Эл сурак!
Эсепсиз суроо элде бар
Урматтуу калайык-калк! Көйгөйгө көмүлгөн замана улам татаалдашпаса, оңолгон жери жок. Анткени бийликке ким келсе да элди экинчи орунга калтырып, өз арбайын гана согууда. Элди чындап аралап, карапайым адамдардын арманын уккан эч ким жок. Арыз-арманын айтууга баргандар бийлик лөктөрүнүн босогосун аттай албай, тосотторунан өтө албай бозоргондору жашыруун эмес. Андыктан элдин арыз-арманын гезит аркылуу болсо да дарегине жеткирүүгө белсендик. Кимдир бирөөгө арыз-арманыңыз, сурооңуз же нааразылыгыңыз болсо "Эл сурак" рубрикасына кайрылыңыз. Байланыш номуру 0773 34 07 62. Ал эми собол жолдонгон тарап эл тарабынан берилген суроолорго чычалабай чындык жообун берип коюуга чакырабыз.


"Аурдин" ишканасынын жетекчиси
Арстанбек Абдылдаевге
Кандай талаптар бар?
Урматтуу Арстанбек Абдылдаевич! Сиз өз каражатыңыз менен үйлөрдү куруп, муктаж адамдарга үстөксүз пайызда берип жүрөсүз. Сиздин бул камкордугуңузга сиздин курулушта иштеген жаштар да жетишкенин угуп калам. Мен да үй алууга муктаж адаммын жана азыркы ипотекалык шарттар мага оор. Сиздин долбоордон кандайча пайдалана алам? Сизден үстөксүз пайыз менен үй алууга кандайча жетишсем болот? Сиздин курулушта иштегендерге жеңилдиктер каралган болсо, сиздерде иштөөгө да даярмын. Эң башкысы сиздер менен кандай байланышам жана кандай талаптар коюлат (алгач канча пайыз төлөө керек, канча жылга берилет, кандай документтер керек)? Бул тууралуу ачык маалымат берип койсоңуз…
Мырзабек Алимов,
Бишкек шары




Бишкек шаарынын мэри
Иса Өмүркуловго
Жооп берип эрдик кылыңыз!
Катардагы карапайым бизге саясаттын майда бараттарын түшүнүү кыйын. Сырттан караганда саясатчылардын кадамдары кудум эле шахмат оюнундагы жүрүштөрдөй. Жакында мындай жүрүшү менен Иса Өмүркулов таң калтырды. Баласын актап чыккан соттун чечими менен макул болбой "Уулум жазасын алсын"-деп эрдик кылды. Бирок, элди кызыктырган суроолорду жоопсуз калтырып жатат. "Эрдик кылсаң сүрө кыл"-деген эмеспи… Андыктан Иса мырза бул кадамыңыздын чыныгы себебин ачык түшүндүрүп дагы бир жолу эрдик кыласыз деп күтөбүз. Чын эле уулуңузду күнөөлүү деп эсептейсизби? Эгер чындап жазага кириптер болсо, кийлигишпей чыдап тура алам деп ойлойсузбу? Же бул саясий кадам болуп, өзүңүздү пиарлап жатасызбы?
Нурбек Каипов,
Бишкек шары




КРнын өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабановго
Ипотека тууралуу убада бар эле…
Бул суроом кезектеги "Убадаңарды аткарбайсыңар, жетекчилер"-деген тийиштик эмес. Болгону Өмүрбек Бабановдун ипотека тууралуу айткандарына үмүт байлап отурганым үчүн бул суроо менен кайрылуудамын. Мен канча жылдан бери аракет кылсам да үй ала албай койдум. Дароо сатып алууга чамам келбейт экен. Аялым экөөлөп ичпей-жебей жыйнаганыбыз 15 миңден ашпайт. Ал эми батирден батирге көчүп жашоо бүлөм чоңойгон сайын кыйынга турууда. Мага үй алууга жалгыз чара ипотека аркылуу алуу. Бирок, бул абалым менен азыркы ипотекалык шарттарды аткара албайм. Андыктан урматтуу Өмүрбек Токтогулович, сиздин бир жыл мурунку 9 пайыз менен узак мөөнөткө берилчү ипотека убадаңыз-биздин акыркы үмүт. Бийликке келдиңиз, мына өкмөттү баштап турасыз, баары колуңузда. Эми ошол убадаңызды ишке ашырууга мезгил жетти деп ойлойбуз. Эгер, бул айтканыңарды аткарсаңар биз сыяктуу миңдеген жаштардын көйгөйүн чечкен болор элеңиз. Бул суроого "Айтылгандар реалдуу болчу"-дейсизби, же болбосо "Жөн гана ой-толгоо болчу"-дейсизби иши кылса бир беткей жооп берип коюңузду суранам. Болбосо, куру үмүткө байланбай өз камыбызды көрө берели…
Мырзабек Алимов, Бишкек шаары




