Айлакер айым
Атасын, жездесин тирүүлөй "өлтүргөн",
күйөөсүн сызга олтургузган
аферист Асель
Бул окуяга гезит бетинен орун берүүгө эненин көз жашы негиз болду. Ал уулу Урматтын (аты-жөнү белгилүү себептерден улам өзгөртүлдү) тагдырын бир жыл ичинде ашмалтайга айланткан кызды каргап-шилеп отурду. "Уулум Юридикалык академияда окучу. Аны мугалимдери ошол жерде окутуучулук кызматка калчу мыкты алты баланын тизмесине кошушкан экен"-деп бүт сынактарды 5 менен тапшырган баа китепчесин (зачеткасын) көргөздү. "Баламды кем кылбайын деп колум ооруганына кайыл болуп (башбармагынын сөөгүн операция менен алып салышкан экен) Россияда пол жууп иштедим. Канча азап менен тапкандарымды кайдагы бир шуркуя бир заматта жок кылат деп эч ойлобоптурмун"-деп ыйлап отурду. Анын айтымында уулунун башын айланткан Асель Ибраимова аттуу айым анын астындагы автоунаасын, үйүн, ноутбуктарын күрөөгө койдуруп, (акчаларын кайда жумшаганы белгисиз), аны каалагандай калчап жүрүптүр. "Аселди сүрүштүрүп ким экенин таптым. Анын дагы бир аты Жазгүл имиш" дейт Д…. эже. Көз жашын жамгырдай төгүп отурган энеге ишенбей кое албадык. Албетте, кимдин ким экенине дароо бүтүм чыгара албайбыз. Бирок, "Мындай шылуун кыздардан уулум сыяктуу канчалаган жигиттер жабыр тартпаса дейм"-деген эне ниети кимди да болсо кайдыгер калтырбас.

Алдануу
Урмат 2011-жылы февраль айынын аяк ченинде телефон аркылуу бир кыз менен таанышып калат. Бийкеч өзүн Асель деп тааныштырат. Экөө Дордой тараптагы "объездден" жолугууну макулдашышат. Урмат автоунаасында досу Мукаш менен барганда Асель Мээрим деген курбусун ээрчите чыгыптыр. Эч нерседен бейкапар жигиттер эки кызды Бишкектеги аянтка алып келип сейилдетишет. Түнкү саат 11 жарымга чукулдаганда жигиттер үйгө кайтууну сунушташат. Урмат, Мукаш дагы эки досу менен 4 бөлмөлүү үйдө батирде турушчу. Кыздар да түн жарым болгонуна шылтап алардын батирине ээрчип келишет. Урмат эртеси Асель менен Мээрим кеткенде ойгонот. Ошол бойдон окуусу менен алек болуп жүрүп ал кыздар тууралуу унутуп деле калгандай болот. Күндөрдүн биринде Асель түн жарымда Урматка телефон чалып ыйлап жардам сурайт. "Энелеш, бирок атасы башка эжесинин үйүндө жашап жүргөнүн, ал эжеси менен уруша кетип үйүнөн кууп чыкканын" айтып "Менин эң жакын тааныштарымдын бири сенсиң. Силер менен чогуу батириңерде жашап турайын"-деп өтүнөт. Кыштын ызгаар суугунда жука жемпер, капрон колготки менен дилдиреп жүргөн кызга боору ооруган Урмат досторуна "Аселге жардам кылсак кантет"-деп сунуштайт. Достору да макул болуп, Асель алардын батиринде жашап калат. "Батир акысын өзүбүз эле төлөйлү. Ал тамак жасап, үйдү жыйнап жардам кылып турсун анда"-деп макулдашышат. Асель жылуу мамилеси менен Урматты айланчыктап, аны менен мамиледе болууну өзү сунуштайт. "Мен бойго бүтүрбөөчү дары ичип жүрөм. Сенден эч нерсе талап кылбайм. Мал бакканга кеткен ата-энем келгенде августта Токтогулга кетем"-деп тооруйт. Эки анжы болгон жигитке "Коркуп жатсаң кепилдик болчу расписка жазып берейин"-деп ой-боюна койбой көндүрөт. Ал ушунчалык ынанымдуу сүйлөгөндүктөн Урмат ишенип, "Расписка жазбай эле кой. Жөн гана бири-бирибизди алдабайлы"-деп өтүнөт. Эки ай өткөн соң Асель боюна бүтүп калганын билдирип, аны менен чогуу жашоодон баш тартса сотко берерин айтат. Урматтын жанында туруп өз апасына телефон чалып чакыртып, сотко бермей болуп макулдашат. Ошондо гана жигит айласыз чогуу жашоого макул болот. Ал бир кесилсе эч качан юрист боло албасынан, келечегине балта чаап алуудан коркуп буга моюн сунуудан башка айласы калбайт. "Төрөгөн соң ажырашам"-деген ниетте Асель менен чогуу жашаганын ата-энесине айтпай эле коюну чечет.

