Жунглиге баратабызбы?
"Зордук менен үйүмдү тартып алды"
Бүгүнкү күндө эсирип көпкөндөрдөн жана шылуундардан запкы жеген замандаштарыбыз абдан көп. Аларды бир эсе шылуундар алдап же күч колдонуп укугун тебелеп, айрым учурда өмүрүнө коркунуч туудурса, экинчи жагынан шапкесин кийип колуна потфелин кармаган мамлекеттик кызматкерлерибиз кылмышкерлер менен коюн-колтук алышып, айласын алты кетирүүдө. Бир учурда эки тепкиге дуушар болгон Сулайманкулова Айгүл эже дагы ошондой жарандардын бири. Ал бизге кайрылып, өзүнүн арыз-муңун бийликтегилерге, КРнын президентине, УКМКнын алдында жаңы ачылган антикоррупциялык комитетке жолдоду.

2010-жылдын 18-ноябрында түнкү саат 22:23 чамасында биздин Бишкек шаарынын Алтын-Ордо жаңы конушундагы сатып алган 410-участкасында салынып бүтө жаздаган эки кабат үйүбүздү жана андагы оокат-мүлктөрүбүздү белгисиз адамдар тарабынан мыйзамсыз басылып алынгандыгы тууралуу Тима аттуу адам жана ошол аймакта жашаган тааныштар телефон аркылуу кабарлашты. Тима деген адам Кожокулов Тимур 2007-жылы ИИМдин Академиясын бүтүргөн жана Свердлов РИИБисинин кызматкери экени белгилүү болду жана аны жаап-жашырып келишкен. (Эми азыр такталгандан кийин аны да качырган жатышат). Бул ишке кызыкдар Бишкек шаарындагы "Вымпель" аталышындагы жеке күзөт агенттигинин кызматкерлери тактап айтканда Алмаз Байботоев тарабынан жүзөгө ашырылган. Ал эми Тима аттуу адам кийин билингендей ошол кылмыштуу топтун катышуучуларынын бири экени белгилүү болду. Ошол түнү үйүбүзгө барып териштирүүгө мүмкүнчүлүгүм жок эле. Анын үстүнө мындай жагдай өтө эле кооптуу болчу. Эртеси Бишкек шаарындагы кыймылсыз мүлктү каттоо мекемесинин жетекчилерине барып болгон окуя тууралуу түшүндүрүп берүүсүн сурадым, бирок мени эч кимиси уккулары келген жок. Аңгыча "Үйдү мен сатып алдым, үйдүн ээси менмин"-деп, документтерин көрсөтүп бир адам келип калды. Ал адамдын аты жөнү Байботоев Алмаз жогорудагы жеке күзөт агенттигинин директору экен. Ал ишти териштирүүнүн ордуна кайра "Мага силер акча карызсыңар, ошон үчүн үйүңөрдү алдым, каалаган жериңерге баргыла, сотторду, милицияларды жана башкалардын баарын колго алып койгом, тааныштарым көп"-деп коркутууга өттү. Ал гана эмес "Эгер сотко бере турган болсоңор, до суда не доживешь"-деп опузалады. Аны орун басары Эркингүл Садыбакасовна aттуy айым колдоп турду. Ал менин үйүмө көз артканынын себеби менин күйөм 2009-жылы андан 25 миң доллар акча алып, бирок анын ордуна пайыздык үстөгү менен 3 бөлмөлүү квартирасын берген. Байботоев болсо, ошондо эле мага катталган үйүмө кызыгып кандай жол менен болсо да алам деп ойлогон жана күйөөмө ошол үйдү бер деген. Күйөөм макул болбогон соң, ар кандай айла-амалдарды колдонуп, үйдү тартып алууга аракет жасай баштаган.
