Жаңырык
Жыл мыктылары 2011
Коён жыл менен коштошуп жатабыз. Астанада ажыдаар жылы. Табиятка зыяны жок коён жылын күтө алдыкпы күтө албадыкпы ал мезгил иши. Жашоо мыйзамы ушу экен, ар бир жыл жакшылык шыбагасын ырооологону менен жоготуусун эриш-аркак кылып берет тура. Бекеринен "ПЕНДЕНИН оозундагы сөз КУДАЙДЫН кулагында"-деп акылман элибиз айтпаса керек. Ушу улуу сөздү уңгу тутуп, өтүп бараткан жылыбыздагы жакшы жөрөлгө жараткан инсандарыбыздын атын атап коюуну эп көрдүк. Бул жөрөлгө бир канча жылдан бери кыргыз маалымат каражаттарынын салты катары бийлик көңүл бөлбөгөнүнө шык берүүчү болуп, коомчулук байкабай калганына байкоочу болуп келебиз. Өзгөчө бүгүнкү күндө бардык нерсени тескери көз менен карай берип балким чындап эле жакшы адамдарыбыз арабызда экенин унутуп бараткандырбыз. Келгиле бүгүн ошол жакшы адамдарыбыздын жыл ичиндеги кылган максаттарын жөн гана баса белгилеп, "ЖЫЛДЫН АДАМЫ" деген ат менен аларга жаңы жыл босогосунда келерки жылдагы иштерине ийгилик каалап коёлу…


Жылдын каарманы-Роза Отунбаева
Орто Азия аймагындагы алгачкы айым президент катары бийликти өз эрки менен өткөрүү салтын баштаганы жана акыйкатты туу тутуп, КМШда демократия кандай болорун далилдегени үчүн


Жылдын губернатору-Канатбек Муратбеков
Алыскы тоолу аймак аталган Нарын облусуна "Теңир-Тоо бизнес форумун" түзүп, айыл өкмөт башчыларына эле эмес бүтүндөй калкка жага турган социалдык программа жүргүзө алгандыгы үчүн.


Жылдын мамлекеттик жетекчиси-
Юрслан Тойчубеков
Өкмөт алдындагы Каржы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу агентигинин ишин илгерилетип, эл аралык деңгээлге жеткиргендиги үчүн.


Жылдын меценанты-Алтынбек
Сулайманов
Уркуя Салиеванын 100 жылдыгын өткөрүүгө демилгечи болуп, бардык каражатты көтөргөндүгү жана кайрымдуулук иштеринин молдугу үчүн.


Жылдын реформатору-Жолдошбек
Бектурганов
Европа мамлекеттерине кара тизмеге кирген "Кыргызстан Аба Жолдорун" эл аралык деңгээлге көтөрүп, БОИНГ учактарын тышкы каттамдарга эле эмес, ички каттамдарга да ишке салгандыгы үчүн.


Жылдын ишкери-Сапар Асанов
Жеңил өнөр жайын көтөргөндүгү жана эл аралык деңгээлде Ата-мекендик өнөр-жайдын көргөзмө жарманкелерин уюштургандыгы үчүн


Жылдын партиясы-Замандаш-
Современник
Жөнөкөйлүгү, карапайым калкка жакындыгы, аткарылгыс иштердин арбынын Өкмөттүк деңгээлде мурда эле аткарып койгондугу үчүн.


Жылдын дарыгери-Качкынбек
Абылкасымов
Өлкөбүздөгү өзгөрүүлөргө негизги себепкер болуп, Апрель окуясында жараат алгандардын дээрлигин өз колу менен дарылап, калыбына келтиргендиги үчүн.


Жылдын маданий ишмери-
Байас Турал
12-декабрь адабият күнүн жана Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүн түбөлүккө калтырып, ал мыйзамга демилгечи болгондугу үчүн.


Жылдын улут сыймыгы-
Атай Өмүрзаков
Чет дүйнөдө кыргыз жигити ар тараптан таланттуу экенин көргөзүп, улутубуздун байрагын бүтүндөй дүйнө жүзүнө даңазалаганы үчүн.


Жылдын ырчысы-Алтынбек Каленов
"Ысык-Көл Кадыр түнү" эл аралык фестивалында өзгөчө таланты менен фольклор жана эстрада жаатынын бириктирилген Гран-при сыйлыгын жеңип, маданияттын мыкты кызматкери аталгандыгы үчүн.

"Кереге-ПРЕСС"