Элмурза 1 миллион долларга жер сатып алыптыр!
Элмурза Сатыбалдиев деген эргул бар эмес беле, оттон, соттон качпаган. Бакиевдердин колбала-генпрокурору болуп, генпрокуратура имараты өрттөнүп кеткенче "Все под контролем" деп, отура берген Элмукеге ушу күнгө дейре каш каккан жан болгон эмес. Ошентсе да, экс-генпрокурорго Аман Полотов аттуу Сузак районундагы фермердик чарбанын башчысы тиш салды.
Көрсө, Э. Сатыбалдиев "элге эмгеги сиңип", "ыр дүйнөсү ачылып", "жан дүйнөсү жашарып", "кызматы кызып" турган чагында 1 миллион АКШ долларын Абдумиталип Хакимов деген пахта заводунун директорунун алаканына чаап, мыйзамсыз жер тилкесин сатып алыптыр. "Алдырарда жаздырар" болуп, кашайып, ал "дүң сооданын" арасына А. Полотовго тиешелүү үлүш жер дагы илээшип кетет. Анан минтип, чубалган чуу чубалып…
Кызыгы, А. Полотовдун өмүрүнө коркунуч туулуп атыптыр. Анын айтымында чоочундар телефон чалып, үйүн номери жок машинелер курчап, акмалап тургандыктан, сыртка аялы, балдары менен жетелешип чыгып-кирип калыптыр. Кебетеси, бакиевчилердин мафиясы Сузактын суусун "сузуп ичип" аткандай. Ал го ал, Э. Сатыбалдиев ал миллионду кайдан, кантип тапкан? Коррупция менен күрөшөбүз деп аттыңар беле…

"Кереге-ПРЕСС"