Мен бул ишти сотко бергенде, соттук териштирүүдө бул адамдар чагылгандай тездик менен 17-ноябрында 2010-жылы үйдүн документтерин даярдашып, 18-ноябрда түштөн кийин Ташматова Нургүл аттуу айымга caтуугa үлгүрүшкөн. Биз үйгө жана мүлккө арест койдургуча бул адамдар Бозумбаева Н. аттуу адамга каттатканга үлгүрүшкөн (Бозумбаева Ж.Баласагын атындагы КУУнун 1-курсунун студенти экен). Бул иш менчиктин ээсин чаташтырууга болгон көз боёмочулук эле. Түшүнүктүү болсун үчүн бир нерсени айтып коюшум керек. Мен үйдү сала электе жер тилкени Турсунбаев Марат аттуу адамдан сатып алгам. Бирок сатып алууда толугу менен каттатпай, башкы ишеним кагазы (генеральный доверенность) менен каттатып, үй салганбыз. Бирок, кийинки чатактын баары ушул адамга байланыштуу болуп жатат. Себеби бул адамдын кылмышка баруусуна жана жашырынуусуна Байботоев Алмаздын жана аны колдогон милиция кызматкерлеринин кысымы астында болгондугун Турсунбаевдин атасынын сотто жана прокуратурага берген көрсөтмөсүндө, жана түшүнүк катында белгилүү болду. Мен Турсунбаев Маратка "Убактысы бүтүп баратат, үйүмдү толук мыйзамдаштырып бер"-десем, "Паспортум жоголуп кетти" деген шылтоосун айтып, ал гана эмес паспортту кайра калыбына келтирүүгө акчам жок болуп жатат, акча берип туруңуз деп 5500 сом акча алып, алдап качып кеткендиги кийин маалым болду. Ошентип, тынч жол менен үйүмдү ала албасыма көзүм жетип, 20-ноябрь 2010-жылы Сокулук райондук прокуратурасына ушул райондун Гавриловка айылынын тургуну, биз сатып алган жердин мурунку ээси Турсунбаев Мараттын бул ишке тиешеси бар экендиги билинген соң, ага карата арыз менен кайрылгам. Ал эми баскынчы Байботоев Алмаздын Ички иштер органдарында тааныштары бар экенин билип, мамлекеттик кыймылсыз мүлктү каттоо мекемеси колдоп тургандыгы белгилүү болгондон кийин, УКМКга ишти мыйзам чегинде териштирип берүүсүн өтүнүп, 20-ноябрь 2010-жылы арыз жолдогом. Бирок, Укук коргоо органдарына жөнөтүлгөн арызыбыз белгисиз себептерден улам 70 күндөн ашык убакыт өтсө да, эч кандай иликтөө иштерин жүргүзбөй, кылмыш ишин козгобой создуктуруп келишти. Сокулук райондук прокуратура Сокулук РИИБисине жөнөтсө, алар Аламүдүн РИИБсине жиберди. Аламүдүн РИИБиси 2 ай кармап туруп, кайра Сокулук РИИБисине жиберди. Сокулук РИИБиси кайрадан Октябрь РИИБисине жөнөттү. Ал эми Октябрь РИИБинин тергөөчүсү Жаманкулов Эмил таптакыр эле биздин ишти карабай койду. Премьер-министрге, ЖКнын депутаты Ташболот Балтабаевга арыз менен кайрылып, алардын кийлигишүүсү менен Башкы прокуратуранын көзөмөлү астында Октябрь райондук прокуратурасы 10-февраль 2011-жылы гана Турсунбаев Маратка карата кылмыш ишин ачуу боюнча токтомун чыгарды.