Өлдү деген кишилер тирүү чыкканда
Урмат менен чогуу жашап анын мүнөзүн, максаттарын жакшылап билген Асель түшүнүксүз аракеттерди кыла баштайт. Урматтын "Өзүмчө бизнес кылсам же бир кирешелүү иш баштасам"-деген тилегин угуп "Менин Улан деген бөлөм бар. Ал бизге Интернет клуб ачканга жардам берем деди. Бирок 45 миң сом керек экен. Киреше аябай жакшы түшөт дейт"-деп үгүттөй баштайт. Урмат ага кантип макул болгонун өзү да сезбей калат. Өзүнүн атына катталган Сокулуктагы ата-энесинин үйүнүн документин күрөөгө коюп, 15 миң сомду бир ай ичинде 18 миң кылып кайтарып бермей болуп ишеним кат жазып берет. Акчаны алып кеткен Асель көп өтпөй "Улан бөлөсү бирөөдөн карыз алып, анын мөөнөтү өтүп кеткени үчүн аны милицияга берип коюшканын, камакта отурганын"-айтып келет. Улан Асель менен телефон аркылуу сүйлөшүп "Мына чыгам, бул жакка келгиле, тигине чыгам, тиги жакка келгиле"-деп суй жыгылтат. Акыркы ирет "Совет-Киев көчөлөрүнүн кесилишине келгиле"-деп чакырат. Ал жерде күтүп жатышканда Аселге телефон чалып "Токмокко барып Интернет клубдун документин алып келгиле"-дептир. Интернет клубдун кожоюну телефон аркылуу баары калп экенин айтканда Урмат алданганын билет. Аны жооткотуу үчүнбү, айтор, Асель атасы Урматты өкмөттө иштеген Осон (балким Осмондур, бирок кандай жазылса ошондой берүүнү ылайык таптык) Артыкбаевдин жанына ишке киргизүү үчүн көп акча берип аракеттенип жатканын кабарлайт. Урмат буга ишенип, жакшылык үмүт кылып күтө баштайт. Ишенбеске айласы да жок эле. Анткени ага ошол Осон дегендин атынан "Урмат күтө тур. Сени эртең ишке киргизем, наркы күнү киргизем"-деген СМСтер келип турат. Акыры Асель атасы Казакстанга кеткенин, Осондун ташып келе жаткан унааларын чек арадан өткөрбөй кармалып жатышканын айтып, "ишке кийирүү" маселесин кийинкиге калтыргансыйт. Дагы бир күнү Асель "Раат деген жездем бар. Аны менен сүйлөшүп келдим. Дос баласынын Интернет кафеси бар. Бирок, ал өзү иштеткиси келбейт экен. Анын акчасы да, дүнүйөсү да жетиштүү экен. Жездем: "Эгер силер иштетем десеңер алып берем"-деди. Бирок, ага 60 миң сомго лимит жүктөө керек"-деп үгүттөй баштайт. Урмат ишенчээктигине салып кайра макул болот. "Эгер машинамды күрөөгө коюп бул акчаны алып берсем, канча убакытта ала алат экенбиз"-деп сурайт. Ага чейинки кайып болгон акчалардын ордун жабуу үчүн ал баарына даяр эле. Ага аялы "Жездем 2 жумага жетпей опоңой чыгарып аласыңар деди"-деп жооп алып келет. Анда Урмат унаасын 50 миң сомго күрөөгө коюп, 10 миң сомуна ошол эле күрөөдө жаткан ноутбугун чыгарып, калган 40 миң сомду Аселдин колуна эсептеп салып берет. Калган 20 миң сомду "Гүлбарчын эжемен алмай болуп макулдаштым"-деп аялы аны ишендирип акчаны алып кетет. Кечинде "60 миңге лимит жүктөдүк, Интернет кафе иштей баштады"-деп сүйүнчүлөп келет. 