Тагдырдын таштак жолунда
Чачыраган үй-бүлө, чар жайыт турмуш…
Редакциябызга кайрылган 19 жаштагы Нурмиранын тагдыры бул суроону кайра көтөрүүгө аргасыз кылды. Ал сыяктуу көр турмуштун айынан чет элде мусаапыр болгон кыргыздардын так санын эч ким билбейт.Алардын канчасы кордук көрүп, ден соолугунан, керек болсо өмүрүнөн ажырап жатканын да так билбейбиз. Ал эми ал жактагы кыргыз кыздарынын тагдырычы? Айрымдары алыстагы оорукчал ата-энесине акча табуу үчүн баарына кайыл болсо, башкасы акчага азгырылып көрүнгөн жөөттүн кайырмагында калып жатат. Буга ким күнөөлүү? (калкын камсыздай албаган мамлекетпи? Адамдар өзүлөрүбү?) Дагы канчага созулат?...Канча кыргыздын бактысына балта чабылып жатканына түйшөлөр жетекчи бизде качан пайда болот?

Арактын айынан
Нурмиранын үй-бүлөсүнүн тагдыры 2008-жылы чукул бурулуштарга дуушар болот. Алар Баткен облусунун Сүлүктү шаарында турушчу. Атасы Турат Россиянын Якутиясына барып бир жыл ичинде көп акча таап келет. Чет элдик маркадагы автоунаа, үй ичине кымбат эмеректерди алышат. Бирок, көп акчага көпкөн Тураттын арактан көзү ачылбай калат. Ылжып мас болуп келип ур-токмокко ала бергенинен тажаган апасы 10-класста окуган Нурмира менен 8-класстагы Алинасын төркүндөрүнө таштап Бишкекке баса бериптир. Ичимдик сатчу күркөдө сатуучу болуп иштеп тапканы күнүмдүк тамагынан артпай калчу. Ал эми кыздарынын кийим-кечесине, тамагына акча салууга канча тырышса да колунан келбейт. Карыган оорукчал ата-энесине балдарын жүк кылбоо үчүн, аларды эл катары окутуп бутуна тургузуу үчүн айласыз Россияга аттанат. Нурмира таэнесинин, сиңдиси Алина болсо таежесинин колунда калат. Ошентип, арактын айынан үй-бүлө туш тарапка чачырайт.
Россияда
"жашоо керемет"
Апакем "Россияда иштесек, бат эле бутка туруп алабыз"-дечү, бирок мындай болорун билген эмесмин"-деп көз жашын кылгыртат Нурмира. Анын айтымында апасы алгач дурус иштеп, балдарына жетиштүү акча салып турчу. Мектепти аяктаган соң 2010-жылы Нурмира да апасынын жанына Москва шаарына барат. Таежесинин колунда жүргөн Алина да былтыр аларга кошулат. 19 киши тыгылып жашаган 1 бөлмөлүү батирде баш калкалашат. Бейтааныш кишилер, эркек-аял топурап аралаш жашашат. Күндүз жумушка кеткен кишинин ордуна түнкү сменден келгени уктайт. Бири-бирин кызганып кызыл чеке болуп мушташкан бүлөлөр… Нурмира апасы пол жууп иштеген банкка, сиңдиси болсо кайсы бир кафеге идиш жуугуч болуп орношот. Бөтөн жерде жүдөп, мекенди сагынып жүргөн учурда апасынын азербайжан улутундагы бирөөгө турмушка чыгуусу алардын жашоосун биротоло өзгөртөт.
Арманда кеткен апакем
Азербайжан улутундагы өгөй атасы абдан кызуу кандуу, ачуулу киши болуп чыгат. Болбогон жерден чыр чыгарып, жаңжалдашып турчу. Анын айынан апасы өзүлөрүнө көп көңүл бура албайт. Маяналарын да азербайжан күйөөсү алып койчу. Бир чети күйөөгө чыккан апасына таарынган, бир чети өгөй атасы менен бир тургусу келбеген Нурмира чогуу иштешкен тааныш кыздардын батирине көчүп кетет. "Көйгөйлөрүн унутуу" үчүн кыздарга кошулуп тамеки тартмайды адатка айлантат. Өзү турган батирдеги Нурбек аттуу алайлык жигит менен ынак мамиледе болот. Нурмиранын кош бойлуу болуп калганын билгенде Нурбек дайынсыз жоголуптур. Бул абалда Нурмира кайра апасына кайтууга аргасыз эле. Ымыркай менен кошо башына жүк болгон кызды өгөй атасы жектеген менен өз энеси унчукпай кабыл алат. Ушу күндөн тарта Нурмира азербайжандын ачуу кыйкырыгы тыйылбай, атүгүл апасын көргөзбөй сабап баштаганын байкайт. Апасы көгала тактарды "Катуу урунуп алдым"-деп жашырып койчу. Ал Нурмиранын кызын өз уулуна(азербайжандан көргөн) кошуп багып алат. Туугандарына "Өзүмдүн кызым"-деп тааныштырат. Нурмиранын абийирин сактоо үчүн "анын жаңылыштыгын" сыр бойдон калтырышат. Россияга барса эле бакыт тапчудай болгон үй-бүлө 2011-жылы май айында акыркы сыноого тушугуптур. Нурмира жумушта жүргөндө "апасынын ооруп" калганын телефон аркылуу кабарлашат. Келсе апасы Москвадагы ооруканалардын биринде комада жатыптыр. Буга чейин кээде башы ооруганы болбосо, апасынын саламаттыгы жакшы болчу. Команын чыныгы себебин өгөй атасы ачык айтпай "Башында шишик бар тура"-деп коет. Дарыгерлер Нурмира менен жашсынтып сүйлөшпөйт. Бир ай комада жаткан соң, апасынын сөөгүн колдоруна алышты. "Кызымдын сөөгү да мусаапыр болбосун чет жерде"- деген таэнесинин суранычы менен апасынын денесин Сүлүктүгө алып келип жашырышты. "Россияда иштеп акча, бакыт табабыз"-деп келген апакем ал максатына жетпей арманда кетти" деген Нурмира "чоң муштум өгөй атасынан" да шеги бар. "Чын эле билинбеген оорусу апасын комага түшүрдүбү же, күйөөсү талуу жерине уруп койдубу"- деген суроонун жообун таппай келет.
P.S. Мына Россияга барса жыргачудай бакыт издеп кеткен тагдырлар… Учурда Нурмира өз кызы (туугандарына сиңдим деп тааныштырат)менен чогуу Москвада, сиңдиси Алина кайра таежесинин колуна өткөн. Иниси азербайжан атасынын колунда. Бир үй-бүлөнү чилдей тараткан замана. Андыктан чет өлкө көзүнөн учкан мекендештерге айтаарыбыз - чет жерге баргандын баары эле бакыт таба бербейт.
Бетти даярдаган
Анара Дыйканова




