Гүлчамбар

Адашып атаганат баратабыз…


"Чечек" деген ат койгон… Атыман айтпай дайым "Чечек" дейт эле. Анда студент кезим. Айтылуу арбагың бейишке чыккыр Мелис Эшимканов байкенин тегирменинде жүргөм. Азыркыдай аккредитация деген балекет чектелүү. Бир күнү кадимки Түгөлбай Казаков агабыз телефон бурап, "Ушу баланы парламентке кийирип алып жүрүңүзчү?"-деп биз сөз кылчу Докеге звандап жатпайбы…Атын алыстан билчү элем тагдыр насип менен жана сыймыктанчу агабыз Түкөбүздүн арты аркылуу Доке менен "кофелеш" болуп калдык.
Ар дайым саат сегизде үлгүлүү окуучудай калыбынан жазбай Докебиз Жогорку Кеңешке келет. Парламент жыйынына катышыш үчүн мен да Докеми утурлай барам. Ээрчитип кирет. Алгач иш бөлмөсүнө. Сарысы жок тамеки, коюу кофе, анан саясат. "Ушакташып" отурганда биринчи Өмүке Текебаев келет, Боке Шер келет. Айтор бардык дебесек да көпчүлүк депутаттар Докебиздин "полет" жыттанган иш бөлмөсүнөн иш башташар эле. Таң калчумун. Бийликтин сөзүн сүйлөгөн, жакшы көргөн үкөсү Адахан мырза айтмакчы "себет көтөргүчтөр" да келип алып, Докенин азил-тамашасын, куйкум сөзүн угуп каткырып чыгышчу. Тогуз отуз дегенде биз да алардын аркасынан чыгабыз. Төөнүн өркөчүнө отургансып үстүдө жазмакерлер кулак тийиштире сүйлөшкөнүбүз болбосо Докенин аскиялуу сөзүн тыңдайбыз…
Туулган күнүңүз эле… Сиз кеткен жоксуз, дайым биз мененсиз улуу урматтуу эмес, карапайым, жөнөкөй элибиздин сыймык уулу ДОКЕ!

"Чечек"
Төлөгөн Сулайманов




Бир нерсе жыттанабы?

Жаз келатат, Кыргызстан!


Өлкөдө кырдаал оорлогондон оорлоп баратат. Биз күткөн революциялардын жыйынтыгы качан чыгат билбейбиз. Жакында март революциясынын жети жылдыгын, апрель революциясынын 2 жылдыгын белгилөө алдында турабыз. Бирок, биз, кыргыздар революция деген нерсенин баасын түшүнгөн жокпуз. Революция биз үчүн шайлоосуз эле бийлик алуунун жолуна алмашты. Ошон үчүн кээ бир ээрден шыпырылгандар же саясаттан жыдыгандар "Революция кылып жиберем"-деп коркутуп киришет. "7-апрелде экинчи авторитардык режимди кулаттык"-деп жетине албай жүрүп мына жакында ага да 2 жыл болгону турат. Жыйынтыгын карап көрөлү.