4-5 күн өткөн соң "17 миң сом пайда түштү. Эмне кылайын"-деп Урматты сынай карайт. Ага кубанган жигит "Иш жакшы болсо анда ага деле лимит жүктөп кеңейте бергиле"-деген жообун берет. Интернет кафеге барып, жездеси менен сүйлөшүү ниетин билдирсе Асель так түйүлүп көнбөйт. "Ал бош эмес. Эртең келем деди"-деп создуктурат. Бир күнү "Раат жездем баласын машина уруп кетип Токтогулга кетиптир. Ал эми Интернет клубдун ачкычын ээсине таштаптыр. Ал Ысык-Көлгө кетиптир"-деп келет. Урмат "Раат жездеңдин телефонун тап. Териштирели"-деп талап кылат. Анда көп күн өтпөй Асель "Раат жездем бирөөлөрдөн көп карыз алып качып жүргөн экен. Алар аны Токтогулдан таап алып ичип отуруп бычак сайып өлтүрүп коюптур"-деп кабарлайт. Оозунан келмеси түшүп отуруп калган жигитти алаксытып "Папама звонок кылдым. Машинаңды чыгарып бермей болду"-деп ишендирет. Урмат ага ишенип Аселдин атасын күтүүдөн башка айласы калбайт. Ушундай күндөрдүн биринде Асель чуру-чуу салып эле ыйлап кирет: "Папамды Осондун балдары уруп коюптур. Оор акыбалда жатат экен. Арген деген таякем карап жатыптыр. Кан куюу керек экен"-деп кечке ыйлап жүрөт. Бир күнү баякы Асель айткан Арген таякесинин атынан Урматка СМС келет. Анда "Аселдин атасы каза болуп калды. Боюнда бар эме биякка келбей эле койсун"-деп жазылган эле.

Чындык ачылганда
Урмат эмнелер болуп кеткенин өзү да түшүнбөй калган эле. Аялынын өлдү деген атасы Насипбек имиш. Дагы бир Райымбек деген атасы бар имиш. Аны Асель өзү айтып Урматтын оозун дагы ачырды. Ушул жылы 16-январда Аселдин бир эжекесин күтүп КирКомСтромдо турганда Нурлан деген бөлөсү келип "Экөөнү апасы чакырып жатканын" айтат. Ал жерде Аселдин таежеси жана тергөө органдарында иштеген таякеси отуруптур. Алар Урмат менен Аселдин эмне болуп жүргөндөрүн сурамжылашат. Урмат болгонун болгондой айткан соң алар таң калып шалдайып отуруп калышат. Анткени, Асель өлдүгө чыгарган Раат жездеси аман-эсен эле өз жумушу менен алектенип шаарда экен, кызыгы анын "Интернет кафе, 60 миң сом" тууралуу кабары да , тиешеси да жок экенин уккан Урмат дел болуп отуруп калат. Ушунча убакыт чогуу жашап жүргөн Аселдин ким экенине түшүнө албай эси оойт. Алданып калганын түшүнгөн жигит айласы кетип отурганда апасы таап келиптир. Ыйлап-сыктаган менен колунан эмне келмек...

P.S.
Урматтуу окурман жогорку окуяны биздин колубузга кандай тийсе өзгөртүүсүз чыгардык. Учурда Урмат "Алданып калдым. Апа мени кечиргин" деп жазып койгон бойдон үйүнө жолой элек. Ал эми бул окуянын кесепети кандай болот, кандай чечилери али белгисиз. Урматтын апасы "Сот жолу менен, мыйзамдуулук менен чындыкка жетем"-деген үмүттө.
Ысак КАРАЧЕВ