Каныбек
Кадыралиев
(Кандуу жол 2)
Саясат
Базары
Сандан-санга

"Кандуу жол" аттуу китепти Эдил Кожошизи деген атка жамынып Эмилбек Каптагаев жазып чыкканы маалым. Анда белгилүү коомдук ишмер Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча айтылган. Ошол китептин акырында Эмил Каптагаев "Бул кандуу жол каякка алпарар экен?"-деп бүтүргөн. Ушул суроого жооп ирээтинде Каныбек Кадыралиев деген адам "Кандуу жол" китебинин уландысы катары "Саясат базары" аттуу көркөм чыгарма жазыптыр. Андыктан "Кереге kg" гезити окурмандары үчүн Каныбек Кадыралиевдин "(Кандуу жол 2) Саясат базары" китебин сандан-санга жарыяламакчы. Аталган "Саясат базары" китеби көркөм чыгарма болсо да, дээрлик биздин күнүбүзгө үндөшүп, документалдуу-детектив катары жазылган. Чыгармада 7-апрель окуясынын келип чыгышы, түштүк коогалаңы, тымызын жоголгон инсандар, парламенттик шайлоо, борбордогу теракт, Садыркуловдун өлүмүнүн ачылышы жана президенттик шайлоо өңдүү негизги окуялардын коомчулукка кулпуланган анык сырлары ачылып, саясаттагы саткындык менен соодалашуулар чагылдырылат.

Нурлан ушул жерден сөзгө аралашты.
- Кибаевдердин бийликке кандай келгендиги эл ичинде айтылып жүрбөйбү. Бирок, Кибаевдердик кызматтык доордун акыры мынчалык чукул кырдаал, кандуу бурулуш менен бүтөрүн алар деле билишкен чыгар?
Анарбекович Нурландын соболуна жооп бергенге шашпады. Балкон тарапка өттү да, америкалыктардын жылкычылары (ковбойлор) кумарланып тартып олтурган жарнамасы бар, "Мarlboro" тамекисин оозуна салып, шашпай соруп, түтүнүн кумарлана, шакекчеленте үйлөп, түнкү Бишкекти ойлуу карап турду. (Айтмакчы, Анарбеков аталган тамекини тээ сүлкүлдөгөн 20-25тердеги курагынан тарта үзбөй чегет. Эр ортону элүүдөн өтүп калгангабы, же саясаттын сан ойлорунан уламбы, айтор азыр күнүнө эки куту "Мarlboro" тамекисин уруп койот.) Тамекисин чегип болгон соң кайра ордуна келди да Нурландын суроосуна жооп издегендей эки колун төбөсүнө ала диванга чалкалады.
- Мындай да Нурлан, кимде-ким кайдан келгенин, анан кайда баратканын унутуп калса анда ал өзүнө өзү көр казганы ошол. Кибаевдердин эң негизги катачылыгы ушул болду. Анүстүнө Кибаев сырткы саясатты алдырып койду. Ал эле эмес өлкөнүн ичине жогоруда айткандай эл аралык шылуун-аферисттердин тобун котолотуп үйүп алганы да сырткы таасирдүү өлкөлөрдүн Кибаевдин бийлигине карата болгон мамилесин салкындатты. Кибаевдин түбүнө эң негизги эки адам жетти. Бири эл аралык аферисттердин торуна эбак түшүп, алардан таптакыр кутула албай калган уулу Вадим. Так ушул Вадим качан мамлекеттик бийликке, тагыраагы жанагы "ЦАРИИ" дегенди түзө коюп жетекчилигине олтурганда эле биздин тышкы саясат таптакыр өлгөн. Анткени, кудурети артык сырткы өлкөлөрдүн атайын кызматтары Вадимдин бетпардасын эбак эле сыйрып, анык сырын ачык эле билишкен. Өзүң ойлоп көрчү, Нурлан. Аферисттер тобунун өкүлү бийликке келип алган өлкө менен ким түзүк мамиле түзмөк эле? Бул Кибаевдин бийлигинин кулашына биринчи бир себеп. Ал эми экинчи себепкер адам бул Кибаевдин бир тууган, карачечекей иниси Жакен Кибаев болду. Вадим өлкөнүн сырткы мамилесин талкалап, мамлекеттеги болгон баалуу, кирешелүү тармактарды өз кочушуна мыкчыса, Жакен өлкөнү ичинен сокту. Беш жылдын эле ичинде Кыргызстанда буйрутма өлүм аркылуу 200дөн ашуун жигиттер өлүп кетти. Жөн эле жигиттер эмес, алардын көбү мыкты жигиттер эле. Ушулардын дээрлиги Жакендин колу менен кеткенин көпчүлүк али биле бербейт. Кыскасы Жакен кара мүртөздүгү жагынан 37-жылдардагы НКВДшниктерден ашса ашчу, асты кем калбаган.
