дабакана
Бронхит - айыкпас дарт
Акыркы жылдары Кыргызстанда ар кандай оорулар менен ооруган адамдардын саны өсүп, улуттун ден-соолугунун сапаты жылдан жылга төмөндөп келет. Себеби, экологиянын бузулушу, (машиналардын көбөйүшү, таштандылар көмүлгөн аймактардын жана нурдануунун деңгээли жогору жерлер), таза суунун жетишсиздиги, өздүк гигиенанын сакталбашы жана адамдардын өз ден-соолугуна кайдыгер мамилеси бир топ оорулардын башаты болуп эсептелинет. Колуна тамеки кармап, жөтөлүп, какырып жүргөн адамдарды көчөдөн көп эле көрүп калабыз. Мунун баары бара-бара айыкпаган өнөкөт бронхит оорусуна алып келет.

Булагы бузук аба
Өнөкөт бронхит-бул өпкөдө аба жүрө турган түтүкчөлөрүнүн ички бетинин сезгениши. Түтүкчөлөрдүн ичи көөп, шишийт да, адам жөтөлүп, какырык чыгара баштайт. Бара-бара деми кыстыгат. Өнөкөт бронхиттин пайда болуу себептери тамеки чегүү, абанын бузулушу, машинанын көптүгүнөн иштетилип чыккан майдын, газдын топтолушу. Ошондой эле кемегеге от жакканда үйдүн ичиндеги абанын бузулушу жана түтүндүн топтолушунун натыйжасында бронхит пайда болушу мүмкүн. Андан тышкары суукка учурап, сасык тумоого кабылса, өпкө инфекцияларына чалдыкса бара-бара аба жиберүүчү түтүкчөлөрдүн ички бетинде өзгөрүүлөр пайда болот да, өнөкөт бронхит оорусуна алып келет.
Демигүүгө жөтөл себеп
Жөтөл менен какырык бул-өнөкөт бронхиттин алгачкы белгилери болуп эсептелинет. Ден-соолугу чың адам эч убакта жөтөлүп, какырык чыгарбайт. Эгер адам жылына эки-үч ай жөтөлүп, эки жылдан көбүрөөк ооруса анда өнөкөт бронхит пайда болгонун билсе болот. Жөтөл көбүнчө эртең менен башталат. Ал бара-бара билинбей отуруп демигүүнү пайда кылат. Алы кетет, бат чарчайт, дем жетишпейт. Аба жетпей калган учурда аз кыймылдайт.
Өнөкөт бронхит
системалык оору
Өнөкөт бронхит организмдеги бардык органдарга таасирин тийгизет. Биринчиден, жүрөк чоңоюп, жакшы иштебей калат. Буттар шишийт, боорго, бөйрөккө, сөөккө, уйку бездерге, канга таасирин тийгизет. Өнөкөт бронхит системалык ооруга айланат. Системалык деген түшүнүк бул бүт организмдин оорусу дегенди билдирет. Мындай учурда өпкө жараксыз болуп адамды кычкылтек менен камсыз кыла албай калат. Ал эми организмдеги ар бир клетка кычкылтек менен жашайт. Өпкө жарабай калган учурда бүт органдарда коркунуч пайда болот.
Түрлөрү:
Бронхит курч жана өнөкөт болуп экиге бөлүнөт. Курч бронхит тумоо сыяктуу эле убагында дарылап калса бат айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү бар. Аны толук айыктырууга болот. Ал эми өнөкөт бронхит терең өзгөрүүлөргө дуушар кылат. Ал толук айыкпай турган оору. Бирок, өнөкөт бронхитти толук көзөмөлгө алса болот. Ооруган адам оорубаган адамдардай эле иштеп жашап жүрө берет. Ал үчүн узак мөөнөт дарыланышы керек. Курч бронхит - аба жүрө турган түтүкчөлөрдүн ички бетинде туруктуу өзгөрүүлөр пайда болбойт. Өнөкөт бронхит менен ооруган адамдар өмүр бою дарыланышы шарт.






