Дабакана
Богок - акыл-эстен ажыратат
Йоддун жетишсиздигинен улам богок оорусуна чалдыккандардын саны жыл сайын өсүүдө. Өзгөчө кош бойлуу аялдар жана жаш балдар арасында бул оору кеңири жайылууда.

Богоктун
пайда болуусу
Богок оорусунун келип чыгышына жашаган жердеги экологиялык абал да түздөн-түз таасирин тийгизет. Булганган абадан алкым бездеринин иштөөсү жайлап, организмдеги кан айлануу, бездердин иштөөсүн кескин начарлатат. Алгач бул таасир адамдын бетине чыгып шишик сымал тарай баштайт. Андан кийин богок оорусунун калыптанышына алып келет. Андан тышкары богок бездеги Т-3, Т-4 гормондорунун өзгөрүшүнөн улам пайда болот. Богок бези мээнин өсүп-өрчүшүнө жардам берчү гормондорду бөлүп чыгарат. Медицинада бул дарттын бир нече түрлөрү аныкталган. Ал өз ичинен диффуздук уулуу, түйүндүк уулуу (гипертиреоз) жана эндемикалык богок оорусу болуп үчкө бөлүнөт. Баш мээде жогоруда аталган гормондор азайса анда, ТТ-1 гормону көп бөлүнүп чыгып гипертиреозго алып келет. Мында адамды шишик басат, уйкусу келет, жүрүш-турушу, сүйлөгөнү жайлайт, кулагынын угуусу начарлайт. Эгерде Т-1, Т-4 көп бөлүнүп чыкса, анда алар ТТГдагы гипофизди басып таштагандыктан диффуздук уулуу богок оорусу пайда болот. Аны меркозалилол перистатик дарысы менен дарылоого болот.
Баштапкы белгилер
Богок оорусунун эң биринчи белгиси дем алууну оорлотуп, күйүктүрөт. Үн киркиреп өзгөрүп, жөтөл маал-маалы менен кыйнайт. Жүрөк кан тамыры кеңейип, жүрөк ооруп, катуу күч келгенде дем алуу оорлоп, тумчуккандай сезим пайда болот.
Ичегилер ооруп, ич көөп, тамак сиңирүү начарлайт. Жүрөк айлануу, табиттин анча тартпаганы тынымсыз кыйнашы мүмкүн. Түнкүсүн уйку качып, дене табы бирде көтөрүлүп, бирде түшүп дайым бир калыпта болбойт. Тери куудурап кургап, беттин түзүлүшү шишигендей көрүнөт. Жаш балдардын организмине йоддун курамы жетишпесе боюнун, акыл-эсинин өсүүсү начарлайт. Ал эми эркектерде сексуалдык каалоонун төмөндөшү, жүрөк оорусунун кармоо көрүнүшү мүнөздүү. Аялдарда күтүүсүз бойдон түшүү, менструалдык циклдин бузулушу катардагы көрүнүшкө айланышы мүмкүн.
Күнүнө колдонуучу
йоддун өлчөмү
Адамдын организми бир күндө жүз микрограммдан ашык йод талап кылат. Анын алтымыш пайызы жашылча-жемиштен, отуз пайызы эт, сүт азыктарынан, үч пайызы абадан, үч пайызы суудан, калганы туз жана башка азыктардан алынат. Жогоруда саналган витаминдердин жетишсиздигинен улам аталган оору калыптанат.
Бир күндө төмөндөгүдөй эреже менен йод колдонуу керек
- 5 жашка чейинки балдарга 80-100 микрограмм.
- 12 жашка чейинки балдарга 130 микрограмм.
- Андан жогору жана чоң кишилерге 160тан өйдө микрограмм.
- Кош бойлуу жана бала эмизген энелер үчүн 200 микрограмм.
Богоктон аялдар
көп жабыркайт
Кыргызстанда богок оорусуна кабылгандардын үчтөн бир бөлүгү аялдар. Кыз кишинин организми жетилип, өткөөл курак башталганда организмге 2-3 эсе көп йод керек болот. Ошол кезде кошумча дарыларды бериш керек. Бул учурда дарыгерлер атайын дарыларды сунуш кылат. Богок физиологиялык жактан өзүнөн өзү чоңоет. Башында бул нормалдуу көрүнүш катары эсептелсе, өз убагында дарылабаса башка да ооруларга алып келет.