Коррупциялашкан система
Таң калганым биздин өлкө ушунчалык чырмалган коррупцияга батканында болду. Башкасын айтпаганда да Бишкек шаардык кыймылсыз мүлктү каттоо агенттигинин башчысы Тезекбаевдин бир күндө Байбатоевдин пайдасына үйдү каттап бергени эле эмнени айтып турат. Демейде үйдү каттоо үчүн эки-үч айды талап кылышат. Андан сырткары Акыйкатчы деген бакыйган кызматта отуруп алып, күн тийген тоонун күкүгү болгон Т.Акунду да айткым келет. Ал адамга ишти карап берүүнү өтүнгөндө, анын институту кош көңүл мамиле кылышты. Көрсө, акыйкатчыбызды ар кандай кырдаалдарда (7-апрелден кийин) коргоп, колдоп турган жогорудагы "Вымпелде" иштеген балдар жана анын башчысы Байботоев экен. Ушундан улам ушул Акыйкатчы деген институт керекпи дейсин! Ал эми сот системасын чирип бүткөн система катары карасак болчудай. Октябрь райондук соту Эрмамат кызы Сюита мени калп эле жооткотуп жатып, Байботоевдин пайдасына чечти. Анын себеби Октябрь райондук сотунун төрагасы А. Осмонов да бул ишке кызыкдар экенин адвокатым изилдеп чыкты. Ошондой эле шаардык соттогу М. А. Давлетбаева, И.В.Горшковская жана Ж.К. Албанова ишти калыс талдабай кылмышкердин пайдасына чечип беришти. Ал эми эң маанилүү деп эсептелинген Мамлекеттик коопсуздук кызматы дагы функциясын толук аткарбаса белгилүү болду. Бул боюнча УКМКнын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевге арыз менен кайрылып, ага араңдан зорго жолукканда, ал киши өзүнүн кол алдындагыларга "72 күн арызды эмнеге кармап жаттыңар?"-деген суроо бергенде так жооп болгон жок. Анткени УКМКнын өздүк коопсуздук бөлүмүнүн офицери полковник Урмат Токталиев Алмаз Байботоевдин таякеси экенин жана ал иштин тергелишине тоскоол болгону билинди. Биздин Укук коргоо органдарыбыздын көзгө басары бул ИИМ. Эми андагы баш аламандыкты айтпай эле коёлу. Мен кылмышкер деп күнөөлөнүп жаткан Алмаз Байботоевдун "Вымпель" күзөт агенттигинин ишин токтотуу боюнча министр З. Рысалиевге болгон окуя боюнча маалымат берип, агенттиктин лицензиясын жоюу боюнча арыз таштагам. Ал арызга министр өзү кол коюп берип, тийиштүү органдарга териштирүү тууралуу тапшырма берген, өзүнүн визасын коюп. Бирок, ал виза коюлган арыз алгач Ички иштер башкармалыгына андан, РИИБге, РИИБден Финполго өткөн. Финпол болсо, кайра УКМКга бердик деп, ошол бойдон министр жазып кол коюп берген арыз ортодо жок болуп кетти. Башкача айтканда министрдин жазганын эч ким татыктуу караган жок. Андан кийинки маселе биздин билим берүү системасына байланыштуу десем болот. Анткени Байботоев Алмаз 2006-жылы Кыргыз Улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн деген дипломду жасалма жол менен алган. Биздин жекече изилдөөбүздө белгилүү болгондой Байботоев Алмаз КУУда жана анын филиалдарында эч кандай билим алган эмес. Анын диплому эч кандай ведомсттук документтерсиз, жасалма протокол менен кол коюлуп берилген. Биздин ЖОЖдордун көч башы болгон КУУнун дипломун болгондо да юридикалык дипломду жасатып, сатып алганы белгилүү болду.

Кайрадан сотто
22-декабрда 2011-жылы Биринчи Май райондук соту биздин арызыбызды кайрадан карап, Турсунбаев Маратты сот жообуна тартып, 7 жыл күчөтүлгөн режимге кести. Мында сот Боронбаев калыс эле чечим чыгарды, бирок буга чейин соттук протоколдордун бардыгын сот Эрмамат кызы Сюита оңдоп чыккан. Бул сот ишин тез жана калыс чечкенинин себеби Байботоевдин изин жашыруу менен кылмышка тийиштүү милиция кызматкерлерин камырдан кыл сууругандай чыгарып кетүү болуп саналат. Себеби, Байботоевди атайын качырып жиберди, анткени аны кармап сот жообуна тартса, Байботоевдин ИИМ менен УКМКдагы колдоочулары "крышаларынын" ишине терс таасир тийгизери анык. Эң кызыгы ушунча убакыт өтсө дагы жогорудагы адилетсиз чечим чыгарган соттор менен, тергөөчүлөр, кылмышка тиешелүү милициялар, УКМКнын, Финполдун кызматкерлери, Акыйкатчы жана Кыймылсыз мүлктү каттоо кызматынын башчысы бүгүнкү күнгө чейин кызматын кетпей "ак эмгек" өтөп жатышат. Алар дагы канча адамдын укугун тебелеп жатышат, эч ким билбейт.
Учурдан пайдаланып, бул ишти адилет карап берүүгө кепилдик берип, ишти толук акырына чейин жеткирүүнү жогорку жакта отурган адамдардан сурайт элем.
Даярдаган
Элизат Турсунова