"Табакташтар" талкуусу
Коррупцияны коррупционер жоебу?
Жакында Коргоо кеңешинин жыйыны болуп, анда президент Атамбаев өзү катышып, Кыргызстандагы коррупция системасын талкууга алышты. Президент болгондон тартып өлкөдө биринчи жолу коррупция менен күрөшүү керектигин баса белгилеп жыйын куруп жаткан президенттин мындай аракети кыйла ишти оңуна баштайын дегендей болгон. Бирок, өзүнүн жана Коргоо кеңешинин сөздөрү кезектеги олтурумдардын бирине окшоп калгандай таасир калтырды.

Коррупциянын тереңге кирип кеткендигин акыркы кездеги тынымсыз бийлик алмашуулардын өзү көрсөтүп турат. Анткени Кыргызстандагы революциялардын дагы биринчи себеби коррупция болуп келгендиги белгилүү. Коррупция деген түшүнүктүн түбү барып мамлекетти тоноо дегендикке жатат. Себеби адамдардын бири-биринин үстүнөн пайда көрүп уруу кылганы өздөрү зыян алып келсе, ал эми коррупцияда бүтүндөй бир мамлекет деген организм жабыркай турган нерсе. Кыргызстандын кайсы сферасын албайлы бүт бардыгы коррупция жолуна тушкөндүгү анык. Билим берүүдөн тартып бажыга чейин коррупция системасы жогорку деңгээлде өнүгүп келе жатат. Бийлик алмашса дагы жоголбогон мындай жосун, адамдын канына өтүп кеткен оору сыяктуу мамлекеттин кан-тамырын аралап кеткен жараат болду. Канга түшүп кеткен оору айыкпаган сыяктуу эле мамлекеттин канын аралап кеткен бул оорудан эч куткара да албады.
Жыйында коррупциянын тамыры жайылып, өлкөнүн башкаруу системасына чейин кирип кеткендигин президент өзү жар салып, коррупция мамлекетти башкаруунун ыкмасы дагы болгондугун мойнуна алды. Атамбаевдин айтканына караганда коррупция менен күрөшүүнүн бир катар программалары кабыл алынып, бирок, министрликтер жана ведомстволордун жетекчилери өздөрү биринчи коррупционерлер болгондуктан эч кандай майнап чыккан эмес деди. Кыргызстанда башкаруу ыкмасы коррупция менен байланыштуу болсо, укук коргоо органдары дээрлик бул системанын өнүгүп өсүшүнө шарт түзгөн. Бул абдан ачуу жана коркунучтуу билдирүү, бирок адилеттүү билдирүү деди Атамбаев. Андан ары ажо "Эгер бул көйгөйдү өзү менен өзү чечилет десек, анда жакын арада Кыргызстан өнүгүп бара жаткан өлкөлөрдүн эң артында калат"-деп айтты. Бул жыйындын негизги "персонасы" болгон Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев "Укук коргоо органдары коррупция менен күрөшүүдө өзүнүн максатына жете албайт, ага себеп сот процесстеринин акырына чейин чыкпаганы болуп саналат"-деп белгилеп, "Коррупция менен күрөшүүдө тоскоол болуп жаткан нерсе бул багытта иш алпарган мамтүзүлүштөрдүн ортосунда эч кандай координация жок"-деди. Эгер Табалдиев мырзанын сөзүнө көңүл бурсак, анда финпол, милиция, сот, прокуратура, бажы жана чек ара кызматы жөн гана схема болуп тургандай. Маселени туурасын карасак, коррупция менен күрөшүүдө дагы бир түзүлүштөрдү ачып отурбай жогорудагыларды иретке келтирүү керек да. Анан дагы мамлекеттик Коргоо кеңешинин катчысына министрликтер менен ведомстволор маалымат бербей коюшуптур. (Мамлекеттик сыр катары жашырышыптыр). Ошон үчүн коррупциянын деңгээлин биле алган жокмун деди. Жыйын өзү коррупцияга арналып жатса, анын маңызы болгон көрсөткүчтөрү жок болсо, кандай жыйын болот жана эмнени талкуулап отуруш керек! Табалдиевдин айтуусуна караганда бүгүнкү күндө көмүскө экономикада 130 миллиард сом айланып жатат. Бул экономиканын гана бир жагын алганда. Андан сырткары ар бир министрдин кызматка келишинен тартып, бала төрөлгөнгө чейинки коррупциянын жолун карасак, анда жогорудагы 130 миллиард сом кеп болбой калат.
Коррупция демекчи өткөн жылдын 14-декабрында Атамбаев УКМКнын алдында Антикоррупциялык кызматты түзүп, анын директору кылып, Бектен Сыдыгалиев дегенди дайындаган. Бирок, бир айдан ашык убакыт болсо дагы чоң жылыштар байкалбайт. Указда көрсөтүлгөндөй биринчи кезекте мамлекеттик кызматкерлердин (министр, сот) иши текшерилиши керек болчу. Бирок, андай кадамдар жасала элек. Алы жеткендери эле баягы "Мегаком" менен майда ишкерлер. Чубактын кунундай чууруган "Мегаком" чыры акырына чыкса далай кишинин жүзү ачылат эле.
Элизат ТУРСУНОВА




