Күныргак

"Манас" аэропортун Америка менен Иран бөлүп алабы?


Акаевдин азабын кыргыздар акыр заманга дейре тартмай болду. Анткени кашы-башы кашкайган ал ажобуз "Ганси" деген кандуу казыкты Кыргызстандын пешенесине биротоло матыра каккан. Мына бүгүн дал ошол кара казык ажыдаардын азуусун кылтыйтып отурат. Дүйнө элин дүрбөлөңгө салган АКШ-Иран мамилеси кыл учунда турганда, Ирандын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Манучехр Моради: "Кыргызстан бийлиги АКШнын "Манас" транзиттик жүк ташуу борборун Иранга каршы колдонуусуна жол бербейт деп ишенебиз"-деген пикирин шардана кылды. Кылганда да, "Кыргыз бийлиги АКШ менен Ирандын ортосунда кагылышуу болуп кетсе, Иран "Манас" транзиттик жүк ташуу борборуна кол салат деп кооптонбой эле койсо болот. Бүгүнкү күндө Иранга карата колдонулуп жаткан санкциялар менен оозеки түрдө коркутууларды психологиялык кол салуу катары сыпаттасак болот. Биздин өлкө күчтүү илимий-техникалык базага жана күчтүү армияга ээ. Ошондуктан, кайсы бир өлкө Иранга кол салууга даабайт"-деп зор дымак менен баса айтты, шарият мыйзамын тутунган өлкөнүн элчи-өкүлү. Бул жарыяга кулак бышырып, кайгыга көнгөн көтөрүмдүү Кайран эл турат, аэропорт жакты улам-улам жалт карап…

"Кереге-ПРЕСС"



about | A Free CSS Template by RamblingSoul

7-февраль, 2012-жыл


Warning: include(../../footer.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kerege/12/0208_1.htm on line 93

Warning: include(../../footer.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kerege/12/0208_1.htm on line 93

Warning: include(): Failed opening '../../footer.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kerege/12/0208_1.htm on line 93