Талаштан тактыкка

Улут ыйыкпы же динби?


Чубак Жалилов, муфтий:

"Манасты биз "ыйык" деп
айтпайбыз, сыйлайбыз"

Акыркы убактарда Кыргызстанда улутчулдук сезимдер менен диний ишенимдер ортосунда тиреш күч алып бараткансыйт. Буга мисал улуттук "Тай тебиш" бирикмесинин жетекчиси Кубанычбек Тезекбаев улуттук дөөлөттөрдү көкөлөтүп, ага исламдын айрым жерлери коошпой жатканын билдирсе, ага каршы "диндин ыйыктыгын баалай албаганы" үчүн аны Турусбек Сагынаев ажынын сотко берүүсү, "Манас Ордо" коомунун жетекчиси Анарбек Усупбаевдин көз караштары менен дин өкүлдөрүнүн кайым айтышуулары, дагы дагылар... Мындан улам кырдаал татаалдашып эми кыргыздар улутчулдар, динчилдер болуп бөлүнүп, жаатташмайга өтөбүзбү деген тынчсыздануу жаралат. Бул багытта 1) Дин мамлекеттеги жарандардын ой-пикирлерине, ишенимдерине (улуттук сезимдерине) кийлигишүүгө акысы барбы? 2) Улуттук көрөңгөлүү "Манас Ордо", "Тай Тебиш" сыяктуу уюмдар менен тирешүү ордуна, биримдикке келүүгө болбойбу? деген суроолор жаралат. Мисалы, кыргыздар үчүн учурда ислам да, Манас да ыйык. Бирөөсүн тандоого үгүттөө туура эмес-деген суроолорго тиешелүү кишилердин көз караштарын билүүгө аракет кылдык.


