Балка сынабы?
Садыр ЖАПАРОВ:
"Ак үй чөнтөк сотторго кызыгууда"
Саясий интригалардын негизинде эбак эле бекилчү соттор бекибей, баягы Осмонкул акын айткандай "асманда асылган колбаса" кейиптенип, ары же бери кеталбай, эртеңки тагдырлары бүдөмүк болуп жаткан учур. Ал ортодо соттор кеңешинин төрагасы болуп бекиген Шамарал Майчиев жылан чагып, жылкы теппей отставка берди. Ушул окуялардын тегерегиндеСот, укук маселелери боюнча комитеттин экс-төрагасы, депутат Садыр Жапаров менен маек кылдык.

- Мурда сиз жетектеген комитетке азыр коомчулукка анча белгилүү эмес адам бекиди. Саясий чөйрөдө "Ырас бул комитетти КСД партиясы алгандан кийин Галина Скрипкина сыяктуу тажрыйбасы мол адам жетектесе болмок"-деген пикирлер айтыла баштады. Бул боюнча сиздин пикир өзгөчө болсо керек?
- КСДП фракциясын мен бул боюнча сындагым келбейт. Ага менин моралдык укугум жок деп ойлойм. Жаңы жылдан кийин иш деле боло элек. Президенттин каршы пикири менен кайрадан кайтарылган Сот системасына байланыштуу төрт-беш мыйзам бар. Ошону палатага алып чыгууга макулдашуу комиссиясын түздүк, бирок, иш алып бара элекпиз. Ал жерде эки гана маселе бар, Биринчиси: коалиция тарабынан Президентке Сотторду мурункудай толук көзөмөлдөө укугун алып бериш аракети болуп атат. А мен болсо буга каршы чыгып, "Сот системасы толук көз карандысыз болушу керек"-деген позицияны тутунуп жатам. Жеке пикиримде соттор президентке да, парламентке да баш ийбеши керек, Ошондо гана адилеттүү чечимдер чыга баштайт.
- Сиз комитеттин төрагасы болуп турганда ушул сунушту киргизгенсиз да?
- Мен бул позицияда бүгүн да турам. Ак үй, көк үйдөн чалып, кысмакка алып сотторду чечим чыгартышат. Мурда Максим Бакиев деле ошондой кылчу. Акаевдин убагында деле ошондой болгон. Учурда деле мындай жаман адаттан куру эмеспиз. Себеби, азыр деле президенттин аппаратында баягы эле адамдар иштеп атышат. Алар бир звонок менен мыйзамдуубу же жокпу, сотторго өкүм чыгарттырып көнүп калышкан. Жыйынтыгында соттор күнөөлүү болуп чыгышат. Эгерде кысымдар болбосо соттор деле мыйзамдуу чечимдерди чыгарып беришет. Ошондуктан, сот системасы эч кимге баш ийбей, элдин гана алдында жооп беришсин деп атам. Сотторду эл өзү эле көзөмөлдөп атат. Элден коркуп соттор бүгүнкү күндө бүжүрөп калышты.
- Сотторду тандоо кеңеши кандай критерийде түзүлгөн?
- Сотторду тандоо кеңеши мыйзамдын негизинде түзүлгөн. Булар талапкерлерди тандап туруп президентке берет. Президент болсо аларды карап арасынан туура эмес кандидатура көрсө каршылыгын билдирип кайра жөнөтөт. Сотторду тандоо кеңеши кайрадан кароого укугу бар. Үчтөн эки добуш менен президентке кайрадан берсе, президент айласыздан он күндүн ичинде жергиликтүү сотторду дайындашы керек. Мыйзамдык жолу ушундай. Булар азыр "Президент бир жолу артка кайтаргандан кийин сотторду тандоо кеңеши жаңы конкурс жарыяласын, кайра карап жөнөткөнгө укугу жок болсун"-деп атышат. "Андай болсо сотторду тандоо кеңешин эмнеге түздүк, жөн эле президентке эле каалаган сотуңду кой деп берип койбойлубу"-деп мен айтып жатам. Булар реформаны токтотуп коюу максатын көздөп сотторду тандоо кеңешин таркатып, өз кишилерин алып келип, кайра эле чөнтөк сотторун шайлаш керек болуп атат. Биз ага жол бербейбиз. Мен колумдан келишинче аракет кылам. Көпчүлүк добуш менен коалиция чечип кетсе айла жок. Ал эми конституциялык палата менен Жогорку сотту парламент бекитиш керек.