Элдик дарыгерлердин
кеңеши
Курамында йод бар азыктарды колдонуу сунушталат. Аларга, деңиз азыктарынан-балык, камбала. Жер-жемиштерден банан, коон, жүзүм, лимон, апельсин, курма, алма. Андан сырткары уйдун этинде, сүттө жана жумурткада, сарымсакта йод көп.
Бышкан алма, лимон жана апельсин, деңиз капустасын дайыма жеп жүрүү керек;
Моюнга иштетилбеген табигый янтардан жасалган шуруларды тагынуу;
Тамак-ашка жаңы деңиз балыгын колдонуу;
Богок бези менен ооругандарга йодго бай келген деңиз абасы абдан пайдалуу келет, андыктан бул оору менен жабыркагандарга деңизге барып эс алуу сунуш кылынат.




Анара Жумаева, Бишкек шаардык эндокринологиялык диспансердин эндокринолог-дарыгери:
"Богок оорусу жаштар арасында көбөйүүдө"
- Богок оорусу боюнча бизде абал кандай?
- Биздин өлкө эндемикалык зонага киргендиктен абада, сууда йод абдан аз, өзгөчө республиканын түштүк аймагында йод абдан аз болгондуктан ооругандар көп. Мында богок бези өзү эле чоңоюп, ал эми функциялары мурдагы калыбында иштей берет. Бейтапты текшергенде Т-1, Т-3, Т-4 гормондору нормага ылайык болсо, ошондо гана йодомарин берип дарылоого болот.
- Богок оорусу кайсыл курактагы адамдарда көп кездешүүдө?
- Учурда бул оору жаштар арасында абдан көбөйдү, 70 жаштан ашкан аялдардын арасында да кездешип жатат. Бул дартта богок безинин көлөмү нормадагыдай болгону менен структурасы өзгөрүп, ар түрдүү көлөмдөгү түйүнчөлөр пайда болот. Мында ошол түйүнчөлөрдөн сөзсүз түрдө биопсия алынып текшерилет. Шишиктер зыяндуу жана зыянсыз болуп экиге бөлүнөт. Зыяндуу шишиктер рак оорусунун башаты. Эгерде шишик залалсыз болсо "Утирокс" деп аталган кичирейтүүчү дары берилет. Рак шишиги болбосо деле көлөмү 3 сантиметрден жогору болсо, ал адам дем алганда, сүйлөгөндө абдан жолтоо болот, ошол себептүү аны хирургиялык жол менен алып таштайбыз. Анткени, андай шишик канча дарыласа деле кичирейбейт. Азыр таблетка менен дарылоо жолу да бар.
- Бул дартты кандай ыкмалар менен аныкташат?
- Богоктун функционалдуу өзгөрүшү боюнча аутотередит, катуу кармаган тередит, кош бойлуулардын тередити деген сыяктуу көптөгөн түрлөрү бар. Алгач, оорулуудан кандын ТТГ, эркин Т4, ТПО анализдери алынат, андан соң УЗИ аппараты аркылуу текшерилет. Боюнда бар кезинде ТТГсы көп болуп жүргөн аялдардын балдары акыл-эси кем төрөлөт. Ошондуктан, аялдар сөзсүз түрдө эндокринологго көрүнүп, тиешелүү жардам алышы керек. Түйүндүк уулуу богок менен ооруган аялдардын жүрөгү бат-бат согуп тургандыктан баласы боюнан түшүп калат.
- Дарыгер катары кандай кеңештерди бересиз?
- Йод мээнин өсүп-өрчүшү үчүн жана түйүлдүк үчүн маанилүү болгон химиялык элемент. Йод негизинен курма жемишинде көп болот. Ал эми Кыргызстанда топуракта, сууда, абада аз болгондуктан жашылча, жер-жемиштерде да аз. Андыктан балдарга деңиз азыктарын, капустаны, балыкты көбүрөөк бергенге аракет кылуу зарыл. Тамактанарга беш мүнөт калганда тамакка йоддолгон туз салып анан ичүү керек.