1) Дин адамдардын ой-пикирлерин, ишенимдерин туура нукка салат. Адамзаттын асыл дөөлөттөрүн: ыйман, уяттуулук, жоопкерчилик, патриоттуулук, кечиримдүүлүк, сабырдуулук, берешендик деген сезимдерди тарбиялайт. Албетте диндеги айтылган нерселерди кабыл кылуу же кабыл кылбоо жеке инсандын тандоосу. Эч кимди кыйнап жакшы кыла албайсың, ошондуктан жашоону дин жолуна буруу - ар бир инсандын өз эрки.
2) "Тай тебиш" өнөрү тууралуу айтсак мамлекеттик коопсуздук кызматы Дин комиссиясынын катынын негизинде "Тай-Тебиш" федерациясынын негиздөөчүсү К.Тезекбаевди сотко берген. Коопсуздук кызматынын берген баяндамасына ылайык К.Тезекбаев дин аралык жаңжал чыгаруучу сөздөрдү айткан делет. Бул сөздөрдү анализге алып экспертизадан өткөргөн орган мамлекеттик Дин комиссиясы. КМДБ атайын кагаз менен Мамлекеттик коопсуздук кызматына кайрылып айтылып жаткан каттын нускасын уламалардын назарына да салууну суранууда.
Кыстара кетчү нерсе - Манасты биз "ыйык" деп айтпайбыз. Аны сыйлайбыз, урматтайбыз. Бирок, ага берилген орундан ашырып, көкөлөтүп, кудай деңгээлине чыгарбайбыз. Сыйынуу менен сыйлоонун орундарын туура аныктап алсак эле бардыгы жайында болот. Ля иляха илляллаху келмесинин мааниси "Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок" дегенди билдирет. Ким Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат бар деп ишенип, ошого амал кылып жүрсө - ыймандан, исламдан чыгып калат.




Мирлан Самыйкожо, Кыргыз
радиосунун башкы редактору:

"Улутка асылышпаса"


Турусбек Сагынаев ажы баштаган арызчы топ Тезекбаевге кошуп кыргыздын патриот жигити Кыргыз радиосунун башкы редактору, Мирлан Самыйкожону да сотко берген экен. Бирок негедир тергөөчү топ Мирлан Самыйкожону күбө катары гана чакырган. Андыктан Мирлан мырзага да собол жолдодук.
- Тезекбаев менен Сагынаевдин ортосундагы соттошууга кандай пикирдесиз?
- Эч негиз жок болчу. Сотко дагы сот убактысын коротуп карай турчу нерсени бериш керек да. Тезекбаев экөөбүз киши өлтүрүп же кыз зордуктасак бир жөн. Тарыхты эч ким ташка, кумга бастырып кое албайт. Чындык деген сынбайт да.
- Дин мамлекеттеги жарандардын ой-пикирлерине, ишенимдерине (улуттук сезимдерине) кийлигишүүгө акысы барбы?
- Динди ким кааласа тутунат. Аны зордоп, сотко берип коркутуп чөгөлөтө албайт. Ансыз деле учурда баптист сыяктуу диний секталар элдин башын айлантып салбадыбы. Андан көрө ошондойлорду карашса жакшы болмок. Улуттун улуулугун айткандарга асылбай.
- Улуттук көрөңгөлүү "Манас Ордо", "Тай Тебиш" сыяктуу уюмдар менен тирешүү ордуна, биримдикке келүүгө болбойбу?
- Эч качан тирешүү болбош керек деп ойлом. Эгер Кыргыздын улуттук дөөлөттөрү менен тирешем дегендер болсо, анда алар өтө чоң жаңылат. Кыргыз өзү деле динсиз болгон эмес. Манасты эч ким кудайдын катарына коюп, сыйынбайт. Кудай деген бирөө эле, жалгыз экенинде талаш жок. А Манасты капарына албагандар алар манкурттар.