- Балким президенттик шайлоого чейин бийлик өзүн эл алдында ак көргөзүш үчүн соттор кеңешин түзүп, эми кайра таратып туруп өз таасирлерин күчөтүү үчүн мындай кадамга барып аткан жокпу?
- Булар сотторду тандоо кеңеши аркылуу деле мурункудай чөнтөк сотторун алып келебиз дешкен. Бирок, сотторду тандоо кеңеши парламентти да, президенттин аппаратын да укпай койду. Ооба, азыр алардын арасында туура эмес өтүп кеткен соттор да бар, жок деп айта албайм. "Аталган кеңеш идеалдуу сотторду берди"-дегенден алысмын. "Кой аксагы менен миң"-деп коёт эмеспи, аны президент тазаласын. Болбосо Жогорку Кеңеш тазалап коёт. Маселен конституциялык палатага үч талапкерди берди эле, экөө өтүп, бироо өтпөй калды. Мына ушундай жолдор менен тазаласак болот эле да. Ал эми булар баарын токтоткону жатышат. Бир мисал: конституциялык палатанын сотторун эмнеге толук курамы менен бербей койду? Үчөөнү берип, калган сегизин калтырып койду. Анткени, убакыттан утуп, президенттик шайлоо өтүш керек болчу. Шайлоодон кийин утулуп калган кандидаттар кимге кайрылат? Конституциялык сотко кайрылайын десе ал жок. Жогорку Кеңешке кайрылды, тилекке каршы биздин саясий чечим чыгаргандан башкага укугубуз жок. Мына, эми болсо шайлоо өттү. Инаугурация болду. Жок дегенде эми ишти баштабайбызбы! Учурда сотторду тандоо кеңешинде жарандык коомдун мүчөлөрү болуп, ошолор ишти жылдырыш керек экен деп шылтоолоп атат. Эмне жарандык коом Африкадан келгендер бекен. Аларды да ошол эле оппозиция, позиция көрсөткөндөр. Арасында өкмөттүк эмес уюмдар бар, адвокаттар, жумушсуздар, отставкадагы аскер адамдары, кыскасы баары эле бар экен. Мына ушулардын бардыгы коомчулукту түзөт да! Эми күнөө кимде экенин өзүңүздөр баамдап алыңыздар.
- Сиз Жогорку Кеңеште кош бийлик пайда болду, комитеттер иштебей, атаандашып аткандай мүнөз калтырып атат деген пикирди айтып чыктыңыз эле. Ушуга түшүндүрмө берип койсоңуз.
- Мен андай билдирүү жасаган эмесмин. Комитеттер тирешкен жок. Бирок бир учурда коллегаларыбыз Тербишалиев, Туманов, Данияр Ильич, Алымбеков, Каптагаевдер август, сентябрь айларында Ак үйдүн атайын заказын аткарып аткан.
- Мындан ары сот системасы кандай жылышы керек, же ушул эле бойдон тура береби?
- Азыр дагы сот системасын сотторду тандоо кеңеши жылдырып кете берсе болот. Мыйзам толук жол берет. Бул жерде жеке бирөөнүн кызыкчылыгы жок. Болгону сот системасынын гана кызыкчылыгы турат. Аны иштетпей аткан Ак үй, президенттин аппараты.
- Азыр сотторду тандоо кеңеши асманда асылган бойдон турат да?
- Туура айтасың. Мен да ошону айтып атам. Бул маселелердин бардыгын жаңы жылга чейин бүтүрүп койгонго мүмкүнчүлүгүбүз бар эле. Эми азыр президенттин каршы пикири деп мыйзамдарга шылтап кайра алып келип атат. Бул процесс дагы март, апрель айларына чейин созула турган болуп калды. Ошондо революциядан кийин эки жыл өтүп кетет. Учурунда конституция жазганда сотторду 100% алмаштырыш керек деп жазышкан. Тилекке каршы андай болгон жок. Мыйзам чегинде алмаштыралы дегенге жол бербей атышат.