Экономикада
7-апрелден кийин "Бакиевчилер басып алган элдин байлыгын мамлекетке алуу керек. Ошондо казынабыз көбөйүп, байлыкка маарып калабыз"- дедик эле... Бирок, иш жүзүндө Бакиевдер өздөрүнө менчиктештирип алган объектилер, ишканалар дале толук казынага түшө элек. Бул тарыхта "47 объект" деген ат менен кала турган болду. "47 объектинин пайдасын качан көрөбүз?"-деген элдин үмүтү али акталбады. Жыйынтыгы - бюджетке биз каалаган сумма түшкөн жок. Анын расмий себептери-баалар кымбат коюлуп калган. Расмий эмес варианты-жең ичинен бөлүштүрүүлөр жүргөн. Негизи эле мамлекетибизде канча байлык бар экенин да эч ким билбейт. Аны эч ким тизмелеп, эсеп-чотун алган эмес. СССР мезгилиндеги геологдордун жазганынан башка документ жок. Жер астындагы кендерден башка байлыктар эсепке алынбаган. Тизмесин 20 жыл ичинде түзүп, элдин алдына чыгарып "Колунан келгендер чет жерге самсаалабай салыкты төлөп иштете бергиле"-десе болмок. Тизмеси билинген байлыктарды болсо чет элдик инвесторлорго берип, аларды бутуна тургуздук. Андан сырткары салык төлөбөй, салык биякта турсун "Силерге таш балакет жок"-деп өз байлыгыбызга өзүбүздү ээ кылбай өзбектер Баткендеги көгүлтүр газды өз пайдасына иштетип жатат. Анын ээси - биз, этин жеген - өзбектер. Бул сыяктуу фактылар көп.
Өндүрүш тармагында да ошо көрүнүш. "ГЭС куруп жатабыз", "Камбар-Ата ГЭСин өзүбүз курабыз"-өңдүү чакырыктар кан буугандай токтоду. Ал жөнүндө азырынча сөз да жок. Көмүскө экономиканын абалы мурдагыдай эле деңгээлде. Ал тургай арак заводу тендерсиз сатылып "Аны жашыруун соодалашуунун баасы 300 миң долларга чейин жетти"-деген сөздөр айтылды. Өндүрүш тармагына улай түштүктө мыйзамсыз чек арадан чыгарылып, сатууга кетип жаткан күйүүчү майларды айтсак болот.
Саясатта
Түшүнүксүз мыйзамдарды жазып алып, кайра аны артка кайрый албай турган чагыбыз. Дүйнө эли бизге суктанып жаткансып, улам-улам, "Кыргызстан Борбор Азия чөлкөмүндө биринчи парламенттик системага жол чапты, ошол системаны бутуна тургузуп жатабыз"-деп төш каккылап, парламенттик системадагы батыш өлкөлөрүнөн жардамды аянбай алып жатабыз. "Бул система Кыргызстандын түбүнө жетет, муну батыраак кулатпасак болбойт. Ага эмне кетмек эле, болгону Конституцияны өзгөртүп туруп, 61 депутат кол көтөрүп койсо бүттү да"-дегендерибиз да бар. Маселен, Кыргызстандагы бардык толкундоолордун "тең төрагасы" болгон Азимбек Бекназаров жакында "Парламентти таркатуу керек" дегендей ишаарат кылды. Парламент эмне үчүн жана ким үчүн тараш керек? Ар кандай ызы-чууну алдын ала туюп, керек болсо аны өз пайдасына колдоно билген Азимбек мырзага саясатта сезгичтик боюнча эч ким тең келе албас. Кыязы бир нерсени уккан окшобойбу. Анан калса "Ата-Журт" менен "Бүтүн-Кыргызстан" партияларынын биригип жатканы белгилүү болду. Маалымат каражаттарында Үсөн аке өзүнүн үкөлөрүн чогултуп, "Кыймылдабайсыңарбы?!." деп бир сыйра зекиптир. "Эми экөө бириксе биринчи сокку кимге урулат?"-деген божомол күч алууда. Алар кандай талап коюшат? Министрлик, губернаторлук ж.б. кызмат сурап гана тим болобу, же толук жаңылануу кылалы дейби? Эки партия тең бийликке оңой жоо эмес. Анткени, бирөө шайлоолордон жеңилип, эшик сыртында калса, экинчиси коалициялык оюндан жеңилип, ызасы ичке батпай турган чактары. Анүстүнө Ахматбек мырзада материалдар жетиштүү. Аны менен деле учурунда азыркы өкмөт иштешип, көптөгөн макулдашууларды бирге ишке ашырышкан.
