Толгон ай
Ай толгон сайын куса боло берчү болдум. Неге дебейсиңби? Сен үчүн, Сага! Толгон ай менен менин эмне байланышым бар дээрсиң?! Албетте, сенден баарын күтүүгө болот! Анткени сен өзүмчүлсүң, сезимсиз таш боорсуң. Ал эми мен ансайын сени көргүм келет, сени өзүмдүкү гана болсо деп кыялданам. Тагыраагы кыялданчумун. Эми кеч болуп калды, кыялым ишке ашкан жок. Мени менен сенин кытмыр жылмайган элесиң гана калды. Ал элес ай толгон сайын маземди алат. Ошондо алгач жолу бетме-бет жолугушканбыз. Ай толукшуп жапжарык нур чачып сенин чапжаак жүзүңдү, кырдач мурдуңду, келишимдүүлүгүңдү мага толугу менен ачып турду. Сүйүүңдү билдирдиң. Сени сыртыңан сүйүп делөөрүп жүргөн жаным муну укканда көкөлөдүм. Жүзүмдөн сүйүп үйүмө узатып койдуң. Өз бөлмөмө кирерим менен кубанычтан көз жашым шорголоду. Сенин так ошол элесиң менен жашадым. Көп өтпөй кошунанын баласы колума кат карматты. Сенин алыскы шаарга кеткениңди кабарлаган ырайымсыз катты жек көрдүм, анда сенин кол жазмаң болгон үчүн өпкүлөдүм. Ошол бойдон дайының чыкпады сенин. Үйлөндү деп уктум. Көмөкөйүм муунду, көз жашым чыкпай койду. Сени күтүп кээде делөөрүп алам. Бирок, сен эми кайрылып келбейсиң мага эч качан. Мен болсо сага айдын толукшуган маалын энчилеп койгом. Ай толгон сайын көзүмү жумуп, сенин так ошол элесиң менен кыялданып жашап жүрөм. А сен эч нерсе сезбейсиң, мерезсиң…
Лира


смсте эл үнү
Урматтуу окурмандар ар кандай маанайдагы пикир, куттуктоо, сунуш, сын-пикир ж.б. билдирүүлөрдү 0773 34 07 62 номуруна жиберсеңиз болот. Оригиналдуу ойлор менен айырмаланган СМС ээлери "Керегенин" атайын сыйлыгына арзыйт.

С0101 - Элиңди сүйсөң чын дилден кызмат кылып билдиргин. Бийлик иштегиле.
Аскат 0778 54 56 ХХ
С0102 - Бою узун, ыймандуу нарындык, чүйлүк, көлдүк балдар менен дос болом.
0708 02 08 93
С0103 - Ассалому алейкум кыргыз элим! Парламент силер жаштарды өз мекенинде калтырып иш шартын түзүп бербесеңер кыргызды өнүктүрө турган жаштар чет элде окуп иштеп калып жатат. Башка элдин экономикасын, технологиясын өнүктүрүп жатат. Биз биригели, уруш керек эмес.
0555 26 11 ХХ
С0104 - 25 жашка чейинки келиндер менен таанышам.
0772 12 06 14
С0105 - Атамбаевдин ага-ини деп сүйлөгөнү кадимки Абдышүкүр ажынын "агайын мусулман" деген сөзүнөн алынган. Болбосо анын оозунан жалаң гана "козел", "көтани"-деген сөздөр чыкчу. Анын бул төл сөздөрү болгондо да элдин алдында эле айтылып келген.
0778 55 13 ХХ
С0106 - Жыйырма жылдан бери алгачкы сенсация! Биздин мамлекеттин бюджети дефицит эмес, ПРОФИЦИТ менен чыкты. Кызык мынча ашыкча акчаны Өкмөт кайдан таап чыкты. Кантсе да азыркы Өкмөт маладес! Иштегиле!
Кайрат, 072 56 83 ХХ
С0107 - №5 гимназияга салам! Ошондой эле Айтурган, Каухарга да салам!
Гуля, 0555 89 71 ХХ
С0108 - Курбум Назиранын 5-февраль туулган күнү менен куттуктайм! Тоо суусундай тунуктук, узун өмүр каалайм. Сүйгөнүң Алишерге жет досум!
Бегимай, 0773 38 75 ХХ
С0109 - Жаңы бийликте дагы эле жаштарга орун жок! Баягы эле адамдар. Элди ушул абалга апкелген, мамлекеттен жеп тойбогон баягы эле жүздөр. Жаштар болсо дагы эле сенделип чет жерге жумуш издеп тентип кетип жатат.
