Актёрлор аянтында
"Кетер кыздын керээзи"
Өткөн номурубузда жазганбыз. "Спикерлик орун президенттик шайлоо алдында кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн устукан катары тартылып кетип, анын акыры азыркы саясий кырдаалдын чыңалуусуна алып келет" деп. Айтып оозду жыйганча ошондой болду. Болмок. Күтүлүп турган окуя эле.

Эми эле оозубуз пикеттен бошоп, "кетсин менен келсиндер" жаңы токтогондо кайрадан баягы эски обонубузга түшүп, жаңы жылды аянттарда бир колубузга шампан, бир колубузга плакат кармап тосмой болдук. Антип жылдын жаңырганын тоспойлу десек да Ак үйдөгү жүз жыйырма "актёр, актрисалар" тостурмай болду. Анткени, билинип тургандай эле ээрден түшкөнү да, ээрге мине элеги да ошентип тостурушат. А. Атамбаев ээк кагып элиңди тарат десе, "Силер деле эл чогултуп, ал тургай канчалаган кан төгүп туруп бийликке келгенсиңер, силерден менин эмнем кем?" кыязында баш чайкайт. Элдештирейин деген тарап келип "Койгула жигиттер?"-десе, демократия деген ушу экен, ар ким чыгып кыйкыра берсе болот деп ийин куушуруп кутулат.
Негизи А. Келдибековдун номур чатагы же "Каприздеги" крим лөктөрү менен болгон жолугушуусу эл үчүн анчалык деле мааниге ээ эмес болчу. Бирок саясатта орун талашуу процессинде өзгөчө роль ойноп берди. Болбосо, бул маселе былтыр эле ачыкка чыгып, күндөлүк маалымат каражаттары кан какшап канча жолу жазышса да ал учурда эч биринин мурдун балта кеспей, адаттарынча "төө көрдүңбү жок, бээ көрдүңбү жок" менен шибегени капка катып коюшкан. Качан гана өңүттүү учур келип, кимдир бирөөгө орун керек болгондо же өздөрү баса белгилегендей коалицияны кулатып, парламентке өз короосунан кочкор салгысы келгенде Ак үй атамандары Келдибековду жеңинен жетелеп креслосунан түшүрүп коюшту. Бул ирээт Атамбаев акылдуулук кылып эч кимге жаман көрүнгүсү келбей башка фракция депутаттарынын оозу менен жер шыпыртып экс-спикерди ит талагандай эле ахыбалга алып келди. Болбосо, жаңы көзү ачылгансып "Ар-Намыстын" депутаты Каныбек Иманалиев "Келдибековдун жан сакчысы, аппарат орун басары, жана парламенттин Россиядагы өкүлү криминал менен байланышы бар экен"-деп таш жаракасынан чыккансып жанталаша кыйкырып чыгышы эле бир шойкомдон кабар берет. Бир жылдан бери уктап жатып жаңы эле ойгонгонсуп мындай "саясий сенсациянын" жарылышын ачыктап кимдир бирөөнүн кызыкчылыгын көздөшү башка логикага түртпөйт. Эмне, ушунча убакыттан бери бир имаратта капталдаша иштеп, ал тургай айрым учурларда экс-төрага менен сыртка чогуу чыгып, стакандашып жүргөн Каныбек Капашович Келдибековдун ким экенин билбейт деш аңкоонун жоромолу. Керек болсо Акаев доорунан бери иштешип, колтукташып келе жатканын коомчулук түгөл билет. Ошентип, "Кетээр кыздын керээзи" кылып Келдибеков да кызматынан аргасы жок чегинди. Чегинип баратып улам-улам Текебаевге киши салып отуруп "Өлкөнүн тынчтыгы, саясий стабилдүүлүк үчүн"-деген формулировка менен кайыш креслодон кайыды. Ал эми атаандашын кандай жол менен болсо да оюндан чыгарганга машташкан Өмүрбек Чиркешович бул ирээт Келдибековду төрага катары ишеним көргөзбөй болгон былыгын чукутуп туруп кетирем деген оюнан кайтып жумшара түшкөнүнө караганда спикердин түн ката берген өз арызын алышына эле ыраазы болгондой түрү бар. Арыз алышка да маш болуп бүткөн Текебаевдин азыркы жоругу айласыз Акаевдин артынан барып шартнаамеге кол койдуруп келгенин эске салат.
Келдибеков "кет" десең эле жөн кетип калчу саясатчы эмес экенин далилдемекке "андай кылсаңар мындай кылам" деп түштүк элин түп көтөрө пикетке үндөп эми мага спикерликти эмес премьер-министрликти бересиңер маанисинде Ормон опузага салып жатат. Демек жыл аягы ызы-чуу менен коштолорун бөркүңүздөй көрүңүз. Бирок, эң өкүнүчтүүсү бир жыл болсо да шилекейлешип калган парламент төраганы ордунан шыпырууда адамкерчилик деген ыйык нерседен алыс кетишип, ар бир күн карама депутаттар эл көзүнө Келдибековду ит талагандай түлкүдөй кылышы эч кимге абийир алып келбесин аңдашпай, тескерисинче адыраңдашкандары ириде парламенттин беделине шек келтирди. Башкача айтканда карапайым калк саясатчымын дегендердин чыныгы жүзүн көрүп ирээнжигенден башка айтарга сөз таппай калды. Жыйынтыктай чапканда Келдибековду кетиришмек эле, кетиришти. Бирок, мынчалык пастыкка түшүп бийлик, кресло үчүн баштарын баталгыга болсо да тосконго даяр биздин депутаттар эртең эле мындай кесепетке өздөрү чалынбаса болгону.