Соболтөр
УКМКнын коррупцияга каршы кызматы коррупцияны жоё алабы?
Мукар Чолпонбаев, коомдук ишмер:
- Мен буга ишенбейм. Бир эле себеп менен түшүндүрсөм жетиштүү болот. Циркте эки адамдын күрөшүн көргөзгөн бир таланттуу жигит бар. Эки чапанды жамынып, эки колуна эки калпакты кийип кудум эки адам күрөшүп жаткандай элес берет. Ал эми ичинде бир эле адам. Азыркы бийликтин коррупцияга каршы күрөшкөнү да так ушул элести берет. Бийиктегилер өзүлөрү коррупционерлер. Алардын коррупция менен күрөшүүсү так ушул өзү менен өзү күрөшкөн адам кейиптенет. Өзүлөрү коррупциячыл боло туруп аны кантип жоюп салмак эле.


Марс Сариев,
саясат таануучу:
- Бул кызмат коррупцияны жое алат деп ишенсек болот. Анткени логиканы карасак, өкмөт буга мажбур болууда. Азыркы өкмөттө мындан башка жол жок. Мурда Акаев, Бакиев доорунда тыш жактан кредиттер көп келчү. Азыр заман башка, эл башка. Тыш жактан кредиттер мурдакыдай келбей калды. Өкмөт коррупцияны жоюу менен мамлекетке пайда түшүүнү көзөмөлдөөгө мажбур. Анүстүнө коррупция элдин көкөйүнө тийип бүттү. Муну бир жаңсыл кылып чечүү өкмөттүн алгачкы милдети болуп турат. Аны жойсо өкмөт элдин ишенимине кире алат, же тескерисинче жойбосо март, апрелге таяп эл жаңы өкмөткө доомат кое баштайт.


Токтайым Үмөталиева,
укук коргоочу:
- Бул кызматты түзүүдөн мурун УКМК аткарган кызматын тактап алышы керек эле. УКМК эмне кызматты аткарат? Функциясы кандай? Анан түзсө болмок. Себеби, коррупцияга каршы күрөш бул коомчулук алдында ачык-айкын жүргүзүлүшү керек. Мунун баарын эл билиши шарт. Ал эми УКМКда иштеген адамды, б.а. чекисттерди эч ким билип, тааныбашы керек. Болбосо бул иштин жыйынтыгы болбойт. Эгерде коррупцияга каршы күрөш жүргүзөбүз десе УКМКны аралаштырбастан, башка жолдорун табууга болот. Менин пикиримде, бул баягы 1937-жылдардагы "кара тизмеге" окшоп турат. Жакпаган адамдарын ушул жол менен жок кылууга көрүлгөн иш-аракет сыяктуу.


Нурбек
Алимбеков,
ЖК депутаты:
- Менин ишеничим бар. Түзүлгөнүнө аз гана убакыт болду. Аздыр-көптүр ишинин жыйынтыгын көрсөтүп жатышканына күбө болуп жатабыз. Мисалга алсак, электр тармактарындагы, кечээки "Альфа Телеком" компаниясынын тегерегиндеги ар кандай коррупциялык иштердин жыйынты булардын ишинин үзүрү десек болот. Эми да ушул жүрүштөрүнөн жазбай ишти алып кетишсе сөзсүз жыйынтыгы жакшы болот. Анан да коррупцияны жоюуга коомчулук жапырт көңүл бөлүп, жапа тырмак жардам беришсе аз убакыттын ичинде бул жаман нерседен арылууга толук мүмкүн болот эле.


Жамалбек
Ырсалиев,
КИБ маалымат агенттигинин
директору:
- Колдон келген аракетин кылса, мүмкүн таптакыр жойбосо да, азайтууга болот. Ажобуз айткан кебине туруп, жаш кадрларды кызматка алып келсе бул маселе жакшы жемишин бермек. Бирок, тээ Акаев, Бакиев мезгилинен бери коррупция Ак үйдүн жетинчи кабатынан орун алды. Коррупцияны жоюш үчүн ошол жетинчи кабаттагыларды тазалаш керек деп келип, бүгүн деле ошол жетинчи кабаттагылардын басымдуу бөлүгү бийликтин тизгинин бекем кармап отурушат. Эгер бул жүрүш менен кете турган болсо, коррупцияны жоюуга мүмкүн эмес. Кыргызда жакшы кеп бар. "Карга карганын көзүн чукубайт" деген.

Даярдаган Анарбек АБАЗБЕКОВ