Айдар, 0777 28 09 ХХ
С0110 - Кызым Жаркындын 4-февраль туулган күнү менен куттуктайм! Кызым атаң экөөбүздүн бактыбызга бар бол! Жакшы окуп, биз сыймыктанган кыздардан бол! Биз сени жакшы көрөбүз.
Апасы Кундуз, 0555 45 97 ХХ
С0111 - Акманай жеңеме салам! Жеңе сизди жакшы көрөм! Дайыма ушинтип жаркылдап жүрө бериңиз.
Нуржамал, 0773 45 81 ХХ
С0112 - Жаштар намаз окуп, ыйман жолуна түшкүлө! Арак ичип, тамеки тартып өмүрүңөрдү текке кетирбегиле. Намаз окуп, Алладан тилесеңер бардык тилегиңер орундалат. Мен муну өзүмдүн башыман өткөргөн үчүн билем.
Максат, 0778 31 76 ХХ
С0113 - Бабанов МАИ кызматынын коштоосунан баш тартып азаматтык кылды. Эми буга башкаларынын да башы жетсе жакшы болмок. Болбосо алар өтүп бүткөнчө жол буулуп элдин кыжырын кайнатып тажатып бүтүрүштү. Грузиянын президенти коомдук унаада эле келеринен да үлгү алсаңар го.
Перизат, 0778 98 45 ХХ
С0114 - Парламент комедия койгонду токтотуп иштесеңер боло. Бири бириңерге атырылып, айкырышканыңарда базардагы аялдардын ажылдагы жолдо калат. Чогулушуңар жалаң ушак куушмай менен өтүп, эч нерсе чечпей тарап кетесиңер. Анан ушунуңар үчүн мамлекеттен акча жейсиңер. Анык сүлүк курттар деп силерди айтыш керек.
Уулкан, 0772 16 57 ХХ
С0115 - Сүйгөнүм Накуга салам! Накуля сага эч ким тең келе албайт. Сенден башка эч кимди көргүм келбейт. Ар дайым жанымда болчу, сен эмне десең баары ошондой болот алтыным.
Адилет, 0556 87 45 ХХ
С0116 - Досум Чыңгызды жана аяшым Айперини наристелүү болушу менен куттуктайбыз! Уулуңардын өмүрү узун, ырыскыга бай болсун. Кыргыздын керегине жараган жигиттерден болсун.
Досмат, Алия 0772 76 98 ХХ
С0117 - Акылбек Жапаров, алга! Сиз баарынан кыйынсыз. Нарындыктар ар дайым сиз менен!
Толик, 0777 98 61 ХХ
С0118 - Нурмат көп өзүңдөн кетпе! Керек болсо сендейлердин миңин бүктөп койчу адамдар бар.
Таке, 0556 87 34 ХХ
С0119 - Гүлжигит Калыков, Атай Өмүрзаков, Алишер Ташчайнар сыяктуу азаматтар турганда кыргыз эч качан чөкпөйт. Кыргызымда мындай таланттуулар көп, бирок чыга албай жүргөндөрү да толтура.
Мээрим, 0772 67 40 ХХ
С0120 - Бул парламентти таратып жаңысын түзүү керек. Колунан эч нерсе келбегендер да депутат болуп алышкан. Эмне сүйлөп жатканын өзүлөрү да билбейт, аз келгенсип жардамчысы карматкан кагазды дурустап окуп бере алышпайт. Анан ушулардан эмне жакшылык күтүүгө болот.
Калыбек, 0773 35 97 ХХ
С0121 - Самара Райымбекова мен сени сүйөм!
Улан, 0777 28 90 ХХ
С0122 - Манас ордочулар жана исламчылар тиреше баштады го. Атаандашып бир-бирине каршы чыкпай эле биримдикке келип алышса болмок. Анткени, кыргыздар Манас атанын урпактары экенин эч качан тана албайт, ошондой эле азыркы кыргыздар ислам дининен баш тартууга эч качан барбайт деп ойлойм.
Максат, 0778 31 76 ХХ
С0123 - Аиданы 2-февраль туулган күнү менен куттуктайбыз! Анын окууларына ийгилик, бекем ден соолук каалайбыз. Достукка бекем, кичи пейил мүнөзүңдөн жазбай, ар дайым жадырап жайнап жүрө бер, Аида!