Талантбек Сооронбаев, М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун өпкө-аллергия бөлүмүнүн башчысы, профессор:
"Кыргызстанда 200 миң адам
өнөкөт бронхитке кабылган"
- Кыргызстанда өнөкөт бронхит оорусуна чалдыккандардын саны канчага жетет?
- Кыргызстанда дарылоого муктаж болгон өнөкөт бронхитке чалдыккан 200 миңдей адам бар. Бул илимий изилдөө иштеринин натыйжасында чыгарылган болжолдуу сан. "Менин ден соолугум таза" деп өзүнө ишенген 300 адамды текшерүүдөн өткөрсөк, алардын 15 %ы өнөкөт бронхит менен жабыркаганын аныктадык. Бүткүл Кыргызстан боюнча өнөкөт бронхитке чалдыгып, бирок каттодон өтпөгөн жана дарыланбаган оорулуулардын саны 150 миңден ашат. Буга кошумча, миңдеген оорулуулардын өпкөсү жараксыз болуп калган адамдар. Алар отурса, турса да дайыма демигип жүрүшөт. Шишип, көгөрүп кетишет, кечкисин уктай албай кыйналышат. Мындай учурда дагы алардын өмүрүн сактап калууга бизде толук мүмкүнчүлүктөр бар. Ал үчүн жасалма өпкө жана кычкылтекти камсыз кыла турган, дем алууга жардам берүүчү медициналык жабдыктар бар. Ал жабдыктарды Кыргызстан Орто Азия боюнча биринчилерден болуп үй шартында узак мөөнөт колдоно баштадык. Ошол жабдыктарды чет мамлекеттерден алып келиш үчүн атайын фирмалар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атабыз. Бул медициналык жабдыктар биздин келечек деп айтсак болот. Тилекке каршы бүгүнкү күндө алыскы аймактарда өпкө ооруларын аныктоочу медициналык жабдыктар жок. Мындай учурда 30-40 жашка келген адамдар өпкө оорусунан улам каза болуп калып атышат. Бул курак үй-бүлөсүнө жана мамлекетке пайда алып келе турган курак болуп эсептелинет. Мындай көйгөйлүү маселеге мамлекет көңүл бурбаса, бара-бара оор акыбалга туш болобуз. Биздин мамлекет качан чет өлкөлөрдөн акча келет деп күтүп отура бербестен, ички мүмкүнчүлүктөрдү колдонушсун. Мен илим менен тажрыйбаны бирге алып кеткен адис катары чоң жоопкерчиликти мойнума илип алып, иштеп бергенге даярмын. Медицина тармагын өркүндөтүүгө күчүмдү жумшайт элем. Бирок, ошого жараша мамлекет тарабынан шарт түзүлүшү керек да. Республикалык деңгээлде өпкө ооруларын изилдеп, анын алдын алуу жана көзөмөлгө алуу же эрте аныктоо боюнча иш-чараларды алып барган мекеме ачылышы керек деп ойлойм.
- Жасалма өпкө аппараттарын колдонгондордун саны канча?
- Учурда жасалма өпкө аппараттарын кымбатына карабастан 150 адам азыр колдонуп жатышат. Алар бул аппаратты колдонуу менен кеминде 10-15 жыл көбүрөөк жашашат деп айта алам. Бул жабдыктардын орточо баасы 1000 доллардан 3000 долларга чейин. Ошол миң долларлык медициналык жабдык менен адамдын өмүрүн 10-15 жылга узартуу бул чоң жетишкендик да. Ошентсе дагы бүгүн биз өпкө ооруларына сапаттуу жардам берип жатабыз деп айта албайм. Мындай маселени ачык, анык айтыш керек. Антпесек мындан да оор маселеге барып такалат. Жогоруда айткандай өпкө ооруларын аныктоочу медициналык аппараттар жок. Дарыгерлердин билим деңгээли чабал. Элибиздин ден соолугун сактап калууга же чыңдоого биз даярбыз. Болгону бизге мамлекет тарабынан колдоо керек. Алар бизге шарт түзүп берсе, биз өзүбүз өздөштүрүп кетет элек.
- Өнөкөт бронхитти кантип алдын алуу керек?
- Тамекини токтотпосок кыргыз элинин келечеги болбойт деп айтат элем. Азыр тамеки чеккен адамдардын саны абдан өсүүдө. Кичинекей балдардан тартып, кары-жаш, аял-эркек дебей тамеки тарткандар көп кездешүүдө. Биз азыртадан жалпы коомчулук менен биргеликте мамлекеттик деңгээлде иш-чараларды жүргүзүп, мындай маселени катуу көзөмөлгө албасак кийин чоң кыйынчылыктарга туш болобуз. Бул жерден экология маселелерине дагы көңүл буруу зарыл. Абанын канчалык деңгээлде таза же кир экендигин атайын текшере турган мекемелер, органдар бар, бирок тилекке каршы милдеттүү түрдө иштешпейт. Абанын бузулушунун негизги себеби шаардагы машиналардын кескин түрдө көбөйүшү. Бул маселеге мындай сунуш киргизет элем, Бишкек кичинекей шаар болгондуктан, велосипед жүрө турган жол куруп койсо, менимче көпчүлүк жашоочулар машинанын ордуна велосипедге өтүшмөк. Ошондо машинанын саны азайып, элдин ден-соолугу да жакшырмак. Мындай чечимди кабыл алыш үчүн чоң эрк жана маданияттуу түшүнүк керек. Эгер өкмөт милдеттүү түрдө тиешелүү мекемелерге же транспорт министрлигине тапшырма берсе, сөзсүз түрдө ишке ашмак. Мисалы мен велосипедге өттүм. Буюрса жаз чыгары менен жумушка велосипед менен келем. Муну менен мен биринчиден ден-соолугумду чыңдайм, таза аба менен дем алам, ой-жүгүртүүгө кенен убакыт болот жана физикалык жактан да көнүгүүлөрдү аткарган болом. Ошондуктан биздин жарандар үч эле нерсеге көңүл бурушса биз бронхит оорусун алдын алган болот элек. Биринчиден тамеки чегүүнү токтотуу, абанын таза болушуна аракет жумшоо жана инфекцияга каршы эмдөөдөн өтүп турсак өнөкөт бронхиттин алдын алат элек. Ар бир адамдын ден-соолугу өзүнүн колунда, андыктан эс тартып баштагандан кийин спорт менен машыгып, туура тамактанып, тамекини тартпаса мындай оорулардан оолак болушат эле.

Даярдаган Нургүл ИБРАЕВА