байкап, көз салып, көз караштардын атаандаштыгы жүрүп турат.
Төлөгөн Сулайманов