Сайдулла "сайыш"


Чукушмай башталат деп далай айтканбыз. Мамлекеттик мүлктү камчыга ченеп сатуу вазыйпасы азыркы өкмөттө бар эле. Каратып туруп КТРКдан "БНК" май куйуучу жайлары сатылат" дедиңер. Баасы бир жарым миллиард сом дегениңерде карапайым калк "Оой укмуш турбайбы" деген ойго келген. Тилекке каршы жана дагы бир жолу тилекке каршы…
Сайдулла Нышанов аттуу белгисиз, жалаң "7777" деген номурлуу жол тандабас минген бизнесмен бар. Убактысында Акаев деген динозаврдын "Алга Кыргызстаны" менен парламентке келип, азыркы аппарат башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин элдештирүүсүндө Бакиев-Нышанов ынтымагы түзүлгөн. Муну азыркы Өмүке Текебаев жакшы билет, анткени азыркы автор "кабылдамасынын" кожоюну эле. Бакиевди Акаевдик бийлик аркылуу жеңип келдиң маанисинде анда Нышановдун абройу оо-ой… Бакиев бийликке келди. Ба-аягы малга-жанга дары сатып жүргөн Сайдулла жигит "Ата-Мекен" деген аты жакшы партиянынын бакыйган мүчөсү болуп чыкса боло. Болгондо да Максим Бакиев алып, бирок таштай качкан "БНК" аттуу май куюучу жайлардын ээси катары. Маселе анда эмес. Азыр ошол "Май куюучу жайлар жана алардын объектилерин саталы"-деп өкмөт демилге көтөрсө ага каршы болуп трибунадан кыйкырып жаткандарында. Каратып туруп жасалма жол менен бир жарым миллиарддык акчага бааланчу "БНКны" жүз отуз миллион сомго сатып жатышат. Сатышкан. Албай койду маанисинде. Анан да ачык тендер дегенде күйөсүң да. Кокуй, Өмүке, "Тазалык!" деп кыйкырасыз, тегерегиңизди карап койсоңуз боло...


"Кереге-ПРЕСС"



about | A Free CSS Template by RamblingSoul

15-февраль, 2012-жыл


Warning: include(../../footer.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kerege/12/0215_1.htm on line 93

Warning: include(../../footer.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kerege/12/0215_1.htm on line 93

Warning: include(): Failed opening '../../footer.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kerege/12/0215_1.htm on line 93