Өнөр секиде
Гүлжигит Калыков:
"Музыка дүйнөсү
"Евразия жылдызы" эл аралык конкурсунун жеңүүчүсү Гүлжигит Калыков менен чакан маек курдук.

- Ыр дүйнөсүнө кандайча аралашып калдың?
- Кичинекей кезимден баштап эле аралаштым. Мектепте окуп жүргөндө эле Майрам Акаева түзгөн "Мээрим" фонду уюштурган "Жаш таланттар", башка да ар кандай сынактарга катышып жүрдүм. Кийинчерээк Муратаалы Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырып, ага катар эле КМКАТУ университетине тапшыргам. Бирок, бир убакта эки окуу жайдан билим алууга мүмкүнчүлүгүм жетишпегендиктен музыкалык окуу жайдан экинчи курсту аяктаган соң чыгып кеткем. Себеби, сынактарды өз убагында тапшырып жетишиш оорчулук жаратат экен.
- Продюсериң сени тандадыбы же сен аныбы?
- Менин продюсериме жолугуум да өзүнчө кызык окуя. Достор менен ар кандай чакан студияларга барып турчубуз. Ошондой күндөрдүн биринде Канат Култаев, Мирбек Атабековдор да келип, мен алар менен таанышып калдым. Ошондон тартып чогуу иштеп келе жатабыз.
- Продюсериңдин ишинин жемишин көрүп жатасыңбы?
- Ооба. Мени ушул деңгээлге жетүүмө продюсеримдин ат көтөргүс эмгеги бар. Себеби, кийген кийимимен тартып, баскан-турганыма, ырдаган ырыма чейин продюсерим жардамдашат. Андан тышкары ар кандай сынактарга катышуума продюсерим түздөн-түз көмөктөшөт.
- Сен бир топ мамлекеттерди кыдырып келдиң. Биздин шоу дүйнө менен алардыкынын айырмачылыгын байкадыңбы? Кайсы мамлекеттики өйдө, кайсыныкы төмөн экен?
- Албетте, ырчылык менталитеттери болот экен. Бизде фольклор жанры деген сыяктуу эле, алардын да кандайдыр бир өзгөчөлүктөрүн байкап жаттым. Ар бир мамлекет искусство жаатында абдан өнүккөн экен. Искусство адамдарына чоң колдоо, жардам көргөзүп турушканын байкадым. Атап айтсак, Турция, Азербайжан жана башкалар.
- Азыр бизде басымдуу түрдө чоң-чоң соода борборлору, дүкөндор, базарлар курулуп жатат. Ошолордон айырмаланып өнөр адамдары, көрүүчүлөр үчүн кандайдыр бир жаңы, заман талабына төп келген бир имарат курсак деген ой келдиби?
- Мен чет жерде сынакта жүргөндө бул жакта бир маселе көтөрүлгөн экен. Артисттер фонограмманын жардамысыз, жандуу үн менен ырдаш керек деген. Жандуу үн менен ырдаш үчүн ошого шарт түзүлүш керек да. Азыр чоңураак концерт уюштурганга филармониядан бөлөк жер деле жок. Жок дегенде имарат курбаса дагы, жакшы бир техникалар менен камсыздаса жакшы болмок.
- Мына, сен "Евразия жылдызы" сынагын келерки жылы Кыргызстанга өткөрүүгө жолдомо алып келдиң. Сен ошол сынакты кайда, кантип өткөрөрүбүздү ойлондуңбу?
- Албетте ойлондум. Шаарларыбыз менен аларга тең келе албайбыз. Бирок, Кыргызстандын табияты кооз. Андыктан сынакты кереметтүү көлдүн боюнан өткөрсөкпү деген оюм бар. Эми сынакка мамлекет тарабынан да жакшы көңүл бөлүнүп, чоңураак деңгээлде өткөрүп алсак жакшы болмок. Себеби, музыка дүйнөсү тил тандабайт, дил тандабайт. Ошол сынакка келген конокторубузду жакшылап тосуп, жакшылап узатып алсак дейм.
- Сынактын жыйынтыгы СМС добуштун негизинде жыйынтыкталды. Буга канчалык деңгээлде ишенсек болот.
- Буга толук ишенсек болот. Жеңиштин жетимиш-сексен пайызын СМС чечти. Калыстар дагы өздөрүнүн баасын берип жатышты. Ошентсе деле басым СМСке коюлуп жатты. СМС добуш берүүнүн да өзүнүн шарты болду. Ар бир мамлекет өзүнүн ырчысына добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берилген жок. Андан башка, күнүнө бир саатка жакын убакыт "ТРТ-АВАЗ" каналы биздин күндөлүк турмушту чагылдырып жатты. Бул жерден бизди көрүп жаткандар күнү-түнү биздин жеке номерлерге добуштарын берип жатышты.
- Сынактын катышуучуларынан сенин артыкчылыгың эмнеде болду деп ойлойсуң?
- Ал жерден өзүбүздү алып жүрүүгө, айырмаланып турууга аракет кылдык. Андан тышкары, музыка жаатында да бири-бирибизге ой- пикир, сындарды айтып турдук. Продюсер менен байланышып, ар бир кылчу нерсебизди, берчү интервьюбуздан бери кеңешип алып турдук.
- Кыргызстандан сени коштоп кимдер жүрдү?
- Коштоп жүрүүгө шарт жок экен. Уюштуруу тобу ар бир мамлекеттин катышуучусуна өздөрүнүн атайын дайындалган кишилерин кошуп, ошолор биз менен жүрүштү. Тамак-аш, уюштуруу маселеси, атүгүл ырдала турган ырларга чейин ошолор менен кеңешип турдук.
- Шарт боюнча, ар бир мамлекеттин ырын жаттап ырдоо керек эле. Сага кайсы элдин ыры оорчулук жаратты?
- Мага казак тилинен бөлөгүн жаттап ырдаш оорчулук жаратты. Кээ күндөрү түн бир оокумга чейин ыр жаттап, эртең менен унутуп калган күндөр да болду. Тил маселеси бир топ эле кыйнады.
- Ырларды кантип тандап аттың?
- Сынак жогорку деңгээлде өткөндүктөн, ырларды тандоодо жеңил-желпи ырлардан качып, мүмкүн болушунча эл сүйүп уккан ырларды аткарууга далалат кылып жаттык.
- Сенин ийгилигиңе биздин бийлик тараптан жардам эткендер болдубу?
- Андай деле көрүнүш болгон жок. Болгону финал өткөн күнү кыргыз коомчулугунан келишип, желек көтөрүшүп, аз да болсо дем болуп беришти. Финал болгон күнү бул жактан продюсеримди жана УТРКнын мүдүрү Кубат Оторбаевди чакырышкан. Финалдын кийинки күнү Кубат Оторбаев мени жана продюсеримди ошол маалда Түркияда иш сапар менен жүргөн президентибиз Алмазбек Атамбаев менен жолугушуубузга шарт түзүп берди.
Маектешкен
Анарбек АВАЗБЕКОВ