Тасмасап
Асель
же "Кара далы" кыздын тагдыры
Кыргызстанда ушул күндөрү "Асель" аттуу жаңы толук метраждуу фильм тартылып жатат.
***
Режиссеру - Руслан Машрапов.
***
Тасма 8-март эл аралык аялдар күнүнө карата тартылып бүтүп, айымдарга майрамдык белек болору максатталып жатат.
***
Фильмдин узактыгы - 1 саат 20 мүнөттү түзөт.
***
Фильм чыгармачыл топтун жеке каражатына тартылып жатат. Болжол менен 10-15 миң АКШ доллары сарпталмакчы.
***
Руслан Машрапов буга чейин "Менин үйүмдөгү кудай эненин сүрөтү", "Өмүрдүн жети мүнөтү" аттуу кыска метраждуу жана "Мен сүйгөн карагат" аттуу толук метраждуу тасмаларды жараткан.


Кыскача мазмуну
Фильмдин идеясы эки жыл мурда эле пайда болгон. Негизги мазмунунда аялдардын жалгыздыгы, жашы өткөн кыздардын турмушка чыкпай калуу проблемасы көтөрүлгөн. Тагыраагы фильмде кыргыз элинде айтылгандай "кара далы" кыздын турмушу чагылдырылат. Режиссер турмуштагы бир катар кыргыз кыздарынын тагдырына күбө болгондон кийин, эркек адамга караганда аялзатынын жашоодогу орду алдаганча татаал болоруна ишенгендигин айтат. Тасманын сюжетинде режиссер өзү тааныган адамдардын жашоо турмушун камтууга аракет кылган. Тасмада кадимки жашоодо эле кездешкен окуялар чогултулган.


Тасмадагы башкы
ролду, "кара далы" кызды Жаңылай
Кадырова аттуу
кыз аткарууда
Жаңылай киного алгачкы жолу тартылып жатат. Кино жаатында билими жок. Бирок, тийиштүү ролун ийине жеткире аткарууга болгон аракетин жумшап, катуу даярданып жаткандыгын айтат: "Бул киного даярдыгым буюрса жакшы. Тасмада мугалим кыз Аселдин жашоосу баяндалат. Мен алгачкы жолу киного тартылуудамын. Чыгармачылык жамаат алгачкы жолу тасмада роль жаратып жатканымды түшүнүү мнен кабыл алышып колунан келген жардамдарын беришүүдө. Буюрса мага ишенип берилген тапшырманы татыктуу аткарууга болгон күчүмдү жумшайм.