"Губернаторубуз мыкты" дешти
Редакцияга Нарындан келдик деп төрт аксакал келиптир. Атайын келгенден кийин аттарыңыздарды да газета бетине жарыялап коелу десек "Окурмандар кошомат кылган аксакалдар экен деп туура эмес көрүшөт"- деп макул болушпады. Эмне арман менен келдиңер десек "Армандарыбызды айта берип ушунча жылдан бери чекебиз деле жылып кетпеди, болгону азыр жаман эмес жакшы иштеп жаткан губернаторубуз Канат Муратбековдун изги ийгиликтерин, элге түзүп жаткан шарттарын, анан өзүнүн ийкемдүү жигит экенин айтып коелу дедик"-дешет. Аксакалдардын айткандарын тыңдасак Канатбек Камбарбекович учурда Нарын шаарынын паркын өз каражатына оңдотуп, айыл өкмөт башчылары үчүн атайы конкурс уюштуруп, алга озуп чыккан мыкты айыл өкмөт башчысына дале өз каражатына машина алып берип, ал тургай Дубайга эс алууга жолдомо да берди дешет. "Теңир Тоо бизнес форумун" өткөрүп, тоолу аймактан чыккан ишкерлерди кичи мекендерине инвестиция салууга үндөп, азыр ал иши натыйжа бере баштаганын айтышты. Андан тышкары тоолуу аймакта малдын башын көбөйтүү боюнча жакшы иш-чараларды колго алганы турганын эскертишкенине караганда бул мезгилге чейин республикалык бюджетте дотацияда отурган Нарын областы жакынкы үч жылдыкта кирешелүү аймакка айланышы толук мүмкүн экенине ынандык. Кадр саясатында да кол ийрисине тартат болбой жалаң иш билгилерди кызматка чегерип жатканы кубантарлык көрүнүш деп баса белгилешти. Республиканын башка региондорунда губернаторлук кресло талаш менен күн өтүп, иш экинчи планга чыгып калганда аксакалдардын минтип редакциянын босогосун аттаганын жакшы жөрөлгө катары баалап койсок болчудай.
"Кереге-ПРЕСС"




Баа-баягындай эле...
Казино кайгысы же "жел мыйзамды" жектегендер
Коомчулукта көптөн бери казинолорду жабуу боюнча маселе кызуу талкууланып келе жатат. Жогорку Кеңеш мыйзам кабыл алып, ал боюнча 2012-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда казино дегендин карааны жоголмок. Январь айынын баштап Ак үй алдында бир эле көйгөй боюнча эки башка пикеттер өтүп жатат. Алардын бир тобу казинолорду жабуу боюнча кабыл алынган мыйзамдын иштебей жатканына нааразы болгон адамдар болсо, экинчилери казинолорду жабууга каршы экендиктерин билдирип чыгууда.


Кумардын тарыхы
1387-жылы Францияда карта оюндарын ойлоп чыгарышкан.
1726-жылы Нидерландияда лотерияны жаратышкан.
Тарыхта биринчи жолу мыйзамдуу түрдө иштей баштаган казино 1765-жылы Швейцарияда ачылган. Казино деген сөз италиян тилинен которгондо кичинекей үй дегенди билдирет.
Биз мисал кылган, казактар туурап салдырып жаткан Лас Вегас казино шаары 1941-жылы курулган.
Ал эми интернеттеги онлайн букмекерлер менен казинолор 1995-жылдан баштап чыга баштаган.

Рулетканын тарыхы
17-кылымда франциялык окумуштуу, атактуу физик Блез Паскаль тарабынан түбөлүктүү кыймылдаткычтын прототиби ойлоп табылган. Бирок ал ошол учурда өзү ойлоп тапкан табылга эки жүз жыл өткөндөн кийин, популярдуу казино оюнуна айланып кетет дебесе керек. Бир калыпта текши айлануунун мехинизми ал кезде чындыктан алыс болгону менен кийин иш жүзүндө далилденди.
Блекджектин пайда болгонуна көп эле убакыт өткөнүн айтып жүрүшөт. Анын туура далили катары легендага айланган Дон Кихоттун автору Сервантестин жазганына караганда 1601-жылы Севилье шаарында Вентиуна деген аталыштагы кумар оюнун ойношкон. Бул оюнду испанчадан которгондо 21 дегенди билдирет. Дал ушул Вентиуна оюнунун негизинде азыркы блекджек жаралган.
Ал эми оюн автоматтары 19-кылымдын акырында америкалык Чарльз Фей тарабынан ойлонуп табылган. Алгачкы утушта болгону жарым доллар гана утуш болгон.

