Улутман
Рысбек Жабиров, кинорежиссер, продюсер:

"калпак кийгенде


негедир өзүмдү "гордо" сезем"


Акыркы убактарда элибизде патриотук сезимдер кыйла жанданып барат. Анын бир мисалы Ак калпак күнү. Бул идея былтыр жаралып 5-март күнү "Мен кыргыз" дегендин дээрлиги башына ак калпак кийип, майрамдык маанайда көчөгө чыгышкан. Ушул саамалык быйыл да уланганы турат. Андыктан идеянын автору Рысбек Жабировду кепке тарттык.

- Рысбек мырза, Ак калпак күнү тууралуу идеяны кай максатта көтөрүп чыктыныз?
- Негизи элибизде обу жок майрамдар көп эмеспи, анын ичинде керектүүсү да керексизи да бар. Бул майрамды ошолорго каршы, улуттук көрөңгөлүү майрамдар болсо деп уюштурганбыз. Эгемендүүлүк менен Нооруздай майрамдар болсо жакшы да. Ал эми менин максатым 5-мартты майрам күнүнө айлантуу эмес, жөн эле элде жок эсклюзивдүү баш кийимибизди, өлгөн менен көмгөн жерде эле эмес же үйлөнгөн күнү эле эмес, башка учурда да кийгендер көбөйсө, анын кадырын сезсе, баш кийимдин улуулугун билсе деген максат. Чынын айтсам мен өзүм калпак кийгенде негедир өзүмдү "гордо" сезем. Мүмкүн касиети бардыр. Туурабы?
- Ак калпакка бир күндүк эле майрам жетиштүүбү?
- Былтыр ушул демилге жаңы көтөрүлгөндө кандай сонун болду. Элдин көбү башына ак калпак кийип көчөдө жүрүштү. Эгерде быйыл жүз пайыз кийсек, анда ак калпак Кыргызстандын бренди болуп калат. Акыркы жылдары Кыргызстан революция менен морадерчулукту бренд кылып келбедиби. Андыктан бир күн болсо дагы ак калпакты башыбызга кийип жүрүү бул чоң нерсе.
- Ансыз да майрамдар көп. Сөзсүз эле майрам уюштуруп алып анан калпак кийишибиз керекпи?
- Ошол сен айткан көп майрамдардын эмне пайдасы тийди сага, мага, башкаларга? Чындыгында үч жүз алтымыш беш күндүн баары майрам. Бирок, бир күнү "Мен кыргызмын" дегендин баары калпак кийсе, бул эң сонун көрүнүш, эң сонун партриоттук дух, эң сонун жөрөлгө. Ушул күнү кыргыз болуп жаралгандар сөзсүз кийет. Жада калса кыргызга болгон көз карашы таза, башка улуттун өкүлдөрү да кийет. Сыйлабагандар билинет.
- Калпак күнүн атайын бир күнгө белгилеп уюштурбай эле дайыма кийип жүрүүгө үндөсө болбойбу?
- Болот, эмне үчүн болбосун. Бирок, таңуулаш кыйын да. Ушул нерсе, 5-март күнү күндө кийгенге үндөөнүн башаты болуп жатпайбы.
- Майрам күнү элдер калпак кийип алып көчөдө же аянтта сенделип эле басып жүрө береби же атайын иш-чаралар өткөрүлөбү?
- Сенделип эч ким баспайт. Ал күн иш күнүнө дал келет. Студентпи, жумушчубу, айдоочубу, базарда иштейби, айтор кайсыл жерде жүрбөсүн ошол күнү калпак кийип жүргөнү майрам да. Ошол үчүн коомдук башталыштагы майрам деп жатам. Сүйүү күнү кайсыл жерде иш-чара болду. Ошого карабай элдин бары майрамдап жүрүшпөдүбү. Негизи, ушул күнү "Мурас" деген партиянын жаштар канаты тарых музейинин алдында жарманке көргөзмөлөрдү кылабыз деп жатышат. Мен алардын оозун тырмаган жокмун. Кылабы, кылбайбы өздөрү билишет.
Маектешкен Ысак КАРАЧЕВ




