Кыздары кыйын кыргыздын! Кундуз Берди кызы: "Башкы максатым, Лондон олимпиадасына жолдомо алуу" Бүгүнкү маектешибиз Кыргыз Республикасынын биринчилиги үчүн өткөн аялдар арасындагы эркин күрөштө атаандаштарынан суурулуп чыгып, 67кг салмакта Кыргыз Республикасынын чемпиондугун багындырган Берди кызы Кундуз болмокчу. - Кундуз, алгач өзүң менен кененирээк таанышып өтсөк? - Мен, 1990-жылы Нарын областынын Жумгал районундагы Чоң-Дөбө айылында туулуп өскөм. Кичинемен тартып, тарых тактасында жазылып, санжыра барагынан орун алган айтылуу Окторкой, Сандык жайлоолорунда чоңойдум. Ошол учурларда эле менин жан дүйнөмө алдыга болгон умтулуу, элдин намысы, кайраттуулук орноп калса керек. Өзүм төрт бир туугандын улуусу болом. Менден кийин иним, анан сиңдилерим бар. Учурда, Ж. Баласагын атындагы КУУнун Юридикалык институтунда 5-курста окуп жатам. - Ата-энең чемпион кызы менен сыймыктанышар? - Менимче ошондой болсо керек. Негизи эле менин спорт дүйнөсүнө келүүмө атам менен апамдын эмгеги зор. Алар, өздөрүнүн кеп-кеңешин айтып, ар кандай оор кырдаалдарда колдоп турушту. Ошонун жемишин, үзүрүн бүгүн минтип чогуу татып отурабыз. - Спорт дүйнөсүнө канча жашыңан баш бактың? - Спорт дүйнөсүнө алгач ирет 17 жашымда баш багып, ошол бойдон улантып кеттим. Менин 17 жаш курагым студенттик жылдарымдын башталышына туура келди. Өзүм окуган Кыргыз Улуттук университетинин спорт залына катардагы сабак өтүү үчүн, чогуу окуган группалаштарым менен барып, алгач ирет спорттун карате түрү менен машыгып баштагам. Акырындык менен, спорттун бул жаатынан эркин күрөштүн каалгасын ачып, жогорудагыдай ийгиликтерге жетишип келе жатабыз. Күнүнө машыгууга үч саат убакыт бөлөм. Ал эми мелдештердин алдында, күнүнө беш саат убактым килем үстүндө өтөт. - Спорт сен үчүн?.. - Спорт-бул менин дүйнөм. Мен спорттон рахат алам. Спорт бул физикалык жактан гана күчтүү кылбастан, рухумду, духумду дагы күчтөндүрүүгө өзүнүн чоң таасирин тийгизди. Жалпылап алганда спорт - менин жашоом. Эгер, спортту өз орду, ыгы менен алып кете алсаң баарына жетишүүгө болот. Мен да кудай буюрса эне, сүйкүмдүү жар болом. Мунун баары акырындык менен аткарылуучу иш максаттар. Менин жеке пикиримде, спортто дагы үч-төрт жыл жүрөм. Андан соң, спортту таштап койбой, машыктыруучу жай ачып, кыргыздын улан-кыздарын тарбиялап өстүрүп, алардын келечегине жакшы бурулуш жасасам деген ниетим бар. Андан сырткары, негизги тилегим өзүм туулуп өскөн айылыма спорттук комплекс куруп берүү. - "Спорттогу жетишкендиктерим"-деп эмнени эсептейсиң? - Спорт менен жүргөнүмө быйыл беш жылга аяк басты. Беш жыл ичинде аздыр-көптүр ийгиликтерди жараттым. Спорттун самбо түрү боюнча чеберимин. Эркин күрөш боюнча бүгүнкү күндө чеберчиликке талапкермин. Жана да спорттун арты менен КМШ мамлекеттеринде болуп, кыргыздын желегин желбиретүүгө колдон келген күч-аракетимди жумшадым. Ташкентте өткөн "Азия" биринчилигинде коло медалга ээ болгом. Башка да турнирлерге катышып, байгелүү орундарды камсыз кылып келгем. Анын баарын санап берүүнүн кажети деле жок го. Эң негизгиси спортко келгениме эч качан өкүнбөйм. - Мындай даражага жетишке машыктыруучунун да эмгеги зор болот эмеспи? - Туура. Кыргызда жакшы кеп бар го. "Жоону сайса эр сайды, аты калды Манаска" деген. Анын сыңарындай, биз багындырган чокуга жол салган, биздин жеңишти камсыз кылууга болгон күч-аракетин жумшаган машыктыруучулар болот. Бирок, алардын аттары көшөгө артында калып, көпчүлүк биле бербейт. Мени алгач ирет килем үстүнө алып чыккан машыктыруучум СССРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу, профессор