Айдар САРМАТОВ




Соболтөр
Спикер Келдибеков кызматын тапшырды. Ага карата коюлган 13 пункттан турган
айыптоолордун жоопкерчилигинен кызмат тапшыруу менен эле кутулабы же
юридикалык жоопкерчиликке тартылышы керекпи?

Турсунбек Акун,
КРнын акыйкатчысы;
- Келдибеков эгер күнөөлүү болсо сөзсүз жоопко тартылышы керек. Парламенттеги азыркы кадамдар саясий компромисттин негизинде жыйынтыкталды деп эсептейм. Башкача айтканда, депутаттар спикерге азыраак айып тагып, спикер болсо өз эрки менен кетмей болду деп сүйлөшүп алгандай элести берип турат. Спикерге тагылган азыркы айыптоолор боюнча сөзсүз түрдө тергөө органдары иш козгошу керек. Анткени, ал мамлекетке зыян келтирип, криминалдык топтор менен байланыш түзүүдө деп айыпталууда. Бирок бул айыптоолор саясий жактан гана болуп жатат. Андыктан бул маселе боюнча албетте юридикалык жактан да баа берилиши керек.Анткени бул чектен чыккан көрүнүш.


Динара Ошурахунова,
укук коргоочу:
- Парламент сот же прокуратура эмес. Жоопкерчиликке тартуу үчүн атайын органдарга кайрылуу керек. Прокуратура иш козгогон соң иликтөө жүргүзүлүп, далилденсе гана жоопкерчиликке тартылат. Атайын органдарга депутаттар кайрылышы керек, а бирок депутаттар кайрылбайт деп ойлойм. Анүстүнө пункттар боюнча түшүндүрүп бербедиби-ал жалгыз чечкен жок. Бир гана резервфондду колдонгонун айтса болот, бирок биз токтомду карадык. Спикер өзүнө кайрылган адамдарга каражат бөлгөнгө укуктуу экен. Эң негизгиси парламент биринчи жолу өзүлөрүн коррупция жана криминал менен байланышы бар деген теманы ачык көтөрдү.Бул албетте жакшы. Балким ушул күндөн баштап ар бир бийликтин өкүлү ойлонуп өзүнүн баскан турганын, кызматка кантип келгенин талдай башташар. "Балык башынан сасыйт" эмеспи, бийлик тазаланууну дал өзүнөн башташ керек.


Рита Карасартова,
жарандык коомдун өкүлү:
Негизи мыйзам баарына тең. Кылган кылмышы үчүн ар бир атуул кызмат абалына карабай жооп бериши керек. Келдибековко тагылган айыптар негиздүү болсо, ал да сөзсүз жооп берүүсү керек. Бирок, депутаттардын эмне үчүн ал фактылардыэми гана көтөрүп жатканы мага түшүнүксүз. Миллиондогон сомдорго штора алды деп жатьшат, унаасынын дөңгөлөгү эле баланча сом деп асылып жатышат. Негизи мыйзам кабыл алганда бюджет кандай каралганына маани берүү керек. Эгер учурда спикердин айдаган унаалары, чыгымдары бюджетте көрсөтүлүп бөлүнгөн болсо, анда спикер мыйзам чегинде иштеген болот. Экономикалык негиз деген бар. Буларды эске алып айыптоолор негиздүү болгондо гана жоопкерчиликке тартуу керек.


Бегалы Наргозуев,
экс депутат:
Юридикалык жактан эч илинчек табылбаганын Каныбек Иманалиев өзү айтпадыбы. Бул моралдык этикалык гана айыптоо болууда. Эч юридикалык илинчек табылбаган соң спикерди юридикалык жактан жоопкерчиликке тартуу негизсиз. Атүгүл парламент өзү токтом кабыл алды. Токтомдо депутаттардын он үч пункт айыптоосу салмаксыз деп табылды. Алар далилденген жок. Андыктан, Келдибековдун каалоосу канааттандырылсын деген чечим чыгарылды. Жыйынтыгында эч илинчек табылбаган соң аны жоопко тартуунун кереги жок.


Кубаныч Кадыров,
экс-депутат;
Жалпысынан алганда Келдибековго коюлган айыптоолор моралдык гана. Келдибеков, көпчүлүк депутаттардын чечиминен соң спикердик кызматынан баш тартты. Ал эми, аны мыйзам чегинде жоопко тартуу менимче туура эмес. Анткени, ал кадамга барыш үчүн Келдибековго юридикалык айып тагылышы керек эле. Депутаттар ага юридикалык жактан айып тага алышкан жок. Демек, ал жоопко тартылбайт.