Бешиктеги балдар да бек болушар... Мирзат Сапаралиева: "Үч эм экенин билсем Россияга барбайт элем" Көр турмуштун айынан чет жерлерде жалданып иштеп жүргөндөрдүн абалы ар кимге маалым. Каруу күчкө толуп турган жигиттер го башка маселе. Ал эми илмейген назик келин-кыздар, айрыкча боюнда барлары, жаңы төрөгөндөрүнүн тарткан азабы зээн кейитет. Анткени, аларды бөтөн элде эч ким маңдайынан сылап койбойт. Кара курсак үчүн кош бойлуулар төрөтүнө чейин иштөөгө аргасыз. Төрөгөн соң анык азап башталат. Аларга көмөк көрсөткөн жан жок. Мамлекет болсо жылына алардан өлкө бюджетине канча акча агылганын гана эсептебесе, калка болууну эсине да албайт. Буга Мирзат Сапаралиеванын маеги дагы бир далил. - Мирзат, Россияда жүрүп үч эм баланын энеси болуптурсуң. Мындай бакыт баарына эле буюра бербейт эмеспи. Ошого жараша түйшүгү да оор болгондур? - Чынын айтканда бул бакытка ээ болуу мага өтө кыйынга турду. Бул жакта жумуш жок болгондуктан, акча таап, бутубузга турсак деген ниетте күйөөм менен Россияга барууга аргасыз болдук. Кичинекей баламды чоң энесине таштап, ошол жакта иштөөгө кеттик. 2010-жылы февраль айында Россияга жөнөр алдында кош бойлуу экенимди билдим. Бишкек шаарындагы 7-кичи райондогу реабилитациялык борбордо дарыгерге көрүндүм, узиге түштүм. "Бир түйүлдүк, баары жайында" деп жыйынтык чыгарып беришкен. Андыктан, оорлошкончо иштеп келе калайын деп Россияга кете бергем. Ал жактан болсо мамлекеттик мед. мекемелерде каттоого туруу биз үчүн өтө татаал. 12 миң рубль талап кылынат. Биздин тапканыбыз 15 миң рубль болсо андан батирге, жолубузга, тамак ашыбызга берип жатып каттоого турууга акча арттыра албадым. 8 ай болгондо гана араң каттоого турдум. Мына ошол жерден ичимде 3 эм бала бар экенин айтышты. Мындай экенин башында биздин дарыгерлер жаңылбай так айтса Россияга барбайт элем. 8 айлык маалда узак жолго чыгуу коркунучтуу. Же поездге, же учакка отура албайсың. Айла жок келе албай калдым. Ал жакта баскан турганыңдын баары акча. Кош бойлуу экениме карабай керели кечке тик туруп идиш жууп иштедим. Төрөрүмө 3 жума калганда, таптакыр оорлошуп калганда гана жумуштан кеттим. Көп түйшүктөн уламбы, айтор, төрөтүм мөөнөтүнөн эрте 35 жумалык болгондо башталды. Москвадагы №5 төрөт үйүнө араң жеттик. Болбосо атайын эгиздер төрөлчү төрөт үйүнө баруубуз керек эле. Ал жерде дарыгерлер төрөткөнү үчүн, жана 3 ымыркайды багып караганы үчүн бизден 700 доллар талап кылышты. Биздин жарандыгыбыз болбогон үчүн ушундай мамиле жасашты. Айла жок, айткандарын берип жаттык. Анүстүнө балдарым алсыз төрөлгөндүктөн, өзгөчө көзөмөл зарыл эле. Андан кийин көргөн күнүбүздү айтпай эле коеюн. 2 бөлмөлүү батирде 17 адам жашачубуз. 3 ымыркай менен ошол жерде баш калкалап туруудан башка айла жок эле. Көчөгө чыксаң биздейлерди орус кемпирлер да жаман көрүшөт. "Таракандай каптап кеткендери аз келгенсип, эми бияктан төрөп да жатышат"-деп каргап-шилеп калышат. - Россияда төрөлгөн балдарга акча бөлүп беришет эмеспи. Силерге да бериштиби? - Ооба, бизге да бул сунушту айтышты. Төрөт үйүндө жатканда дарыгерлер ар бир балама 150 миң рубль төлөнөрүн айтышты. Барып күйөөң экөөң жарандык алсаңар гана жетиштүү деп түшүндүрүштү. Андан тышкары ар бирине ай сайын 6 миң рублдан жөлөк пул жана тамак-аш берилмек. Бирок жарандык алууга күйөөм экөөбүз макул болгубуз келбеди. Биринчиден, өз мекенибиздин жараны бойдон калгыбыз келди. Экинчиден, ага да бир топ каражат кетмек, ага биздин чамабыз да келбейт эле. - Адатта үч эм төрөгөндөргө мамлекет өзгөчө көңүл бурат. Силерге элчилик тарабынан кандайдыр колдоолор болдубу? - Тескерисинче. 3 ымыркай менен бирде ач калып, бирде ток калып жатып мекенге кайтуудан башка аргабыз калбады. Ага каражатыбыз да жок эле. Айлам түгөнгөндө 2011-жылы сентябрь айында Москвадагы кыргыз элчилигине бардым. Ал жерде мени көңүл буруп уккан эч ким болбоду. Мени кабыл алганы биздейлердин укугун коргочу юрист имиш. Ал байке мага "Силерге эч кандай жардам жок"-деди. "Эмнеге?"