Кубокко келишип куру кол кетишти
Жаңырган айдын тогузу күнү, кадимки Кожомкул атындагы Спорт ордосунда кикбоксинг боюнча эл аралык "Алтын Барс" кубогу үчүн чемпионат болуп өттү. Украина, Россия, Казакстан жана Кыргызстандын спортсмендери катышкан бул турнирде биздин мушкер Алексей Федосеев алтын кубокту алыскы, жакынкы досторго бербей, өз капчыгыбызга салып койгону Кыргызстандыктарды кубанычка бөлөп койду.
Адеп эле, Украина чемпиону Константин Коскиндин атасын тааныткан Алексей, финалдык оюнда Москванын чемпиону Амирбек Алиевди жер кучактатып, турнирдин чемпиону аталды. Жеңүүчүгө кубокту КР вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Ибрагим Жунусов тапшырды.

"Зенит" оңой кутулду
"Зенит" командасын күйөрмандары алга эмес артка сүйрөштү. Өткөн жумада өткөрүлгөн чемпиондор лигасында "Зениттин" күйөрмандары өтө активдүү болгонуна күбө болгон элек. Алар сүйүктүү командасын кыйкырык-сүрөөн менен колдоого алымсынбай айланасын түтүнгө бөлөп салышкан. Бул алардын сүйүктүү командасын 50 миң евро зыянга учуратты. УЕФАнын пресс-офицери Сергей Борисовдун айтымында бул "Зенит" үчүн эң жеңил жаза болду. Ошентип, күйөрмандарынын ашыкча сүйүүсү үчүн "Зенит" 50 миң евро айыпка жыгылды. "Шахтер" командасы менен таймашта 30 миң, АПОЭЛ менен болгон таймашта 20 миң евро айып салынды. "Зенит" учурда күйөрмандарына ушунчалык күйүп жанып колдогону үчүн ыраазы болууну же чыгымга учуратканы үчүн нааразы болууну билбей башы катып туру.

17,5 миллиондук "хан сарайда"
Дүйнөгө аты дүңгүрөгөн Швейцар теннис оюнчусу Роджер Федерер дагы бир ирет "дүңк болду". Ал 2011-сезондун жыйынтыгында конуш которду. Дүйнөнүн экс- биринчи ракеткасы Альпыдан 17,5 млн. долларга вилла сатып алды. Теннисчинин жаңы хан сарайы 8 миң кв. метрден ашык жери жана Швейцариянын ири кантону Грабуюндендеги тоолордо жайгашканына суктангандар күн сайын артып жатыптыр. Хан сарайдын терезеси Ленцерхайде лыжа курортунун көгүлтүр көлү тарабынан ачылып, кудум жомоктогу сарайларды элестеткени айтылууда.


Футболчудан акыркы чечим
Москванын "ЦСКАсынын" мурдакы голкипери Вениамин Мандыркин коомдук ишмер болууну чечти. Ал "Спорт-Экспресске" берген маегинде "Футболго жарабасам коомдук ишмер болормун " деген оюн билдирди. Атактуу футболчунун минтип айтуусуна анын ден соолугу себеп. Ал бир жыл мурда кабылган автокырсыктан алиге чейин түзөлө албай келет. Ал кырсыкта омурткасы сынып, жүлүнүнөн катуу жаракат алган болчу. Учурда футболчу өзүнүн жарым жан абалын кеп кылгысы келбей "15-декабрдан 23-январга чейин үйдө болорун" сүйүнчүлөп, жаңы-жылды майрамдап келгиси келген күйөрмандарына эшиги ачык экенин билдирүүдө. 23-январда кайра ооруканага кайтып, дарылануусун улантмакчы.


Кыздары кыйын кыргыздын
Кыргызстандык кыраан спортчу кыз, дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону Валентина Шевченко 17-декабрда Перу мамлекетинин Лима шаарында профессионалдык бокс боюнча, эл аралык турнирге катышат. Бул сапар В.Шевченко аргентиналык спортчу менен беттешмекчи. Профессионалдык бокс боюнча 12 беттешүүнү өткөрүп, биринен да жеңилүү ызасын татпаган Валя бул жолу да жеңишке жетишүүгө болгон күч аракетин жумшап, каш какпай машыгуунун үстүндө экен. Анча-мынча эркектерден аттап өтүп кеткен мушкер кызга ийгилик каалап туралы. Эскерте кетсек, Валентина кызыбыз 2010-жылы Латын Америкалык чемпионду жеңип Интерамерикалык чемпион наамына ээ болгон.