Кенжеев Арден агай болгон. Андан соң спорттун көптөгөн оош-кыйыштарын түшүндүрүп, бүгүнкү даражага жеткирген машыктыруучум, агайым Үмөталиев Эркин. - Студент экенсиң. Окуу жай, мамлекет тарабынан кандайдыр жеңилдиктер берилеби? - Мен келишимдик негизде окугандыктан, окуу жай тарабынан окуу акысынын 50%ынан бошоткон. Ар кандай мелдеш учурунда сабактардан жеңилдик берүү маселесин чечип беришкен. Мамлекет тарабынан болсо эч кандай жардам жок. Муну ар бир спорт чөйрөсүндө жүргөн инсандар билишет. Мамлекет да карап турбай, аз да болсо көңүл бөлүп койгондо Кыргызстан спорт дүйнөсүндө чоң ачылыштарды жасап, алдыга карай секирик таштамак. Себеби, башка мамлекеттерге салыштырмалуу кыргыз спортчулары алда канча салмактуураак. Көбүнчө, каржы маселеси, колдоо жоктугунан улам ар кандай мелдештерге барууга мүмкүнчүлүк болбой калат. Бул жерден биринчилерден болуп спортсмендер сынат. Анан, жанагындай жаман иштерге кирип кеткен учурлар көп болуп калууда. - Алдыңда көп максаттар болсо керек? - Буйруса, кыргыздын желегин Азиянын, Дүйнөнүн биринчилигинде желбиретип, аз да болсо кыргыз элимди өзүмдүн жеңишим менен дүйнө жүзүнө таанытуу. Ал үчүн талыкпаган эмгек керек. Жана менин алдымдагы эң башкы максатым, үстүбүздөгү жылы өтө турган Лондондогу олимпиадага жолдомо алуу. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ата-энеме, жалпы кыргыз элиме, Эркин Үмөталиев баш болгон машыктыруучуларыма, жана мени колдоп жүргөндөргө ыраазычылык билдирип кетем. Маектешкен Анарбек АБАЗБЕКОВ Күч берен Эстониялыктардын эсебин табабызбы? Алмата шаарында Топ хоккейи боюнча дүйнө чемпиондугунун башталганына бүгүн 3 күн болду. Мелдеш жыйыныктарында Казакстан, Орусия жана Швеция курамалары алдыда келишүүдө. Ал эми "С" тобунда бүгүн Япония- Эстония жана Эстония-Кыргызстан курамалары муз үстүндө таймашышат. Эстон хоккейчилери менен Кыргызстандыктар бүгүн беттешет. Ал эми Япон курамасы менен кыргыз хоккейчилери 2-февраль күнү намыс талашат. Белгилеп кетсек Казакстандын Алмата шаарында өтүп жаткан топ хоккейи боюнча 32- дүйнө чемпиондугу 29-январда башталган. Аалам биринчилигине 3 топко бөлүнүп 14 команда катышууда. Мелдештер 5-февралга чейин уланат. Казактар кандай абалда? Кечээ, 31-январда Кант шаарында өткөн таймашта Кыргызстандын "Бишкек" клубу Казакстандын ЦСКА командасын 5:2 эсебинде утуп алды. Оюндун жүрүшүндө атаандаштардын дарбазасына "Бишкектин" чабуулчусу Нуржан Жетибаев 2 топ, Эрсултан Эрмеков, Мирлан Эшенов жана Азамат Меңдибаевдер бирден гол киргизишти. Белгилей кетсек, ушул эле командалардын биринчи беттешүүсүндө 5:2 эсеби менен кыргызстандык футболчулар жеңишке ээ болушкан эле. "Реал" "Барселонаны" басты Мадриддик "Реал" клубу Испания чемпионатында эзелки атаандашы "Барселонадан" жети упайга алдыга кетти. Учурда "Барса" клубунда 39 ал эми "Реал" клубунда 46 упай бар. Реал жакынкы жылдар ичинде биринчи жолу "Барселонадан" жети упай ашыкча топтоду. Буга чейин Каталондук клуб "Барселона" үч жолу катары менен өлкө чемпиондугун жеңип алган. Жеке беттешүүлөрдө "Реал" "Барселонаны" өлкө чемпионатында 2008- жылдан бери ута элек. Акыркы жолу бул эки мыкты клуб 25-январда Испания кубогунун чейрек финалында беттешип, оюн 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган. Бул 2 клубдун чейрек финалдагы алгачкы беттешинде "Барселона" 2:1 эсебинде жеңиш ээси болгон. Эми Испания кубогунун жарым финалында "Барселона" менен "Валенсия", "Мирандес" менен "Атлетик" клубдары ойнойт. Жалпысынан Испания чемпиондугуна 20 футболдук клуб катышууда. |