-десем, "Сен эмне майыпсыңбы? Жетимсиңби?"-деп тилдеп, кууп чыкты. Мен "Көп балалуу энемин го. Ымыркайлар менен үйүмө жетип алууга жок дегенде билетке жардам бергиле"-десем укпай койду. Күйөөмдүн тапканы батирден, тамак-ашыбыздан ашчу эмес. Болбосо, ар кимден тил угуп жардам сурабайт элем. Ал эми элчиликте отургандар баары орой мамиле жасап, жардам сурап кайрылгандар менен сүйлөшкүсү да келбейт. Ал жактагы кыргыздарды колдомок тургай, жолоткусу келбеген элчиликтин бизге эмне кереги бар(?) билбейм. - Кыргызстанга келген соң "Үч эм экен"-деп көңүл бурган эч ким болбодубу? - 2011-жылы октябрдан тарта биз Кара-Буура райондук кеңешине кайрылдык. Бизге ушу жылы декабрь айында гана жөлөк пул чыгарып беришти. Ошентип 2 жылдан бери бир эле ай жөлөк пул алдык . Айыл өкмөттөн мамлекеттик жардам берилиши керек экен. Ал да берилген жок. Ооруканада 10 күн дарыланып чыктык, баарын ашыкчасы менен төлөтүштү. Эч кандай жеңилдик берилген жок. Күйөөм кесибине ылайык жумуш таба албаган үчүн ар кайсы жерде иштеп тапканы күнүмдүккө да жетпейт. Анан ушундай абалда жаш үй бүлөлөргө мамлекеттик колдоо көргөзүлсө деп зарыгат экенсиң. Президентке, Өкмөт башчыга, Жогорку Кеңешке кайрылуубуздан майнап чыкпады. Тун уулум бираз чоңоюп калды. Ал эми үч эм наристелерим Амирхан, Алимхан, Адилхан да өз ырыскысы менен чоңоер. Биз үчүн 4 баламдын амандыгы гана керек. Ал эми мамлекет тарабынан да көңүл бурчу жетекчи табылар деп үмүттөнөм. Маектешкен Анара Дыйканова Сап Кабар Алай эли акимсиз жашайбы? "Алай районунун акимин райондук кеңештин жаңы депутаттары шайлашы керек. Ошондуктан азыркы учурда иштеп жаткан эл өкүлдөрүн таркатуу зарыл"-деген талаптарды Алай районунун революциялык комитетинин өкүлдөрү Ош шаарында өткөн маалымат жыйында билдирди. Аталган комитеттин өкүлү Калдыбай Мамаев "Учурда акимдикке көрсөтүлүп жаткан 3 талапкердин үчөө тең Бакиевдин кадрлары"-деди. "Биз революцияны ушул үчүн жасаган эмеспиз"-дейт Мамаев. Революциялык комитеттин өкүлү Шайназар Оторовдун айтымында, Алай районунда акимдик кызматка татыктуу жаш кадрлар бар, бирок алардын таанышы же акчасы жок. "Учурда жергиликтүү калктын арасында бир добуштун баасы 50-80 миң сомго бааланып жаткандыгы айтылууда. Демек, кайрадан эле бийликке акчалуулар келгени жатат. Биз депутаттарды калктын камын ойлосо деп шайлаганбыз, алар добушун сатып жаткан соң, райондук кенешти таркатуу зарыл"-дейт ал "Суталинов УКМК менен сүйлөшүп алган"-дейт И. Исаков "М.Суталинов кайсы парашют менен түштү? Биздин комитетке М.Суталинов Казакстандын аймагында жүрөт деген маалымат түшкөн. Бирок чек арачылар Суталинов чек арадан өткөн жок деп жатышат. Анда ал асмандан түштү да"-деп суроо берди И.Исаков чек ара кызматынын башчысына. "УКМКда азыр кадрдык башаламан болуп жатат. Суталинов УКМК менен сүйлөшүп алган, ошондуктан ал келип отуруп калды. Ошондуктан, Суталинов боюнча Атахановду жоопкерчиликке тартуу керек. Чек арачылар Суталинов чек арадан өткөн жок деп жашырып жатышат. Аны такташ 3 күндү талап кылат"-деди ал. Мамлекеттик алымдар төмөндөдү 8-февралдан баштап Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы №521 "Мамлекеттик өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" өкмөттүн токтому күчүнө кирет. Бул ченемдик укуктук акт - кыймылсыз мүлктөрдү ээликтен ажыратуу келишимдерин күбөлөндүрүү боюнча нотариалдык аракеттерди жасоодо юридикалык жана жеке жактардын чыгымдарын азайтуу жана кыймылсыз мүлктү айландыруу жаатында мыйзамдуулукту камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. Аталган токтомго ылайык, өлкөнүн нотариустары тарабынан кыймылсыз мүлктөрдү ээликтен ажыратуу жана башка келишимдерин күбөлөндүрүүдө, мурас күбөлүктөрүн берүүдө мамлекеттик алымдар өкмөттүн токтому менен бекитилген жаңы өлчөмдөрдө алынат. "Кереге-ПРЕСС" |