Камтама болбо, казино иштейт
Өткөн жыл этегинде өкмөт мүчөлөрү "Казино деген каргашанын баарын жаппасак элди курут кылып, жаштарыбыздын көбү кумарканадан чыкпай, дейди болуп калышты"-деп калайманга түшүшкөн. Ал ортодо "Ар-Намысчы" депутат Бакыт Жетигенов мыйзам долбоорун жазып аны жапа тырмак парламент колдоп берсе, сыясы кургай электе ал кездеги президент Роза Отунбаева кол коюп, ушу жылдын биринчи январынан тарта өлкөдөгү казинолордун ишмердүүлүгү кан буугандай токтомок. Тилекке каршы бир ууч топ "Жумушсуз калдык" такилиби менен Ак үйдүн астын курчап, ал тургай "Сезим" бейөкмөт уюмунун төрайымы Бүбүсара Рыскулованы коркутканга чейин барышкан болсо, айрым кумарканалар мыйзамды аттап өтүп "букмекердик оюн" амалы менен ишин жүргүзүп келген. Эми болсо бул маселе кайрадан өкмөттүк деңгээлде талкууга алынып, экономика жана антимонополдук саясат министри Темир Сариев тарабынан "Хан Тенгри Сити" оюн зоок борборун Ысык-Көл районундагы Тамчы айылына курушубуз керек демилгесин айтып чыкты. Темир Аргембаевичтин айткандарына ишенсек учурда көмүскө кумарканалар күч алып, өлкө казынасы миллиондогон салык кирешелеринен кур калып жаткан имиш. Өкмөт башчы Бабанов менен министр Сариев мырзалардын логикасына таянсак бул мыйзамга кайрадан өзгөртүү киргизип, ал кумарканаларга Кыргызстандын жарандарын киргизбей жалаң Африкадан, Боливиядан, Антарктидадан жана коңшу Казакстандан келген гана кумарпоздорго эшигин ачат экен. Ал эми кыйкырсаң үнүң угулган мына бу Бишкектик казиночуларга эшигибиз жабылат деген жөө жомокко өкмөт башчы менен министр эле ишенбесе калган карапайым калк тескери үркүп турат. Анда эмнеге кызыл чеке болуп парламент бул мыйзам үчүн кыжылдашты деген эксперттер мунун артында чоң финансылык кызыкчылык турганын кыйытышууда.


Буйрукка баш ийчү Бурханов эмес
Өлкөнүн экономикалык блок боюнча вице премьер-министри болуп келген сагыздай чоюлчаак, жибектей жумшак, Намангандын пахтасындай үлбүрөк, кожонун баласындай сылык, бирок акылы тунук Жоомарт Оторбаев аттуу жигит бар. Мээсиндеги билими кабелтең экенин беш жашар баланын боркогундай болгон галстугу эле айигинелеп тургансыйт. Экономиканы мыкты билет дешип Европалыктар да мактап калышат. Мына ушу жигитибиз өткөн жума акырында Баткен облусуна барып, 2011-жылдын жыйынтыгы боюнча облустук коллегия өткөрүп, андан соң өкмөттүн 2012-жылдагы иш пландары менен жергиликтүү атка минерлерди тааныштырмак. Бирок, бул кагаз жүзүндө ушундай жазылган. Ал эми негизги себеп Баткен облусуна бир жылдан бери губернатор болуп иштеп, ал жердин аталыгы атыгып кеткен Арзыбек Бурхановду "Чуу көтөрбөй кызматыңан жылмышсаң жакшы болот эле"- деген борбордун салам-дубасын жеткирип барган. Мындай кагазга оролгон салам дубаны алдын ала билип калган губернатор креслосунан жылмышкысы келбей жергиликтүү элдерден пикетчилерди даярдатып, ал тургай Жоомарт Кайыповичти барымтага алып, "Өкмөт башчы Бурхановду кызматтан кетирбейм деп айтканда гана кое беребиз"- деп маданиятуу виценин "мазгисин" чагышты. Вице-премьер-министр эки жолу жыйындар залынын арткы эшигинен чыга качайын деген аракети ишке ашпай, пикетчилердин астына чыгууга аргасыз болду. Жолугушуу учурунда губернаторду кызматтан алыш же калтырыш анын вазыйпасы эмес экенин айтып ошол жерден Талас облусунда иш сапар менен жүргөн премьер-министр Өмүрбек Бабановго байланышканда, бул маселе Бишкекке барганда чечилерин, митинг аркылуу ар ким өз кызыкчылыгын коргой берүү бул мамлекеттин алсыздыгын билдирерин айткан Бабанов Өтмөктүн ары жагынан кол кесеген ишарат жасап койду. Сыягы жакын арада Бурханов аттуу уламыш пайда болот көрүнөт.