Нурлан ушул жерден да сөзгө аралашууга аргасыз болду. Анткени бул айтылып келаткандар аны негедир кызыктырбай жадатып баратты. Нурланга "дүңк" эткен сенсациялар керек эле. Анткени Анарбекович экөө китеп баштаарда ал не бир укмуш сенсациялуу да, табышмактуу да фактылар ачылат деп айткан эле. Ошондуктан Нурлан азыр эле негизги көзүрлөрдү кармагысы келип атты.
- Бекасыл Анарбекович, Рыскул Акматалиев, Баялы Эркинтаевдер да Жакендин каалоосу аркылуу жок кылынган дейсизби?
- Албетте, бул экөө тең Кибаевдердин түздөн түз каалоосу менен тизмеден сызылган. Ошол эле Баялыны булар, "Крим дүйнөгө карыз болуп калып, косяк кетирип коюп, анан кримдүйнө өлтүрдү"-деп айтышпадыбы. Бул былжыраган кеп. Баялынын өлүмүнүн себептерине экөөбүз кийинчерээк кайрылабыз. Ал эми Рыскулдун өлүмү, анын каны так ушулардын колу менен мойнунда.
- Аны тандемчил премьер-министр жайлаткан деп жүрүшпөйбү?
- Бул да былжыраган кеп. Көрөсүң Нурлан, тарых акыры такталат. Ким кимди сатканы, кимди кантип өлтүргөнү, таптакыр дайынсыз жок кылып жибергени акыры ачылат. Бүгүн Рыскулду өлдү деп жатабыз, туурабы? Бирок, ошону менен эле анын өлүмүнө ишенбеген катмар да бар. Ага себеп, Рыскулдун өлүмүн ИИМ расмий ырастаган эмес. Атылып өлтүрүлгөн Рыскулбу, же башкабы аны да бүгүнкү күнгө дейре эч бир тиешелүү тармак тастыктай элек. ДНКсынын жыйынтыгы эч жерде угузулган жок. Ошол себептүү калктын айрым катмары кайсы бир күнү Рыскул өлкөдө пайда болуп, тээ Кибаевдерди калчылдатып митинг өткөргөн күндөрүндөй "дүң" этерин күтүп жүрүшөт. Бир ирээт Башкы прокурор менен Рыскул тээ Төө-Ашуу тараптан жолугуп, жекече сүйлөшүшөт. Сөздөрү бир бүтүмгө келбей калса керек да, Рыскул бакандай болгон Башкы прокурордун колун кайрып сындырып сала жүрүп кетет. Башкы прокурор болсо "Машине менен баратып авария болдук, колум сынды"-деп жар салып чыккан. Рыскул кезинде Кибаевдер менен ушул өңдүү кызматтар аркылуу да байланышы бар эле. Ал Кибаевдердин көптөгөн сырларын, көшөгө артындагы былыктарын билген. Эгер ал Жогорку Кеңешке келсе, анда Кибаевдерге эле эмес, далай чиновниктерге оор болмок. Ошол себептүү анын көзүн тазалоого бардык аткаминер аттуулар кызыкдар болушкан. Акыры аткаминерлердин тилеги кабыл болуп Рыскул деген тема да жабылбадыбы Нурлан. Бул теманын жабылышы Кибаевдердин күн санап ажыдаарга айланышына оңбогондой олжо болду. Бул теманы экөөбүз өмүр бою жазсак да түгөнбөйт.