Каржы полициясы
кызматынын төрагасы
Мурат Жакыпбаевге
Кылмышты неге коргойсуз?
Айтканы менен иши төп келбеген жетекчилер жанга тийди. "Жеп-ичкендер менен күрөшөбүз" деп жар салып, кайра өзүлөрү алар менен ортоктош болуп алгандары таң калыштуу. Сөзүм каймана калбас үчүн төмөнкү мисалды келтирсем болот. 2011-жылы май айынын башында Тоң районунун үй-бүлөлүк дарыгерлер жетекчиси Жыпара Сансызбаевага каржы полиция кызматы 304-берене. 1,2-бөлүк менен "мамлекет акчасын жеп койгон" үчүн иш козгогон. Бирок, ал козголгон ишке ушунча убакыт өтсө да чекит коюлбады. Сансызбаева кылган кылмышы үчүн жооп бере элек. Анткени, аны болгондо да Каржы полициясынын анабашчысы Мурат Жакыпбаев жана Ысык-Көл облусунун каржы көзөмөлүнүн жетекчиси Алымкул Токтомамбетов канатына калкалап жатышат. Мамлекеттин акчасын жеп койгон кылмышкерди жоопко тартууну талап кылгандарга Токтомамбетов: "Бул ишти эптеп жабуумду Мурат Жакыпбаев өзү талап кылып жатат. Эгер антпесем кызматтан айдалам" деп кутулуп жатканын уктук. Кылмышы ачык элге көрүнүп турса, эл акысын жеп-тоноп жатканын көрүп туруп, болгондо да Каржы полиция жетекчиси эмне үчүн мындай кадамга барганы таң калыштуу. Урматтуу Мурат Ибраевич, эмне үчүн кылмышы ачык болсо да Сансызбаеваны актоого далбастап жатасыз? Ал сизди кай тарабы менен мынчалык арбап алганы бизге кызык болууда? Бул суроолорго кайдыгер карабай ачык жообуңузду билдирип койсоңуз? Эгер бул ишти кызматыңыздан пайдаланып жаап салсаңыз, анда буга байланыштуу аки-чүкүлөрүн ММКларга жарыялап, Башпрокуратурага кайрылууга аргасыз болобуз…
Асылбүбү Айтбаева,
Ысык-Көл облусу, Тоң району




Экономикалык тескөө министри
Учкун Ташбаевге
Путиндин саясатыбы?
"Кыргызстан Бажы союзуна кирет"-деп чечим чыкканы эл дүрбөлөңгө түштү. Айрымдар: "Кийим-кече кымбаттап, тиричилик техникалары асмандын баасын чапчыйт. Автоунаалар тууралуу айтуунун кереги да жок"-десе, айрымдары, "Учурда 10-12 сомдон алып жаткан нанды Россиядагыдай 38 сомдон жогору сатып алат экенбиз"-деп үрөй учурууда. "Бул Путиндин саясаты экен, ага биздин атка минерлер кыңк дей албай жатыптыр"-деген кептер да бар. Бизге Бажы уюмуна кирүү менен карапайым калк кыйналары түшүнүктүү болду. Бирок, ошону билип туруп бул кадамга барууңардын себеби дале түшүнүксүз. Албетте, акчалуу чиновниктер бул кыйынчылыкты сезбейсиңер. Ошентсе да, элдин убалын ойлобой бул кадамга неге барып жатасыңар? "Өзүбүздүн өндүрүштү өнүктүрүү үчүн" деп жооп берериңиз дайын. Ага кандай кепилдик бар жана эл канча жыл кыйналат? Муну да түшүндүрө кетсеңиз… Анан чын эле Путиндин саясатыбы? Аны да түшүндүрсөңүз…
Элима Кадырова,
Жалал-Абад облусу




КРнын Саламаттыкты
сактоо министри
Сабырбек Жумабековго
Майыптарды качан ойлойсуңар?
Саламаттык сактоо тармагында чечилбестен көп маселе турат. Алардын ичинен орчундуу көйгөй ооруканалардагы шарттар. Айрыкча майыптарды өйдөкү кабаттарга жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн эмес. Көпчүлүк ооруканалар жөнөкөй эле тепкичтер менен чектелип, майыптардын коляскасын чыгарчу жол болбогондуктан ооруканага келген майыптарды коляскасы менен кошо тепкич аркылуу көтөрүп чыгууга туура келет. Урматтуу Сабырбек Артисбекович, бул көйгөйдөн кабарыңыз барбы? Болсо качан муну колго алып, майыптарга шарт түзөсүздөр?
Калбү Райымбекова, Бишкек шаары


Даярдаган Анара ДЫЙКАНОВА