Мугалимдин муңу
Сот директордун адвокатынын курбусубу?
Эсиңиздерде болсо, Ысык-Ата районундагы "Красно-Милян-фанская" мектебинин физика мугалими Жаныбек Эралиев жетекчисинин башаламан иштерине каршы чыкканы үчүн жумуштан айдалып, укугун сот аркылуу талашып жүргөнүн жазганбыз. Ошондо сот акыйкаттыгынан үмүт кылып, күнөөсүз мугалимдин арызын орундатып, билим тармагындагы ыпластыктарды жоюшар деп үмүт кылганбыз. Биз үмүт кылган "акыйкат" чечимди 5-декабрь күнү сот төмөнкүчө чыгарып отурат.

Ошол күнү сот залынан чыгары менен бизге Жаныбек Эралиев телефон чалды. "Азыр эле сот өкүм чыгарды. Бирок, менин пайдама эмес"-деди капалуу. Мен "Кайгырбаңыз, бул аягы эмес да…"-деп жооткотгончо "Ушундай эле болмок…"-деген өкүнүчүн коштоду. Акыркы убактарда соттордон карапайым атуулдар адилеттик күтпөй деле калбадыкпы. Ага далилдин бири дал ушул мугалим Жаныбектин "Сот биздин директордун адвокатынын курбусу экенин айтып жатышат"-дегени жетиштүү...
Мына окурман, мектептин жападан-жалгыз физика мугалими (болгондо да күчтүү, тажрыйбалуу), мектепте аты бар, өзү жок "мертвые души" окуучуларга баа коюудан баш тартканы үчүн директорунун каарына калып, аягында кызматтан айдалып, акыйкаттык издеп сотто сүйрөлүп жүрөт. Жаныбек мыйзамды жакшы билгендигине, сабаттуулугуна салып директорунун мыйзамсыз иштерин райондук, облустук жетекчилерге, прокуратурага жеткирди. Кызыгы, баары мугалим айткан баш аламан мыйзамсыз иштерди тастыктап чыгып, бирок эч кимиси чара көрбөдү. Жадагалса райондук прокуратура дагы. Аларга мектеп жетекчиси тизмедеги "мертвые души" окуучулар чынында акыл-эстен тайган балдар экенин тастыктаган медсправка даярдап коюптур. Чынында кем акыл балдар үчүн атайын мектеп бар экени, алар өзүнчө атайын окууда окуурун баары билсе да, эмнегедир прокуратура да, башкалары да буга "ынанып", директорго ооп кетишиптир. "Карга карганын көзүн чокубайт" эмеспи.
Ошондой эле, Жаныбек Эралиевдей мугалимдердин маселесин Билим берүү жана илим министрлиги чечет деп ойлоп жүргөнбүз. Бул жаңылыштык экен! Аталган министрлик бир да мугалимди коргоого дарамети жетпей турганына ынандык. Бул Эралиев билим берүү министри Канат Садыков менен көзмө-көз сүйлөшүп, министр бул маселени кароого тиешелүү делген Дамира Кудайбергеновага тапшырып, Кудайбергенованын айтканын Ысык-Атанын райОНО жетекчиси "ит үрүп жатканчалык" көрбөгөн соң далилденип отурат. Министрликтин мындай алсыздыгын Д. Кудайбергенова өзү да моюнга алыптыр. "Жаныбек биз чын эле мектеп директорун же райОНО жетекчисин жумуштан алып, катуу чара көрө албайбыз. Сот аркылуу чечишкиле" деп алакан жайып кутулуптур. Сот аркылуу кандай чечилгенин болсо уктук. Айласыздан бир мугалимдин маселесин чече албаган министрликтин бизге кереги барбы? Деген суроо жаралат.
Мына ушундай окурман, биз балдарыбыздын жаркын келечегин үмүт кылып отурабыз. Ал эми ага жеткирчү билим тармагы мына ушундай чакчелекей. Аларга билим берүүчү мугалимдер директорунан корунуп, момурап отурушса… Момурабаган тири карактары айдалып жатса… Бул качанкыга чейин уланары белгисиз. Бирок, кыргыз кашкөй эл эмеспи, мугалимдерди маңкурташтырган саясатты бир күнү түп көтөрө чыгып "талкалабаса" башка жолу жоктой. Мындай эмоциялуу кыйкырык ириген система биротоло кыйрамайынча айтыла берет…