Үшкүрүк

Кыргыздын дагы бир кырааны учту…


Атактууларыбыздын катары суюлуп барат. Бул кудай урган ажал деген кургур жашына, белгилүү, белгилүү эмесине карабайт экен. Кечээ дагы бир улутубуздун сыймыгы болгон, классикалык маданияттын кутун алып жүргөн, атактуу бийчи, балетмейстер, Кыргыз Республикасынын эл артисти, бир катар эл аралык сыйлыктардын ээси Уран Сарбагышев дүйнөдөн кайтты.

Залкар талантыбыз бул өмүрүндө Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын бийчиси болуп эмгектенген. Ал Бүбүсара Бейшеналиева, Нурдин Түгөловго окшогон алдыңкы бийчилердин катарында "Ак куу көлү", "Ромео менен Жульетта", "Корсар", "Дон Кихот", "Спартак" сыяктуу жана башка да балеттерде башкы каармандардын ролун абдан чебер аткарып, жеке эле Кыргызстан эмес, чет элдерге да кеңири таанымал болгон. 1966-жылдан баштап Уран Сарбагышев Опера жана балет театрынын башкы балетмейстери болуп, эл үчүн эбегейсиз кызмат аркалаган. Ошондон бери кыргыз балетинин ийгиликтери Уран Сарбагышевдин ысымына байланыштуу. Андан тышкары бул жылдардын ичинде ал "Асель", "Спартак", "Куйручук", "Макбет", "Томирис", "Миң бир түн", "Маңкурт жөнүндө баян", "Корсар", "Дон Кихот", жана "Вена токоюнун жомоктору" балеттерин сахнага чыгарган. 1977-жылы "Саманчынын жолу" балет-ораториясын койгондугу үчүн ал СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. Эмгек Кызыл Туу, "Ардак белгиси" ордени жана башка медалдар менен сыйланып, ошол эле учурда көптөгөн партияларды аткарганга жетишти. Дагы далай ашууларды ашмак… Алардын атын атасак: А.Адандын "Жизелинде"-Альбертти; "Корсардагы"-Конрад; "Ромео менен Джульетадагы"-Ромео;"Бакчы-Сарай фонтанында"-Ванлив; "Ак-Куу көлүндө"-Зигфрид; "Лауренсияда"-Фрондосо "Египеттик түндөрдө"-Амун; "Франческо-де реминде"-Лаоло жана башка ушул сыяктуу балеттердеги ал жараткан каармандар көрүүчүлөрдүн көңүлүндө көпкө сакталып калды.Улуттук "Анар", "Чолпон" балеттеринде чыныгы чоң талант экендигин өзгөчө далилдеди. "Чолпон" фильм-балети дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөлөрүн кыдырып, тасма аркылуу да Уран Сарбагышевди улуттук балеттин көзүр "валети" экенин таанытты. Өз кудуретинин бийиктиги жетилип турган мезгилде Абдылас Малдыбаев менен биргелешип "Ала-Тоо айдыңында" аттуу бий композициясын даярдап,балетмейстер-коюучу катарында коомчулукка кеңири таанылды. Талыкпаган, эмгекчил балетмейстер ушул театрдын сахнасында он беш балетти, улуттук операны, концерттик оюндарды койду. "Жарыгы жок жылдыздардын" доораны сүрүп, классикалык маданият артта калган заман келгени мындай маданият кызматкерлери көп учурда көз жаздымда калып, татыктуу бааларын албай келишти. Бирок, бирок… Ата-Журт алдында өтөгөн адал эмгек кайсы учур болбосун, кылым тогошкон күндө да жанар тоо сымал атылып карт тарыхтан өз ордун табат эмеспи. Уран Сарбагышовдун да кылган эмгектери, маданиятка кошкон салымы анын ажайып бир талант болгонун тастыктаар… Жаткан жериңиз жайлуу болсун.
"Керегечилер"