Жооп кайрык
Ыйыктык
жана кара өзгөйлүк
"Кереге" гезитинин №23,24,25 сандарында чыккан "Ыйыктык же Абды Сариев менен Бүбү Мариям Жайсаңдын "Манасы" жөнүндө"-деген Шарыпкул Эсенгуловдун макаласын окуп чыгып, өз оюмду билдирип коюуну туура көрдүм.

Жайсаң атабыздын арбагы Бүбү Мариям Муса кызына аян аркылуу берип, сандарын атайын коду менен жазылып жана чечмеленип,көп жылдык түйшүк, мээнет менен элге жеткен "Айкөл Манас" китебинин 10 томдугун бир нече жолу окуп чыгып, китептеги окуялар, ошол китептердин чыгышына аралашкан адамдар, өзгөчө Бүбү Мариям Муса кызы жана Шакин Эсенгулов (Шарыпкул) жөнүндө толук маалымат алдым окшойт. Макаланы окуп чыгып, "Аттиң, адамзаты пенделикке жеңдирбей койбойт турбайбы"-деген бүтүмгө келдим. Болбосо "Ыйыктык" деп ӨЗҮ аздыр көптүр аралашып жүрүп, өзүнүн нысапсыздыгынан, ач көздүгүнөн, тежиктигинен Жайсан атанын арбагынын бир нече жолку эскерткенинен жыйынтык чыгарбай, кудайдын кудуретине тобоо кылбай, дастандын толук жазылып алышына аягына чейин чын пейили менен катышпай, Жайсаң атанын "Айкөл Манасына" автор болгусу келип, ар кандай интригаларды уюштуруп жүрүп, ыйык озуйпадан суурулуп четте калган адамдын кайсы максатты көздөп гезит аркылуу кыргыз коомчулугуна чыгып жатканы түшүнүксүз.
Өзү белгилегендей автор болууга эч кимге укук берилбептир, андай болсо биринчи жарык коргон 8 томдук "Жайсаң" деген ат менен чыккан эпостун толук эмес вариантына автор катары патент алып, бүгүнкү күндө Бүбү Мариямды сотко берип жүргөн Шакин Эсенгуловду (Шарыпкул) ким деп түшүнсөк болот?
Манас атабызды ыйык туткан, биринчи жолу Манас дастанын жараткан Жайсаң атабыздын тирүү арбагы берип жаткан Улуу Дастандын текстин машинкага басып, китеп болуп чыгышына үлүш кошкон адам, адамдык сапатын биротоло сактап, кетирген күнөөсүн моюнуна алып, Теңир алдында улуу арбактардан, чогуу иштешкен балдардан, Бүбү Мариям Муса кызынан кечирим сурап, картайганда кадыр-баркын түшүрбөй жакшы жүрсө "Калык билет эле, калык билбесе балык билет эле"-деп казак туугандар айткандай, акыры эмгеги айтылат эле. "Горбатого исправит только могила"-болуп эми гезит аркылуу ар кандай чаргытмаларды жарыялап, эпос менин ырыскым, эпос мага берилген деген түшүнүгүнөн жанбаса керек. Болбосо Ыйыктыкты оозуна алган адам кечээ эч бир врач айыктыра албаган ооруудан дарылап айыктырган адамын, болгондо да аял кишини сыйлап жүргөндүн ордуна ага негизсиз асылып, ал эле эмес өлкөгө белгилүү инсан Садырбек Дубанаевди эпоско ортоктош автор болгону жатат деп чагым салганы эмне деген кара өзгөйлүк дейбиз?
Улуу жараткан Бүбү Мариямды жөн жеринен эле тандап албаса керек. "Айкөл Манас" китебинин 10 томун толук чыгарып, элге жеткизгенге чейинки Бүбү Мариямдын тарткан азабы, көргөн кордугу, аккан көз жашы, үй-бүлөлүк жоготууларынын ӨЗҮ эмне деген сыноо? Ошонун баарына чыдап, аруу тилегин, мойнуна алган милдетин аягына чейин жеткирүү үчүн баарын көтөрө алган адам сиз белгилегендей оштонуп, арбакка эркелеп же тайраңдап, көшөлөнүп кете турган адам болбосо керек.
