PRESSKG.COM



п»ї

Каныбек
Кадыралиев
(Кандуу жол 2)
Саясат
Базары
Сандан-санга
"Кандуу жол" аттуу китепти Эдил Кожошизи деген атка жамынып Эмилбек Каптагаев жазып чыкканы маалым. Анда белгилүү коомдук ишмер Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча айтылган. Ошол китептин акырында Эмил Каптагаев "Бул кандуу жол каякка алпарар экен?"-деп бүтүргөн. Ушул суроого жооп ирээтинде Каныбек Кадыралиев деген адам "Кандуу жол" китебинин уландысы катары "Саясат базары" аттуу көркөм чыгарма жазыптыр. Андыктан "Кереге kg" гезити окурмандары үчүн Каныбек Кадыралиевдин "(Кандуу жол 2) Саясат базары" китебин сандан-санга жарыяламакчы. Аталган "Саясат базары" китеби көркөм чыгарма болсо да, дээрлик биздин күнүбүзгө үндөшүп, документалдуу-детектив катары жазылган. Чыгармада 7-апрель окуясынын келип чыгышы, түштүк коогалаңы, тымызын жоголгон инсандар, парламенттик шайлоо, борбордогу теракт, Садыркуловдун өлүмүнүн ачылышы жана президенттик шайлоо өңдүү негизги окуялардын коомчулукка кулпуланган анык сырлары ачылып, саясаттагы саткындык менен соодалашуулар чагылдырылат.