- Мисалы, азыркы соттордун чечимин кийинки келген соттор жокко чыгара турган жагдай пайда болуп калбайбы?
- Андай мыйзам жок да. Маселен: эки жылдан бери иштеп аткан соттордун баары эле мыйзамдуу иштеп атат. Эгерде кайсы бир соттук чечимдер экинчи инстанция аталган шаардык, район аралык, андан барып Жогорку сотто артка кайтарылса гана мыйзамдуу болуп эсептелет. Болбосо, район райондукун, област областтыкын карай албайт.
- Демек, азыркы соттор деле мыйзамдуу түрдө иштеп аткан экен да?
- Ооба, азыр ушул сотторду гана жаңылап, жаңы конституциянын негизинде жаңы сотторду алып келишибиз керек болуп жатат. Жаңы бийлик ошону кылбай атышпайбы.
- Соттор кеңешинин арасында башка өлкөнүн жарандары бар деген маалыматтар бар. Бул өлкө коопсуздугуна терс таасирин тийгизбейби?
- Ал боюнча менин маалыматым жок экен. Аны тактап чыгыш керек. Чын эле башка өлкөнүн жараны болсо соттордун арасында отурууга укугу жок. Мыйзам буга жол бербейт.
- Ата-Журт фракциясынын сотторду тандоо кеңеши боюнча позициясы кандай болот?
- Биздин позиция-баары мыйзамдын чегинде болушу керек. Талабыбыз да ошондой жана сотторго тез аранын ичинде реформа жүргүзүлүп, жаңы соттор өз ордуларын тапса, анан ирээттүүлүк башталат эле. Азыркы соттор болсо качан кетип калам, кайра сот болуп келемби же жокпу деген сыяктуу күмөн саноо менен отуруп, коррупциялык иштерге барып атат.
- Дагы бир маселе, мурунку президент Роза Отунбаева соттордон экзамен алганы кандай көрүнүш?
- Бул туура эмес. Роза Отунбаева, Данияр Ильич, Эмил Каптагаевдер отуруп алып, экзамен сыяктуу ар бир сотту такып туруп алышпадыбы. Мен Данияр Ильичтин өзүнө сессияда суроо бердим: "Сиз конституцияны жазгансыз. Соттукка кандидат болуп келгендерден Өзбекстандын конституциясын сурап атасыз. Ал билбей калды. Мен Өзбекстандыкын сурабай эле коёюн. Өзүңүз жазган конституциянын 55-беренесин айтыңызчы?"- десем айта албай койбодубу. Адам баласы компьютер эмес да. Ошол соттор мээсинде билет кайсы берене экенин. Конституциябы, Жаза кодексиби, Жарандык кодекспи, буларды "настольная книга" деп коёт. Сот, прокурор өкүм чыгарардан мурда буларды ачып карашы зарыл. Билген учурда да карашы керек. Ал эми жооп бере албай аткан соттор президенттен апкаарып калышты деп ойлойм. Отунбаеваннын жанында аппарат жетекчиси турса, Жогорку Кеңештин өкүлү турса, журналисттер турса, камера тартып атса, албетте апкаарып, сүрдөшөт да. Ошолордун бир тобу мага келип ыйлап, даттанып кетишти.
- Демек, азыркы талап менен сотторду тандоо кеңешинин төрагасы кайра дайындалабы?
- Сотторду тандоо кеңеши мурдагы төрагасы Ш.Майчиев кетем десе аны учурунда кетирбей коюшкан да. Ак үйдүн көрсөтмөлөрүн аткарып атып сотторду тандоо кеңешиндеги айрымдары бир топ мыйзамдарды бузууларга барышкан. Ошолорго жооп берер учур келгенде Шамарал Майчиев арызын жазып кетип калды. Менимче бул жерде президенттик аппараттын атайын оюну болуп кетти окшойт.
Маектешкен
Төлөгөн Сулайманов