Кадр саясатында
Кадр саясатындагы соода Кара-Суу менен Дордойдон ашып түшөт. Алар "оптом" товарды кандай өткөрсө, кадр жагында деле "розница" деген түшүнүк артта калып, бийликти, кызматты "оптом" эле бир туугандар сатып алып, кадр соодасын каалагандай калчашууда. Акаев мезгилинде бир үй-бүлө башкарса, Бакиев доорунда ал дагы кеңейип, бир чоң үй-бүлөнүн башкаруусуна өткөн. Ал эми учурда "тигинин доору", "мунун заманы" деп айтуу кыйын. Азыр бир канча үй-бүлө башкарууда. Же "демократия - элдин башкаруусу, эл бийлиги" дегенге ушул тепкич менен жетебизби?
Апрелден кийинки коомчулуктун дагы бир чоң талабы криминалдар менен күрөшүү болду. Бирок, согушту абдан эрте жарыялап алганыбызды азыр түшүнүп отурабыз. Бейкүнөө бирөөлөрдү бир заматта каралай коюп, соттоп отуруп Кыргызстанда чындыгында ким "криминал" экенин эл айырмалай да албай калды. Анан "соттор чыры", "коррупция" кайра-кайра көтөрүлө бергенде эч кимди ордунан алып ыргыта албай бийлик абдан кыйналды. "Биз криминалдарга согуш ачтык" дегенде экинчи Грузияны элестетип, "Кыргыздан деле Саакашвилилер чыгат турбайбы"-деген элек...
Жаз келатат, абайла!
Быйыл жаз да оор болчудай. Баары эле нааразычылыктын үстүндө. Бири кызматка жетпей нааразы болсо, экинчиси кызматта отуруп алып, байлыкка жетпей нааразы болуп. Замандын өзгөргөнү бардык нерсенин куну кетип бараткандай. Бийликтин да мансаптын да кунары качып, адамдар күнүмдүк жыргал үчүн жашап жаткандай.
Өткөндө светтин баасын 1 сом кылабыз дешти, Ташиев чыга калып "Үчүнчү революцияга жардам берем"-деп түз эле айтты. Үчүнчү революция кимге керек? Бийликке эч качан революциянын кереги жок. Бийликтегилер үчүн революция бийликтен кетүүнүн эң коркунучтуу жолу. Оппозиция да муну унутпашы керек. Бийликке революция менен келген оппозициянын бийликте калуусу андан бетер коркунучтуу. Барак Обаманын 130 мамлекеттин өкүлү катышкан ири тамактанууга Кыргызстандан Ахматбек Келдибековду чакыртканы эмненин башын кылтыйтат? Бизге жакын арада дагы кандай сюрприздерди жасап жатат белгисиз. Америка тараптын бийликтеги коалициядан эмес, жаңы гана компромат менен бийликтен кеткен спикерди чакырганы түшүнүксүз. АКШ "Кыргыздан кимди чакырабыз? Тигинисин чакырсак, мунусу таарынат"-демек беле, аларга болгону, кимди камчы кылсак, ошол бизге бийликти оодарганга жардам берет деп, аңдып туруп сый тамакка чакыргандары болуп жүрбөсүн.
Дагы бир маселе - Кыргызстан Борбор Азияда жакшы эле өңүттө демократияны баштаганбыз. Баштамак тургай "демократияда жашап жатабыз, аны орноттук"-дегендерди да ордунан кубалаганбыз. Бирок, бүгүнкү кебетебизди карасак, эч ким бизди демократияда жашап жатат дебейт. Мамлекетте "мыйзамдуу анархияны" гана көрүп жатабыз. Орустун бир журналисти айткандай "америкалык дерьмократия" болуп калды, ошол схема биздин каныбызга аралап кирди. Биз бүгүн абдан жоопкерчиликтүү заманда жашап жатканыбызды эч кимибиз сезе алган жокпуз. Эмнеси болсо да жаз келетат, абайлайлы.
Элизат ТУРСУНОВА