Түпкүрдү түрүп... Тек жайдын таасири тереңби? Орус медиасы мындан бир канча убакыт мурда тактап айтканда, Дмитрий Медведев жаңы президент болуп шайланып келгенде анын тек жайын сүрүштүрүп баштаган. Чынында элбашылардын тек жайын сурамжылоо бүгүн гана башталган нерсе эмес экендиги белгилүү. Замандын агымы менен демократия, шайлоо деген сыяктуу "куралдар" менен бийликке келсе дагы ал адамдын түпкүрүн издемей адатка айланган нерсе. Түпкүрүн казып, илинчектүү бир нерсе тапса аны бетине кармап алышып, акыры бийликтен түшүрүүгө далалат кылышат. Эч нерсе таппай ал адам хан же ак сөөктүн тукуму болуп калса анда "аккан арыктан суу агып жатат" деп бийлик чөйрөсү аны өзүнүн агымына кошуп кетет. Дегеле адамдарга түшүнүп болбойт. Адамды биринчи кезекте ишке болгон шык жөндөмүнө карабай анын тегин, генин изилдөө бардык элдерде бар. Мындай нерсени кыргыздарга гана тийиштүү деп караганга негиз жок. Айтмакчы, кыргыздарда Акаевдин деле Бакиевдин деле тегин сүрүштүрүп, биринчисин жунгар доорунда качып кете албай калган калмактын тукуму десе, экинчисин дунган дешти. Бирок, экөөнү тең эле бийликке алып келген аксакалдар же Атамбаев айтмакчы "акшакалдар" тектүү жердин кулуну дешип, ал тургай элбашы катары таанышып, батасын беришпеди беле. Бата демекчи бир нерсе эске түшөт. Ыраматылык жазуучу Асанбек Стамов "Эл наркы" деген көрсөтүүгө тартылып жатып, мындай деп айткан эле. Бакиевдердин дөөлөтү артып турганда кыргыздын аттуу-баштууларынын алдынан өтмөккө бардыгынын башын бириктирип чакыртыптыр. Алардын арасында аксакал Турдакун Усубалиев дагы бар экен. Усубалиевге сөз тийгенде Бакиевге кемер кур бериптир, ата салтын улап дегендей. Бирок, кемер кур узакка тартылбады... Мындай салттык жосундарды айта берсе түгөнгүс. Бирок, нарк-насилдин чындыгы бар. Кечээ жакында президенттик таймаш болуп, анын алдында дагы кээ бири аталарынын баатыр экенин даңктап той-аш өткөрсө, айрымдары кыргыздын атын чыгарган эл азаматтарды эскеришти. Баарыбызга белгилүү болгондой тексиздери тектүү жерден тууган издеп, тууган табылбаса, жердештик позицияны да кармана кетишти. Башында айтып өткөндөй мындай "оору" кыргызга гана таандык болбогон соң коңшуларга да көз жүгүртсөк. Азыркы Орусиянын президенти Дмитрий Медведев шайланып келген күндөн тартып эле, аны Орусиянын тарыхындагы эки династиянын бири Романовдор династиясы менен байланыштыра башташкан. Мүмкүн чындык, мүмкүн болбогон кеп. Бирок, аны "Романовдордун, Николай экинчинин түз тукуму, ишенбесеңер мына"-деп сүрөттөрүндөгү окшоштуктарды, бет түспөлүн, мүнөздөрүн салыштырып чыгышкан. Мүнөздөрүн салыштырууда Николай экинчи жөнүндө жазылган мемуарлар, анын өзү жазган күндөлүгүн ж.б. булактарга таянып, ынандырууга аракет кылышкан. Медведевдин бийликке келишин, Николай экинчи менен салыштырышып, тактыга кандай келсе ошондой кетет деген. Эгерде тарыхка кылчайсак, Николай экинчи тактыга келгенде "Колунда жок жакыр элди тоюндурам"-деп аянтка элди чогултуп бекер нан, тамак-аш тараткан. Бирок, кыйналып турган эл нан менен ашка жетебиз деп бири-бирин тебелеп, өлгөндөр көп болгон. Ошондо эле айрым адамдар "Бул падышанын жолу кандуу болду, оң иш баштаганда эле кандуу башталып кетти. Эми кан менен кетпесе болду"-дешкен. Ошол айрым саймедирегендердин сөзү туура чыгып, 1917-жылы 27-февралда падыша тактыдан кулап, акыры кан менен жашоосу токтоду. Өзүнүкү гана эмес, бүтүндөй Романовдор династиясынын жашоосу токтоду. Орустарда мындай деген сөз бар "Биздин падышалардын коронасы башы менен гана кошо алынат"-деген. Бул сөз тактыдагы адам өлүп гана бийликтен кетет же башкалар падышанын башын алмаштырат деген сөз. Бирок, Медведевдин тагдырын дал ошондой болот деп элестетүүгө болбойт. Анткени аны Путин бийликке жетелеп алып келген, жетелеп чыгарып коёт дешет. Медведев менен Николай экинчинин иш-аракеттериндеги айрым окшоштуктарды карап көрөлү. Николай падыша учурунда саясий кырдаал курчуп, "Парламентти чакырыш керек, падышанын бийлигин бөлүштүрүш керек" деп туш тарабынан жеп башташканда, акыры Думаны чакырып жаны калган. Николай экинчи өзүнөн кийин падыша болууга эч кимди даярдай алган эмес, өзүнүн иштеген иштери акырына чыкпай калган. Бул жагынан алганда Медведевдин "модернизациясынын" да тагдыры окшош. Медведев өзү бийликте туруп, мамлекет башчысы болуп туруп бир дагы ишти акырына чыгарган жок. Жогоруда белгилегендей Медведев өзүнүн Николай экинчиге окшоштугун билет жана анын кабинетинин биринде акыркы орус падышасынын сүрөтү илинип турат. Не деп айтсак да, Медведев да, Николай экинчи да өз заманынын өз элинин саясий куралдары. Канткен күндө дагы кыргыздар тек сүрүштүрбөсөк дагы, дээрин байкап көрсөк. Анткени жашоодо дайыма формалдуулук менен түпкүлүк эске алынып жүрөт. Элизат ТУРСУНОВА |