Казинолордун тагдыры тууралуу ар кандай пикирди айтып жатышат. Айрымдары "Ушуну жок кылса туура болмок"-десе, кээлери "Биздин өкмөт алды-артын карабай иш кылат, канча инвесторлорду үркүттүк"-дегендери да бар. Неси болсо дагы мыйзам кабыл алынды, эми анын иштешин гана күтөлү деген учур келген. Бирок, иш коомчулук күткөндөй болбой казинолордун 99 пайызы адаттагыдай иштеп жатты. Ошентип, өкмөт он күн каникулда эс алып жүргөндө кайрадан Ак үйгө элдер жыйыла баштады. "Жыргаганыман жылкычы болуптурмунбу" дегендей, пикетке чыккандардын деле айткандары жөндүү. Анткени бири байлыгынан ажырап, жашоого каражаты калбай зар какшаса, экинчиси адам башынан ажырап, жакындарын артка кайрый албай жүргөн чактары. Өздөрүнүн кан-жанынан чыккан балдарынын же тирүү болуп жерде жок, өлүү болуп көрдө жок жүргөндөрүн көрүп кимдин болбосун каңырыгы түтөйт да. Казиного карата пикет-митингдер башталып, ага бийлик жооп бергичекти эле, "Бийликтин алсыздыгын карагыла, жада калса, өздөрү токуган мыйзамды дагы оңдуу иштете алышпайт"-деп айткандар четтен чыкты. Чынында Жогорку Кеңеште канча ызы-чуулар менен кабыл алынган бул мыйзамдын иштебей жатканына эмне себеп? Ага биринчи себеп, эгер мыйзам аткарылбаса төлөнө туруучу штрафтын аздыгы. Төлөөнүчү штрафтын өлчөмүн коюда мыйзам менен казинонун мамлекетке төлөй турган 6 же 9 айлык салыгын же болбосо иштеп жаткан убакыттан берки кирешесинин 40 пайызы десе болмок. Азырынча бийлик бир гана жагынын митингин көрүп жатат. Эгер катуу чара колдонулса, казинодо иштегендер менен ээлери да чыгышы мүмкүн. Инвесторлор да чыгышы күтүлөт. Негизи бул мыйзамды токуп жатканда бардык жагын карап көрсө болмок, инвесторлордун укугу не болот? Туура, казинону жоюш керек. Бирок, анын артында тургандарды кантип жоюуга болот? 23-январда өткөн кумарканада иштегендердин кезектеги митингинде 3000 адам жумушсуз калгандарына нааразычылыктарын билдирген. 2007-жылы Кыргызстанда казино көйгөйү көтөрүлүп чыкканда ошол кездеги жана учурдагы финансы министри Акылбек Жапаров кумарканаларды жабуу эртерээк, бул бюджет тартыштыгына байланыштуу деген эле. Ушул жылы Кыргызстанда кумар маселеси күчөп, алардын жана андан жабыркагандардын саны өсүп жаткан. Анткени коңшу Казакстанда кумарканаларды жаап койгондуктан, аны иштеткен адамдар Бишкекке келип кумар бизнестерин улантып жаткан. Борбор калаада май куюучу жайлар кандай көп болсо, кумарканалар ошондой эле санда өсүп бара жатат. Алсак, учурда Кыргызстан боюнча 4 миңден ашык ар кандай оюн залдары, 21 казино бар. Казинодон чоң кишилердин башы айланып чыга албай жатса, ар кандай оюн автоматтарында күндүр-түндүр мектеп жашындагы өспүрүмдөрдүн отурганын көрүүгө болот.
Бир кезде адамдардын аң-сезиминде "Байлар гана казиного барат"-деген түшүнүк жашачу. Азыр болсо колунда эч нерсеси жок туруп деле ата-энесинин же жакындарынын мүлктөрүн оюнга салып бергендер бар. Казиного кандай адамдар барат? Биринчиден байлыгы, акчасы ашынган адамдар барат деп айтсак деле туура бирок, абайлап байкап көрсөк бул жерге психикалык жактан жабыркагандар барат. Өзгөчө психикасында абдан оор кайгыны көтөрө албагандар бул нерседен кайра артка кайтып чыга албайт. Булардын максаты эч качан байлык, акча жыйноо эмес, биринчи кезекте, акча ойноп утуп алуудан эс алам деген адамдар. Ошондон жаным жай алат деген тайкы түшүнүктөгү адамдар. Жан дүйнөсү жабыркаган жандар. Алар өздөрүн эс алдыруучу жер деп кумаркананы эсептешет. Ошондуктан маселенин түпкүрүнө келсек, таамп жаткан тамчыны тосууга идиш издебей, таамп жаткан жыртыкты бүтөш керек. Казинону бүгүн жок кылсак, абдан туура. Бирок, адамдардын эркин, жан дүйнөсүн дарыламайынча толук натыйжа жок. Бүгүн бир кумардан бошотсо, эртең башкасына бара бериши мүмкүн. Кыскасы, казинодон адамдарды бошотконубуз менен ага окшош дагы бир нерсени таап алышы мүмкүн. Бул маселеде акчалуу байлардын байлыгы түк эч нерсеге арзыбайт. Болгону адамдык эркинин боштугунан, жан дүйнөсүнүн жардылыгынан жашоонун жардылыгына өтүп, кор болуп жаткан пенделерге күйөсүң.

Элизат
ТУРСУНОВА