- Демек, Бакытты да өлтүрүп коюшуптур да?-Нурлан өзүнө-өзү суроо бере кетти. Бул учурда Бекасыл Анарбекович ары жакта "Marlboro" менен "алпурушуп", көк түтүндү буркурата дембе-дем үйлөп турган. Нурландын бушаймандана өзүнчө сүйлөнүп атканын эшитип калды да кайрадан кейип-кепчий сөзгө кирди.
- Ооба, менимче өлтүрүп коюшту. Мен да так ушундай ойлоп жатам. Азыркыларга, Кибаевдерге караганда Какаев кыйла гумандуу адам экен. Анын убагында мынча кан болгон эмес. Кибаевдер беш жылда канга кокосунан батып, анык кан ичкич болуп калышкан. А булар болсо эмитен эле канга белчесинен чыланып калышты. Эх, канчалаган асыл жигиттер булардын кытмыр тапшырмаларын эч жигин билгизбей аткарышты да өздөрү так ошол иштердин арты менен эч жиктери билинбей, кумга сиңген суудай жоголуп атышат. Билип эле турам, Бакыт да ошолордун бири болду. Биздин касиеттүү деген Ала-Тообуздун эчен кокту-колотторунда канчалаган азаматтарыбыз эч белгиси жок, аруу жуулуп, ак кепинделбей, ар кайсы коңулда, ар кайсы аң-чөнөктө корумдалып жатышат. Ушуларды ойлогондо күйүп кетем. Кайран жигиттер, саясаттын не бир ыплас оюндарынын курмандыктары болуп калышарын бири да сезген жок го. Ар бириндеги "Мамлекеттик тапшырманы аткарып жатабыз"-деген ишеним өз баштарын жутуп, өз тагдырларын өз колдору менен кыйдырып жатканын билишкен жок да. Алардын кызылдай тагдыры менен ойногондор болсо минтип биринин артынан бири бийликке келип, кызматтан жогорулап, мамлекетти талап-тоноп атышат. Ээ, Нурлан, кайсы бирин айтарды да билбей калат экенсиң. Балким Бакыт тирүүдүр. Менин балдарым катуу иштеп атышат. Эгер тирүү болуп, анан менин колума тийип калса, анда сен экөөбүзгө эле эмес, бүтүндөй коомчулукка булардын болгон сырын ачып берүү үчүн негизги маселе болуп берет. Издөө жыйынтык бергенче сен экөөбүз маегибиздин тээ башына барып, үзүлгөн жерден ирээти менен улап туралы. Башта айткандай биз бул тарыхты кандай болгон күндө да элге айтып беришибиз керек. Анда сен кагаз, диктофондоруңду ирээтте. Мен бир чылым чегип алайын. Айтмакчы, кай жерден токтогонубузду мага айтып койчу?
Бекасыл Анарбекович чылым чеккени сыртка жөнөдү. Нурлан болсо Бекасыл Анарбековичке жолуккан сайын улам бир маселенин учугу чыгып, улам бир сыр ачыла бергенгеби, айтор башы маң боло баштады. Китепти баштаганда Кибаевдердин кантип бийликке келгенинен баштап келатып эле Салаватовго өтүп кетти. Туратаалы ажынын өлүмү, Матабаев менен Арсиевдин банктан алып чыгып кеткен сейфтери, опер. жигиттер Эркин менен Бакыттын тагдыры… Деги китептин он барагы жазыла электе эле ушунча чалды-куйду болуп кетти. Мунун баарынын сырын ачып, аныктабаса Анарбековичтин "тарых алдында тазалануусу" жөн эле көркөм чыгарма болуп калат го. А бул сырлардын баарын аныктап бүтүш үчүн Анарбекович менен дагы канча убакыт иштешүүгө туура келет? Ансыз да Анарбековичтин "тарыхын" таптаза кылмакчы болуп киришкенден бери журналисттик адистигинде кадамы жайлап, иштешкендери "Жалкоо тартып кеттиң"-деп күңкүлдөй башташпадыбы. Нурлан анык чырмоок ойлорго чырмалып олтурганда Бекасыл Анарбекович "ышталып" келип калды.
- "Ооба, Нурлан менин ирээтсиз айткандарымды уга берип, чын эле сенин башың чаташып калды өңдөнөт. Эч нерсе эмес. Негизги фактыларды түшүрүп алсак, анан экөөлөп ирээттеп алыш оңой эле болот. Ал эми жумушуңа тоскоолдук болуп жатканын ойлонсоң бир-эки жылга өргүүгө чыгып, жумушуңду токтотуп деле кое турсаң болот. Ага дейре китепти бүтүп коесуң. Каражат жагынан ойлонбой эле кой. Сен экөөбүздүн үй-бүлөбүз ачка калбайт. Жок жетишем десең ишиңди иштей бер"-деди да, шкафтын сурмасынан акча алып чыгып:
- "Бул тырмак асты гонорарың, азырынча алып тур. Тыйындан зарыгып баратсаң айтып турарсың"-деп столдун үстүнө койду да, "Кана менин тарыхымдын кайсы тактасына келиптирбиз?"-дей диванга олтура кетти.
Нурлан муну таптакыр күткөн эмес эле. Анарбекович оюн окуп койгонго, анан да стол үстүндө турган жашылбайларды көргөнгө бир топ ыңгайсыздана түштү. Бул абалын жашырмакка бирдеме деш керек эле.
- Бекасыл Анарбекович мен антип деле ойлогон жокмун. Анүстүнө акча-тыйыным деле жетиштүү.
- Жок Нурлан, мен жөн гана оюмду айттым. Акчаны болсо алышың керек. Бул сенин эмгегиң. Эгер эмгекти баалап турбасак ишибиз жүрүшпөй калат. "Артык дөөлөт баш жарбайт"-деген кеп бар. Билем азыркы журналисттердин айлыгы канча экенин. Ошон үчүн силер жанагы "Саясий элита" атыктырган "Саясат-сагызгандары" журналисттерге ит жеминдей бирдеме ыргытып коюп, каалаганын жаздырып, өздөрүн кызылдай мактатып, каршы пикирдеги кишилерин силердин колуңар менен поктоп атышат. Ошолордун айынан журналистика дагы тарп аңдыган жору кейпин кийип, журналисттер заманбап кайырчыга айланып атышат. А гезиттер даарат кагаз деңгээлине түшүп, журналисттер ушакчы, шыбакчы, калпычы атыгып бүтүшпөдүбү. Ушунун баарын жалаң жанагы саясатчы атыккан чөөлөр жасап жатышат. Албетте абийирин, профессионалдуулугун, анан да журналистиканы сыйлаган анык адис журналисттер да бар. Мен бул тармакты абдан түзүк билем. Акыркы 20 жылга чукул убакыттан бери журналисттер менен тыгыз байланышта эмесминби.
Анарбековичтин журналистика боюнча айтып жаткандары Нурланды ого бетер ыңгайсыз абалга калтырды. Анткени бир ирээт коллегалары менен майрам алдында олтурушкан эле. Бир кесиптеши "Нурлан, сен Анарбекович менен жакшысың го, канчадан бери чыгарып эле келатасың. Давай сындырбайсыңбы? Нормально отуралы, бир"-деп калбаспы. Кесиптештери демиткенинен эрдемсип кеттиби айтор Нурлан шарт эле телефонун алып, Бекасыл Анарбековичке чыгып акча сураган. Акчаны Анарбековичтин айдоочусу Нурландын редакциясына таштап кеткен эле.
Нурлан бул абалдан эртерээк кутулууну көздөп, "Бекасыл Анарбекович, 7-апрель окуясы биздин мамлекеттин ички күчү менен гана жасалганына ишенесизби?"-деген суроону беймаани эле берип калды. Анарбекович адатынча бир жерди тиктей бир топко ойлуу олтурду. Анан гана эки ийнин күйшөй, ордунан обдула сүйлөй баштады.
- 7-апрель окуясы негизинен күтүлүп эле жаткан. Бирок мынчалык чукул бурулушта эмес болчу. Жана да мынчалык көп кан төгүлбөшү керек эле. Биринчиден буга албетте элдин саясий аң-сезиминин өсүшү, ошону менен эле социалдык абалдын чыңалуусу, саясий кырдаалдын курчушу себепкер боло алган жок. Бул жерде биринчиден Кибаевдер өздөрү ката кетиришти. Себеби, алар билген, кайсы бир күчтөр, тагыраагы оппозиция кадыресе даярданып калган болчу. Кремль да биздин өлкөдө бийликтин алмашуусуна өтө кызыкдар эле. Ошол себептүү алардан генерал Имишов биздин ошол кездеги оппозиция өкүлдөрүнө келип жолугуп, кандайдыр бир маселелер тууралуу сүйлөшүүлөр жүргөн. Муну чычкан аңдыган мышыктай болуп турган Кибаевдер да билип турушкан. Ал эми оппозиция болсо Арашан айлына, Кеминге, Кара-Балтага балдарды топтоп, бага башташкан. Бийликке сес көрсөтүү, оңунан келип калса оодарып түшүү негизинен май айына пландалган эле. Ал эми балдарды багуу үчүн каражат биздеги бийликтин алмашуусуна кызыкдар болгон өлкөдөн, жана да сыртта жүргөн кыргызстандык акчалуулардан алынып жаткан. Ошон үчүн кийин бийлик алмашканда, эч кызмат тийбей, атургай эстелбей калган Картайбасов Дубайдан келе кала допулдап жиберген да. "Эмне, мен 500 баланы багып бергенимди унутуп калдыңарбы? Бул революцияга менин да эмгегим бар. Менин да кызылдай каражатым корогон"-деп...






кыргыз тилиндеги гезит "Кереге kg"









??.??