Сиз "Ыйык дастан элге сиңбей калды"-деп жазыпсыз. Элдин көбү ал китепке жетпей жүрүшөт. "Айкөл Манасты" окуп чыккан адамдардын көзү ачылып жатат. Буга чейинки дүйнөгө, жашоого болгон көз караштары түп тамыры менен өзгөргөнүн кечээки эле атеист жигиттердин арбакка, кудайга ишенип калгандарын көрдүм. Кыргыз элинин байыркы Эл экенин, тарыхта, болочокто ээлей турган ордун түшүнүп жатышат көпчүлүк. Тилекке каршы китептин нускасы аз чыгып, элге жетпей жатканы өкүнүчтүү. Мүмкүнчүлүк болсо ар бир кыргыздын үйүндө "Айкөл Манас" 10 томдугу болсо, ар бир кыргыз окуп чыкса азыркыдай бөлүнүп-жарылуу, түндүк-түштүк же болбосо уруу-урууга бөлүнүү токтомок, ынтымак-ырыс жылооломок элибизди. Ошондуктан улуттук идеологияны али да болсо, ушул "Айкөл Манас" китебинен издештиришибиз керек. Айкөл атабыздын ант уйку абалында айтып жаткан кеп кеңешин, жалпы эле ата-бабаларыбыздын арбактарынын биз үчүн, келечек урпактар үчүн тиленип жаткандары биздин алдыбызга түшүп жаткан жарык (прожектор) деп билип, тиешелүү жыйынтык чыгарсак өткөөл доордон аман эсен өтүп, кыргыз эли өзүнө улуу жараткан тарабынан тагылган милдетти аткаруусуна мүмкүнчүлүк түзүлмөк.
Ал эми Шакин Эсенгулов (Шарыпкул) мырзага айтаарым, сиз өз миссияңызды аткарыпсыз. Колуңузга берилген кутту күтө албай, улуу озуйпадан жолуңуздун катуулугунан кур калыпсыз, ага өзүңүз күнөөлүүсүз. Бирок кандай болгон күндө да сиздин атыңыз тарыхта калат. Иуда менен Гитлер деле терс жагынан тарыхта калып келе жатпайбы, сиз дагы китепте кала бересиз. Оң же терс жагынанбы аны эл өзү баалап алар. Ыйыктык менен чагымчылдык жана кара өзгөйлүктү алмаштырып алсаңыз керек Шарыпкул мырза. Теңирдин Бүбү Мариямга берген касиети, ал кыргызга берилген касиет, сиз Бүбү Мариямды сотко берүү менен кыргызды сотко берип жатасыз.
Бүбү Мариям Кудайдын сүйгөн пендеси, андагы аруулук, тазалык, жөнөкөйлүк, жаш баладай табигый байоолук, адамгерчилик сапат чанда бир адамда болот. Ошон үчүн улуу эпос тирүү арбак аркылуу Мариямга берилип жатат, ага карабай ал эч бир жерде автордук укукка жулунган, арекеттенген жок. Ал сиз Шарыпкул мырза (чыныгы атыңызды Мариям аркылуу тапкансыз) "Абды Сариев менен Бүбү Мариям Жайсаңдын "Манасы" жөнүндө"-деп кырчаңгыланып тема коюп, макала жазып, ошол аркылуу өзүңүздү Эл-журт алдында апакай көрсөткүңүз келет. Сизде Бүбү Мариямдыкындай касиет болсо, бир барак аян алыңызчы, көрөлү?.. Сиз жөн эле техперсоналсыз ( машинисткалар ошол категорияга кирет), машинисткалар качан автордукту талашчы эле. Сиз Кудайдын буйругу бузулду дейсиз, Кудайдын буйругу бузулбайт, аны эч ким буза албайт. Ошого мээңиз жетпейби, же жамбаштагы ириңиңиз мээңизге тээп кеттиби? Катуураак тийип калса кечирип коюңуз, мен эмес сиздин тежик кыялыңыз, чаликтигиңизге тенелбей, "Эпос толук жазылсын"-деп Жайсан атабыздын арбагы да сизден кечирим суранган эмеспи?

Соотбек Токтогазиев,
Талас облусу.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген
машыктыруучусу.
Улуттук ат оюндар
федерациясынын президенти