Экс-Президент
Роза Отунбаевага
Беш жансакчы беделиңизди түшүрбөйбү?
Урматтуу Роза Исаковна, жакында эле сизге мамлекет тарабынан беш жан сакчы, өкмөттүк резиденциядан атайын үй, кызматтык автоунаа берилгенин массалык маалымат каражаттарынан билдик. Мен сизди өтө урматтайм жана учурунда эң оор кырдаалда мамлекетти бүлүнүүчүлүктөн сактап калганыңызды жогору баалайм. Айрым коомдук ишмерлер тарабынан сизге республиканын "Эл баатырлыгын" берели деген да сунушун колдойм. Бирок кызматыңызды өткөрүп бергенден кийин сизге беш жансакчынын канчалык деңгээлде зарылчылыгы бар. Эмне үчүн эки же үч эмес? Маселен үй, автоунаа берилгенин мен туура деп эсептейм, бирок бюджетти экономдойбуз деп баардык тармакта кыскартуулар жүрүп, ал тургай экс-спикер Акматбек Келдибеков манаптык жүрүшүнүн негизинде кызматтан кеткенин эске алсак сиздин бул кадамыңызга анча түшүнө албай турабыз.
Мусабай Момуналиев, Кадамжай райондук кеңешинин депутаты




Эл сурак!
Эсепсиз суроо элде бар
Урматтуу калайык-калк! Көйгөйгө көмүлгөн замана улам татаалдашпаса, оңолгон жери жок. Анткени бийликке ким келсе да элди экинчи орунга калтырып, өз арбайын гана согууда. Элди чындап аралап, карапайым адамдардын арманын уккан эч ким жок. Арыз-арманын айтууга баргандар бийлик лөктөрүнүн босогосун аттай албай, тосотторунан өтө албай бозоргондору жашыруун эмес. Андыктан элдин арыз-арманын гезит аркылуу болсо да дарегине жеткирүүгө белсендик. Кимдир бирөөгө арыз-арманыңыз, сурооңуз же нааразылыгыңыз болсо "Эл сурак" рубрикасына кайрылыңыз. Байланыш номуру 0773 34 07 62. Ал эми собол жолдонгон тарап эл тарабынан берилген суроолорго чычалабай чындык жообун берип коюуга чакырабыз.


КР Өкмөт башчысы Өмүрбек Бабановго
Акыркы үмүт сизде
Мамлекет жеткиликтүү колдоого алып, жумуш менен камсыздай албагандыктан жаштар чет жерлерде жумуш издеп тентип, кара курсактын айынан бөлөк эл, бөтөн жерде көрбөгөн кордукту көрүп жүрүшөт. Аларды калкалоо үчүн мамлекеттен эч кандай мүмкүнчүлүк каралбагансыйт. Же каралса да ал мүмкүнчүлүктөр жүзөгө ашырылбай жатабы билбейм. Алардын катарында келинчегим экөөбүз да Россияда иштейбиз деп көрбөгөндү көрдүк. Айрыкча, 2010-жылы келинчегим үч эм төрөгөн соң анык сыноо башыбызга түштү. Өз мекенибизде төрөлсө да балким башкача болор беле. Мындай учурларда мамлекет үч эм төрөгөн энелерге кам көрүп, үй бөлүп бергендеринен кабарыбыз бар. Мисалы 2011-жылы Бишкекте жана Ысык-Көлдө төрөлгөн үч эмдерге ушундай сый көргөзүлүп, улам теледен берилип жатты. Ал эми биздин үч эм балдарыбыз шартка жараша Россияда төрөлүп калган соң эч кайдан колдоо таба албадык. Тескерисинче, үчөөнү төрөтүп, караган кызматына дарыгерлер асмандын баасын сурашты. Жалгыз өзүмдүн тапканым эч нерсеге жетпей, 3 наристе менен көрбөгөн күнүбүз калбады. Эптеп жол кире таап мекенибизге кайтууну көздөп, жок дегенде "билеттен жардам беришсе, үйгө жетип алсак" деп элчиликке кайрылдык. Алар биздин абалыбыз тууралуу уккулары да келбей койду. Эптеп Кыргызстанга жетип келдик. Бирок, келгенден бери жумуш таба албай суй жыгылдым. Келинчегим балдардан бошобойт. Учурда Таластын Кара-Буура районундагы Кызыл-Адыр айылында 3 бөлмө тамда ата-энем, 4 балам, 3 бир тууганым, келинчегим жана мен 11 адам тыгылышып күн көрүп жатабыз. Адатта үч эм төрөлгөн балдарды мамлекет унутта калтырбайт, кам көрүп, башпаанек үй берип келет. Бирок, биз жадагалса жөлөк пулга да жетише албай койдук. Балдарым Амирхан, Алимхан, Адилхан учурда 1 жаш 8 айлык болду. Ушул убакка чейин мамлекет тарабынан канча чуркасам да көмөк ала албай келем. Албетте, мамлекет жөлөк болбой жатат деп доомат кылгым келбейт. Бирок, колдоого муктаж учурда көңүл буруп койсо деген үмүтүбүз чоң. Урматтуу, Өмүрбек Токтогулович бул багытта сиздин дарегиңизге, экс-президент Роза Отунбаевага жана Жогорку Кеңешке бир нече ирээт кайрылуу жолдогон элем. Бирок, эч жооп ала албай койдум. Акыры райондук башкармалыктан "Эч кандай жардам берилбейт"-деген жоопту уктум. Үч эм балдарымдын да өз ырыскысы бардыр. Ошентсе да, мамлекет унутта калтырбай көмөгүн көргөзсө деген акыркы үмүт менен сизге кайра кайрылууга аргасыз болдум. Урматтуу Өмүрбек мырза, сиздин эл үчүн кылган кызматтарыңыз, жаштарды ар дайым колдоого алып келгениңизди билем. Биздин абалыбызга кайдыгер карабайт деп үмүттөнөм.
Закир Наркулов,
Талас облусу, Кара-Буура району

