Манас Москваны "чапты"


Кыргыз саясатына Манас кадимкидей кызмат кыла баштады. Ооба, Кыргызстанды бир сактаса - дал ушул жападан жалгыз айкөл баатырыбыз Манас сактайт. Тирүүсүндө "Курама жыйып журт кылып" койду эле, ошондон бери кырылышып-сүрүлүшүп, шайланып алган хандарыбыз качып-бозуп, таланып-тонолуп, "күлгө чапкан гөтөндөй" бозала болуп отурабыз. Ички саясат - коррупционерлердин колунан, тышкы саясат - бизнесмен бийликтин найзасынан кансырап, тоголонуп жатканда… Манас атабыздын руху кантип чыдап карап турмак? Мына, Орусиянын ниетин өзүнүн урпактарына саал "ийитип" коюуга курал болуп берип атыры. Ток этерин айтсак, 24-февралда алыскы Москва шаарынын Достук гүлбагында Манас атабыздын айкелинин ачылыш аземи өткөрүлгөнү турат. Бийиктиги 4 метрди түзгөн бул эстеликти жасоо мындан туура 4 жыл илгери, 2007-жылдын октябрь айында башталган. Автору Дубанбек Ырыскулов аттуу бедизчи. Эстеликке жалпысынан 45 миллион рубль өлчөмүндө каражат сарптап, аны белдүү кыргыздын атуулдары көтөрүштү. Аземдин ачылышына ажо Атамбаев баштаган жоон топ делегация барары болжолдонуп, 23-февраль күнү ошол эле Москва шаарында атайын тегерек үстөл уюштурулууда. Бишкекке "Айкөл Манас" орногондо "Кут келди!" деп, ырым-жырымчы элитабыз 2-3 ай сайрады эле, эми "Айкөл Манас" Маскөөгө кеткенде не деп сайрашар экен? Кызыгы, ал айкелдин алдына кандай жазуу жазылатта. "Манас -кыргыз элинин баатыры" деген сөз жазылбаса - кубанычың кур калганы ошол…

"Кереге-ПРЕСС"



about | A Free CSS Template by RamblingSoul

22-февраль, 2012-жыл






??.??