Жегендин кусмайы барбы?
УКМКнын астында жаңы түзүлгөн Коррупцияга каршы кызматты өкмөт жыйынында президент Алмазбек Атамбаев сынга алып, түзүлгөнүнө бир топ убакыт болсо да иштиктүү жыйынтык бербей жатканын айтты эле, камаш эле керек болсо мына деп "МегаКом" брендин алып жүргөн "Альфа Телеком" уюлдук байланыш компаниясынын жетекчилерин желкелеп барып, жер төлөгө камап койду. Атайын кызматтагылардын айтуусунда бул уюлдук компания жетекчилери ар кандай шылтоо менен 142 миллион, 95 миң, 170 сомду садага чаап жиберишкен. Башкача айтканда Азамат Мурзалиев башында турган жетекчилер тобу бул каражаттарды өлкөдөн ар кандай жол менен чыгарып кетишкендери аз келгенсип жасалма документтер менен асман чапчыган акчаларга техника сатып алдык деп сол чөнтөккө солой беришкен. Которулган акчалар кайсы түктүү манжага барып түшкөнүн азыр текшерип жатышкандары менен кайра эле ар тараптан колдоочу "адвокаттары" пайда болуп бул атайын уюштурулган оюн деп коррупциялык ишке саясий боек сүрткөнгө далбасташууда. Уу-чуусу кылым кыйырына кеткен бул компаниянын жетекчилери болсо бирде камалып жатабыз десе, бирде эркиндикте элебиз дешип жашынбак ойноп жаткан учуру. Эскерте кетсек апрель революциясына чейин бул байланыш компаниясы Максим Бакиевге тиешелүү болуп, кагаз жүзүндө анын досу Алексей Елисеевге катталып келсе, Убактылуу Өкмөт бийликке келгени декреттин негизинде 49 пайызын мамлекеттик мүлк министрлигине кайтарып, калганы инвесторлордун колунда кала берген. Эң эле таң калыштуусу ушу кезге чейин "АльфаТелекомдо" директорлор кеңеши жок, баарын Азамат Мурзалиев деген жалгыз "азамат" тейлей берген. Жегендин кусмайы бар деген ушу деп койчу беле…


Алма сабагынан алыс түшпөйт
Ар бир жылга аталыш берүү жагынан алгачкы ажо Аскар Акаев алдына киши салбай ал гана эмес бүт дүйнө президенттеринен ат чабым алыс кеткен. Алма сабагынан алыс түшпөйт демекчи мындай жыл ырооломой адаттан азыркы ажобуз Алмазбек Атамбаев да куру эмес болуп чыкты. Албетте адатта дүйнө коомчулугунда практикаланып келгендей кайсы бир маселени чечүүдө же болбосо кандайдыр бир орчундуу программаны ишке ашырууда жаңырган жыл аталышын алат. Ал эми Алмазбек Шаршенович бул жылды бүдөмүктүү, чаржайыт аталышта "Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк" жылы деп белгиледи. Байкагандай эле башынан баштап аягына чейин айтып бүткүчө тил сынып кетет. (Акаев бул жагынан жогорку чеберчилигин көрсөтүп "Тоо жылы", "Аялдар жылы", "Билим жылы" деп, кыска атап жарыктык киши жамажайын жая күлүп кутулуп кетчү) Албетте мындай ат ыроологон алгачкы өнөкөткө эч кусаматчылыгыбыз жок, болгону ажобуз чыгармачылык менен лирикалык чегинүү жасап, абстрактатпай эле "социалдык өнүгүү жылы" же "чечүү жылы" деп атап койсо деле болмок. Тилекке каршы андай болбоду. Маселен үй-бүлө жылында жаштарга үй куруп бергенге же жарды жашаган элеттиктерге жөлөк пулдун көлөмүн көбөйтүүгө мамлекеттин шарты жок. Тынчтык жана ынтымак дейли десек өлкөнүн түштүгүндө күн эмес саат санап улут аралык коркунуч очоктору пайда болуп жатат. (Баткен облусундагы Андарак, кечээки Айдаркен окуяларынын мисалын айтсак болот.) Анын негизинде чек араларда ар кандай маселе түйүндөрү пайда боло баштады. Кечиримдүүлүк дешти. Мына ушул туура. Жетинчи апрелде элге ок аткандарды, мамлекетти жеп ичкен коррупционерлерди кечирип баарын эркиндикте сайратып, ушу жылдын аныктамасы менен аларды актасак эң туура болмокчу…


"Кереге-ПРЕСС"