P.S: Үч эмдин энеси Мирзат Сапаралиеванын маегин 7-беттен окусаңар болот.




ИИМ жетекчисинин орун басары Мелис Турганбаевге
Куру мактаныч кимге керек?
Өлкөдөгү коопсуздукка жоопкер күч түзүмдөрү элдин ишениминен чыгып бараткансыйт. Ага бул тармак жетекчилеринин айткан сөзү менен кылган иштери дал келбегени себеп. Айрыкча, бул сынды Мелис Турганбаевге да жолдосок болот. Теле аркылуу криминалдардын таш-талканын чыгарарын кыйытып "Мен кудайдан гана корком, башкасынын баарын ким экенине карабай жоопко тартам"-деп катуу айткан эле. Бирок, жыйынтыгы андай болбой бир канча суроолорду жаратат. 1) Урматтуу Мелис мырза, Сиз кудайдан гана корком, башкалары ким экенине карабай жазасын алат дегендей болдуңуз эле, бирок так өзүңүз жарыя кылган Мадумаровдун Садыркуловдун өлүмүнө байланышы ошол тейде калды. Мадумаров жазасын алмак түгүл президенттик шайлоого катышты, учурда ээн-жайкын эле жүрөт. Деги бул кылмышка ошол кездеги үлкөн жетекчилерден кимдир бирөө жооп бердиби, же ушу тейде жабылып кала береби?
2) Криминалдар менен күрөшүп жатабыз деп бир жылдан бери жар саласыңар. Бирок, Көлбаев, Анапияевдер Дубайда чардап эле жүрбөйбү. Интервью алуу үчүн журналисттер таап жатышат, анан сиздер кантип эле таппай жатасыңар? Жыйынтыгында криминалдар жоюлбай эле күч алып, түрмөдөгүлөр аркылуу өз талаптарын билдирип, өз саясаттарын жүргүзүп жатышат.
Урматтуу, Мелис мырза бул багытта түшүнүк берип койсоңуз жакшы болор эле.
Ырысбек Ниязалиев,
Токтогул району




Окурмандардын эсине
Урматтуу окурмандар, суроо, арыз-армандар-ыңыздарды дарегине жеткирүү үчүн "Эл сурак" рубрикасын атайын сиздер үчүн ачканбыз. Сиздердин үнүңүздөрдү жеткирип, жооп алып берүүгө, көйгөйлүү маселелерди чечүүгө көмөктөш болууга дайым даярбыз. Ушул убакка чейин биздин гезит аркылуу кайрылуу жолдоп келген окурмандарга ыраазылык билдиребиз. Болгону, суроолоруңуздар менен саат 9-18 00 аралыгында жумуш убактысында кайрылсаңыздар. Суроолор саат 18. 00 дөн кийин кабыл алынбайт. Буга суроого шылтап түн ортосунда чалып мазени алган ээнбаштар себеп болууда. Атүгүл түнкү саат 12 де чалып, "Күндүз кайрылгыла"-деген жооп үчүн өчөгүшүп, оозунан ак ит кирип, кара ит чыккандар да жок эмес. Урматтуу Ырысбек мырза, сизден да ыраазылык ордуна сөгүш алганыма карабай сурооңузду дарегине жеткирүүгө аракет кылдым. Анткени, биз үчүн элдин ар бир катмарынын (деңгээлине карабай) үнүн дарегине жеткирүү жеке кызыкчылыгыбыздан өйдө. Ошондой эле "Күндүр-түндүр суроолорду кабыл албасам, анда эмне үчүн айлык акы алып жатканыма" опурулдуңуз эле. Биз элдин суроо арыздарын айлык акы үчүн эмес, элге кичине болсо да пайдабыз тийсин деген маанайда жеткирип жатабыз. Өкүнүчтүүсү муну түшүнгөн да бар, сиз сыяктуу түшүнбөгөнү да бар. Биз үчүн бул маанилүү эмес, аздыр көптүр элдин керегине жараганыбыз гана маанилүү.

Даярдаган Анара Дыйканова