кыргыз тилиндеги гезит "Кереге kg"


Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kerege/11/1221_1.htm on line 72

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kerege/11/1221_1.htm on line 72

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kerege/11/1221_1.htm on line 72
п»ї
Loading...



Күныргак
Молдомуса камалабы, камалбайбы?
Биздин эл бардыгына жедеп көнүп бүттү. Эч нерсеге таң калбайбыз. Бийликтеги оюнчулар ыңкылап боло калса, кичине жапырыла калып эле кайрадан тайраңдашат. Би-ир кылайган уят жок аларда. Өлүп атасыңбы, тирилип атасыңбы, өздөрүнүн гана тешигин ойлойт. Суталиновдун жоругуна бир күйүп, бир күлүп атып чарчадык. Эми Салиевичтин администрация башчысы Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча мурунку Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев көрсөтмө берип жатыры. Муну ИИМ жетекчилиги "сүйүнчүлөдү". Садыркулов киши колдуу болгон түнү Конгантиев Бакиевдин баласы Максим жана иниси Жаныш менен телефондон сүйлөшкөн. Садыркуловдун өлүмү боюнча түзүлгөн топ учурда ошол кезде бул ишти тергеп, иликтеген, күч органдарын жетектеген адамдарды суракка алып жатат. Бул каргаша боюнча он чакты неме камакка алынды, дагы жетөөнө издөө жарыяланды. Эске салсак, 2009-жылы мартта Казакстанга барып, кайтып келаткан Медет Садыркуловдун, айдоочусу Кубат Сулаймановдун жана Стратегиялык изилдөөлөр институтунун жетекчиси Сергей Слепченконун күйгөн сөөктөрү Бишкектин тоо этегиндеги Кой-Таш айылына жакын жол боюнан "өрттөп ийип", анан "таап" алышпады беле. Конгантиевдерге Атамбаев "кол сунуп" аткандай болду эле, биягы кыйнай турган болду го таза...

"Кереге-ПРЕСС"







Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kerege/11/1221_1.htm on line 104

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kerege/11/1221_1.htm on line 104

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kerege/11/1221_1.htm on line 104


а ­е¦Є.НҐй«