Анара ДЫЙКАНОВА




Анара Дыйканова
Бакыт үчүн күрөшкөндөр
***
Күзгө таяп, суук тарткан сайын Ыймандын абалы оорлошо баштады. Бир убактарда кармаганын капшырган алп денеси кичирейип, алдан тайып баратты. 21 жыл түрмөнүн сыз абасы мүлжүгөн саламаттыгына кызы Рабиянын өлүмү тууралуу куш тилиндей кагаз биротоло чекит койду. Душмандарынын кызынын өлүмүн "сүйүнчүлөгөн" телеграммасы колго тиери менен эсин жоготуп койду. Кан басымы көтөрүлүп кетти деп түрмөдөгү дарыгер бир-эки күн карамыш этти. Андан кийин анын абалын сурап отурбай кайра жумушка чегишти. Ошол бойдон дарты ичинде калды. Аба алмашса же капа болсо эле мээ тамыры шишип-көөп, деми кыстыгып чыгат. Бүгүн болсо таң эртелеп оорусу кармап төшөктөн тура албай калды. Демейде чолпон сүрүлө электе туруп багымдатын окуп алган соң короодогу иштерин бүтүрүп, коер эле. Маржандар турганча баары мизилдеп ордунда болот. Бирок, дарты улам күч алып денеси кичирейип чөгүп барат. Бүгүн да абышкасынын абалына жаны кейиген Маржан 3 үй ары жашаган Мансапты каргап-шилеп кирди: "Кандай палван элеңиз. Караңызчы кандай абалга алып келишти, дагы кылгылыкты кылып коюп билмексен болуп отурушат. Өлүгүңдү көрөйүндөрдү тытып гана салбасам көксөөм суубайт ". Алкынып-булкунуп жөнөп калган кемпирин көрүп Ыйман башын чайкап күлүп калды:- Ой куржун кемпир десе, эми болору болгон соң ким менен кыл чайнашканы аттандың. Маңдайыма жазганын көрүп жатам да. Ал эми алардын жазасын кудай берип жатпайбы. Калган-катканын акыретте сенсиз деле жоопко тартып алышат. Кошуналарга уят болбой шүк отур. Бул тууралуу Алимжан менен Кадыр түк укпасын. Билип алса кайсар Алимжаның эртең эле балта көтөрүп чуркабайбы.
Маржан ушу албууттугу менен Мансапка жетип 20 жылдан ашуун жыйнаган кегин чыгарып алуудан тайбайт болчу. Аны Ыймандын акыркы сөздөрү токтотуп калды.
Күчүн көз жашынан чыгарды:
- Неге бооруңуз ооруйт. Дагы айылдашпыз, тууганбыз деген тууганчылдыгыңыз ченде жок. Алар сизди тууган экениңизге карабай камакка салдырганча түнү бою укташпады. Кызыңыздын өлүмүн сүйүнчүлөп сизди оорукчан кылышты. Мына эми, бул дартыңыз түбүңүзгө жетсе, ошо туугандарыңыз өкүрүп келет кубанганынан.
- Куржун кемпир болду кыл, Мансап менен да, Барак менен төртүнчү атабыз бир. Совхоздо каалагандай кылгысы келгендерине жол бербедим. Өчөшүп ушуга барышты. Эми өткөн ишке Салават.
- Раис эми өзүңүз билесиз, ошондой болсо да…
Маржан буулугуп ыйлап кирди. Бир убактарда эч нерседен тайманбай шартылдаган мүнөзү акыркы убактарда бошоң тартып барат. Кызы Рабияны эстесе бүттү, бүткөн бою шалдайып, тунжурап отуруп калат. Көз жашын сүртүп койбойт. Андай учурда 3 жашар уулу Кадыр бытыйган колу менен апасынын жашын сүрүп, кошомат кылып бетинен өөп коет. Кадыр- Ыйман түрмөдөн келгенден кийин төрөлдү. Ал али эч нерсе түшүнө элек бейкапар. Ошентсе да, апасы ыйлаган сайын болпоюп момурап отуруп калат оюнга көңүлү чаппай. Азыр да Алимжан байкеси менен ээрчишип келип Маржандын ыйлаганын көрүп "Дагы эмне болду?" дегенчелик атасына жалооруду. Жаздыкка чыканактай чай ичип отурган Ыйман уулдарын чакырды:
- Келгиле, тайчунактар. Чай ичпей кайда жүрөсүңөр түш оосо да.
Атасынын курсагына сүйөнө отуруп алган Кадырын чекесинен сылап койду- Ушу балам 12ге толгон күнү мен Меккеге кетем.
Балдары келгенде чыйралып жоолугун оңдоп түзөп калган Маржан кошумчалап койду:- Кудай буюрса деп сүйлөңүз, Раис. Ылайым ошо күндөргө жеткизсин кудайым.
- Бул уулуңуз эмитен жигит болду, ата. Жарым саат мурда кулдук да уруп койдук. Ушундайбы Кадыр? Алимжан инисин далыга таптап койду. Ал атасы кайта электе үйдө эркектин жумуштарын жасап, үйдөгү маселелерди эч ким менен кеңешпей чечип коюуга көнгөн эле. Маржан бир шумдукту сезгендей уулун карады:-
- Дагы эмненин үстүнөн чыгып келдиңер?
- Ой апа, жакшылыктын эле үстүнөн. Кадырыңа кайлык таап койдум. Досум экөөбүз чүкө атышып жатып эле сүйлөшүп койдук. Ал да карындашын оюнга чогуу ала чыгыптыр. Карасам Кадыр экөө тең. Анан досум менен дагы да жакын болсок жаманбы. "Карындашыңды бересиң иниме" дедим. Досум макул деди. Мен "Андай болсо кулдугум бар?" деп кулдук уруп койдум. Ошо
Алимжандын көкбеттигин билген Маржан эч нерсе деген жок. Ыйман болсо деми кыстыгып, жаны кыйналып жаткандыктан ага маани берүүгө чамасы келбеди. Алимжан бул кадамы менен инисинин бактысына балта чаап келгенин сезбеди.