Курбуларың Тоша, Айгерим, Мира
0555 24 76 ХХ
С0124 - Кыргыздын кыздары чет элдиктерге турмушка чыгууну модага айлантып алды. Кечээ татынакай кыргыз кызы өңү карадан өтүп көк-жашылга айланып кеткен негр жигитти өпкүлөп баратканын көрүп кыжырым кайнады. Кыздарга намыстан да акча өйдө болуп калыптыр. Дагы "демократия" деп кутулушат да.
Нурбек, 0778 33 74 ХХ
С0125 - Элдер Мадумаров деген эрен кайда экенин ким билет?! "Эл үчүн эле,Эл үчүн!"-деп күйүгүп жатты эле, бийлик тийбей калып дымы чыкпай калды го. Чыкпайбы, иштебейби эл үчүн, аюудан бетер чээнге кирип кетпей.
Наргиза, 0770 19 95 ХХ
С0126 - Таластын Бакай-Ата районунан келген Айзада сени издеп жатам. Дайыныңды билдир.
Курмантай, 0773 78 92 ХХ
С0127 - Биздин мамлекет башчылары кошуна мамлекеттерден үлгү алсын. Казакстанды бир эле президент гүлдөтүп өнүктүрүп койду. Өзбекстандын президенти деле диктаторлугуна карабай биздикилерден жакшы иштеп жатат.
Ариет, 0555 90 55 ХХ
С0128 - Ибрагим Жунусовдун маданият министри болгону абдан жакшы болду. Эми Ибрагим байке саны бар сапаты жок артисттерди тыясыз деп ишенебиз. Болбосо үнү короздун кыйкылдагынан айырмасы жоктор да сахнага чыга берип тажатышты.
Гүлай, 0778 57 89 ХХ
С0129 - Атам Кошаалыны 1-февраль туулган күнү менен куттуктайбыз! Ата бизди эч нерседен кем кылбай чоңойтуп, кам көргөнүңүз үчүн ыраазыбыз жана ишеничиңизди актайбыз. Мектепти жалаң 5 менен аяктайбыз деп Арген экөөбүз сөз беребиз.
Аселя, Арген, 0777 41 74 ХХ
С0130 - "Кереге" гезитинин жамаатына салам! Силерге чыгармачылык ийгилик каалайм!
Макс, 0773 67 80 ХХ
С0131 - Ала-букалык Азаматка салам. Мени унутуп койгон жоксуңбу, мага телефон чал.
Маевкадан Нуриза,
0555 19 49 ХХ
С0132 - Айгүл Рыскулова, Дамира Ниязалиева, Динара Молдошева эжекелер алга! Саясатта мыктылыгы, иш билги, билимдүүлүгү менен бул аялдар көп чиновник сөрөйлөрдөн миң эсе өйдө турат.
Айжан, 0555 87 45 ХХ
С0133 - Орто-Сайда иштеген Бакытка салам! Бакыт көп таарына бербей мага байланыш.
Назгүл, 0777 53 78 ХХ
С0134 - Чубак ажыга асылгандар өзүлөрү кызматка жутунган, акчага көзүн кызарткан адамдар. Биз жаштар сабаттуу, заманга жараша иш апарган Чубак ажы тараптабыз! Ал эми капкайдагы дооматтар менен асылгандар өзүлөрүнүн деңгээлин, чала сабатын көргөзүп жатышат деп ойлойм.
Керим, 0556 78 45 ХХ
С0135- Иштесеңер Атамбаевдей иштегиле. Кыска убакытта эле 15-20 жылда бүтпөгөн иштерди бүткөрдү. Мындай темп менен Кыргызстанды тез эле оңдоп коерунан күмөн санабай койсок да болот.
Исхак 0551 15 08 ХХ

С0136 - Казармандыктарга жана ал жактагы эжем Ырысканга ысык салам! Эжеке даяр болуңуз күн жылыры менен сиздикине барабыз.
Иниңиз Мурат, 0555 39 61 ХХ
С0137 - Сүйүү деген бакытпы же оюнбу,/ Сени сүйдүм бактымбы же шорумбу./ Кээде туруп жылмаясың чалкытып,/ Кээде болсо байкабайсың кайгыртып./
Акылай, 0772 43 21 ХХ
С0138 - Урмат менен Неляга салам! Биз силердин күйөрмандарыңарбыз, Силердин жаңы ырларыңарды чыдамсыз күтүп жатабыз. Бизди качан кубантасыңар?
Айсулуу, Жанна, 0556 45 87 ХХ
С0139 - Иним Жоомартты 2-февраль туулган күнү менен куттуктайм! Ден соолук, ийгилик каалайм.
Бурма, 0777 87 35 ХХ