Алгачкы күндөгү үч саатка созулган "сыр-маек" ушуну менен аяктаптыр. (Албетте, бул ортодо көп сөздөр айтылган. Бирок китепке анын баарын сыйдыра албагандыктан, анүстүнө ток этер маселе буларда болбогондуктан иргеп койдум Н.Б.) Нурлан ар бир күнкү маекти диктофондон компьютерге көчүрүп, анан ар бирин өзүнчө папкага бөлүп сактаган. Кийинки папканы ачты. Анарбекович экөөнүн маеги кайра уланды. Бекасыл Анарбекович Нурландын суроосун күтпөй эле сөзүн баштап кирди.
- Нурлан мен бүгүн экөөбүз баштаган "хронологиядан" бир аз алдыга өтүп сүйлөгүм келип турат. Кийин жазып атканда катарын келтирип ирээттеп аларсың. Жакында эле Туратаалы ажы сопсоо туруп эле өтүп кетпедиби. Сен экөөбүз жолукканчакты канчалаган окуялар болуп кетип, бир эсе ойду бөлсө, бир эсе экөөбүздүн китептин баалуулугун арттырчудай. Ошондуктан мен бүгүн сага Туратаалы ажынын өлүмү тууралуу нагыз шектүү фактыларды айтып койбосом болбойт. Окуянын катарын күтүп олтура берсем айрым фактылар унуткарылып да кетиши мүмкүндөй.-деди да Анарбекович колунда кармай олтурган кагаздарын ирээтке келтире баштады. Нурлан болсо Анарбековичтин айткандарына толук түшүнүп түшүнө бербей, өз ою менен алектене кетти: "Неге Анарбекович чалды-куйдулана баштады. Башында сүйлөшпөдүк беле. Ирээти менен иштөөгө. Минте берсе китеп кылып кантип ирээттемек элем". Нурландын оюн Анарбековичтин сөзү бөлдү.
- Биз экөөбүз Кибаевдерди талдап олтургучакты бул жакта башкалар Кибаевден да өтүп баратат окшойт. Мен азыркы убакта буларга (жаңы бийликчилерге) абдан нааразыланып жүрөм. Негедир баякы эле байлык талашмай, бийлик талашмай күчөп баратат. Атургай алардын арты да өлүм менен коштолуп жатканы өзгөчө өкүндүрөт. Мен күтпөптүрмүн, жадагалса ушу ажынын өлүмү да талаш туудуруп, анын өлүмүнө кызыкдар адамдар бийликте олтургандардын арасынан чыгарын. Биз Кибаевдин өзү кеткенинен да анын иниси Жакенден кутулганга сүйүнгөнчө, бул жакта экинчи Жакен пайда боло баштаптыр да. Нурлан сен мага таң калба. Кээде күйүп кеткенде ушинтип кейип-кепчип алмайым бар. Эмесе мындай. Туратаалы ажы эч кандай ооруп-сыктабай эле, тумчуктурулуп өлтүрүлүптүр. Билесиң да, 7-апрелден соң аны кимдир бирөөлөр уурдап кеткени, ур-токмокко алынганы туурасында бир аз сөз болбоду беле. Ошондо ажыдан алар (уурдагандар) бир нерсени талап кылгандай. Ажы алар сураган нерсеге макул болуп, кайсы бир кагазга кол коюп берген экен. Мына эми андан аз убакыт өтпөй ажынын көзү тазаланып олтурат. Дагы кайталайм, ажы өз ажалынан, оорудан эмес, киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Анын өлүмүнө кызыкдар киши болсо дин тармагына тиешеси бар чиновник экени да анык.