Сандан-санга

Каныбек
Кадыралиев
(Кандуу жол 2)
Саясат базары
"Кандуу жол" аттуу китепти Эдил Кожошизи деген атка жамынып Эмилбек Каптагаев жазып чыкканы маалым. Анда белгилүү коомдук ишмер Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча айтылган. Ошол китептин акырында Эмил Каптагаев "Бул кандуу жол каяка алпарар экен?" деп бүтүргөн. Ушул суроого жооп ирээтинде Каныбек Кадыралиев деген адам "Кандуу жол" китебинин уландысы катары "Саясат базары" аттуу көркөм чыгарма жазыптыр. Андыктан "Кереге kg" гезити окурмандары үчүн Каныбек Кадыралиевдин "(Кандуу жол 2) Саясат базары" китебин сандан-санга жарыяламакчы. Аталган "Саясат базары" китеби көркөм чыгарма болсо да, дээрлик биздин күнүбүзгө үндөшүп, документалдуу-детектив катары жазылган. Чыгармада 7-апрель окуясынын келип чыгышы, түштүк коогалаңы, тымызын жоголгон инсандар, парламенттик шайлоо, борбордогу теракт, Садыркуловдун өлүмүнүн ачылышы жана президенттик шайлоо өңдүү негизги окуялардын коомчулукка кулпуланган анык сырлары ачылып, саясаттагы саткындык менен соодалашуулар чагылдырылат.


Нурлан адатынча жумушунда. Компьютерге отурду дегиче ага убакыттын өтүшү, таң атып күн чыгышы баары бир. Нурлан акыркы эки жыл Бекасыл Анарбековичке байма-бай жолуккандан бери компьютер анан диктофон деген дүйнө менен гана алек. Бекасыл Анарбековичтин айткандары Нурланды улам кызыктырып, ары арбап да баратат. Адатынча бүгүн да кечки саат тогузда Анарбековичтин үйүнө жөнөдү. Канча убактан берки көнүмүш адат. Үйгө кирип, учурашкан соң Анарбекович экөө өзүнчө бөлмөгө киришти. Диктофон иштетилди. Анарбекович "Нурлан, кызыктар алдыда"-деди да, мурдакы токтогон жерден улап кирди.
***
Нурлан менен Анарбекович 10 жылдан ашуун убакыттан бери абдан жакшы тааныштардан. Экөөнү байланыштырган негизги себеп, Нурландын журналистикасы. Анарбекович канча жылдан бери саясаттын сазында сорулуп, казанында кайнап келген карт бөрү. Оо ал депутат кезинде "ярый" билдирүүлөрү менен коомчулуктун көңүл чордонунан эч түшчү эмес. "Анарбековичтен интервью алмакчыбыз" деп журналисттер эшигинде күн сайын котолоп турушар эле. Нурлан да ошол журналисттердин арасында Анарбековичтин кабинетин далай айланчыктап, эчен ирээт маектешип, анан досторуна "Анарбековичтин өзү менен сүйлөштүм"-деп дердейип калар эле. Эми болсо минтип Анарбековичтин төрүнүн төбөсүндө олтурат. Анарбекович да Нурланды жүздөгөн журналисттердин арасынан өзгөчө баалайт. Анткени, Нурлан Беренов деген журналист анын айткан, дегендерин Анарбекович ойлогондон артык жасап, жазып, мезгили менен жарыялап турат.
Анарбекович Кибаевдердин бийлиги учурундагы аша чабуулардын арты жаман болорун, эгер ушу азыр ойлогондой чындап жаман болуп калса тарыхта өзүнө да оңбогондой сөз тийерин эбактан бери ойлонуп келип, акыры окуялардын болгонун болгондой китеп кылууну ниеттенген. Китеп Кибаевдер доорундагы тарыхтын ак-карасын ылгаган, ошо менен бирге Анарбековичтин тазалыгын, бузуку, алдым жуттум, эл жегич саясатка таптакыр тиешеси жоктугун ачып берген документ болуп калышы керек. Аныгында Анарбекович оңбогондой маалыматка эгедер. Атургай бардык окуялардын күбөсү дагы. Бирок, китеп жазуу таптакыр колунан келбестигин билип, акыры окуяларды өзү айтып берип, китепти Нурланга жаздырууну чечкен эле. Ошентип Нурлан экөө жумасына эки жолудан түндөсү Анарбековичтин үйүндө беш, алты саатча сүйлөшүшөт. Тагыраагы Бекасыл Анарбекович сүйлөйт. Нурлан болсо анын айтып аткандарын диктофонго жаздырып, айрым жерлерде Анарбековичке суроолорду берип олтурат. Ортодо бир гана бүтүм бар. Анарбекович айтып берген фактыларга негизделип жазылган китеп Нурланга таандык болот. Ал эми Нурлан болсо китепти көркөмдөп, жазып чыгат да фактыларды кимден чогултканы, Анарбекович экөөнүн түндөп жолугушуулары тууралу түбөлүк дудук болушу керек.
***
Нурлан бул түнү да таңга маал үйүнө кайтты. Эртеси түшкө дейре шашпай уктап алган соң компьютерине олтуруп Анарбекович экөөнүн "чыгармасын" эң башынан барактамакчы болду. Анткени түндө Бекасыл Анарбекович анык оозду ачырган окуяны сүйлөгөн эле. Ошондуктан "чыгарманы" башынан кайра бир окуп албаса болбочудай. "Чыгарманы" окуп киргенде компьютердин экраны экран эмей эле, Анарбекович элестеп, өзүнүн окуп жатканы Анарбековичтин сүйлөп жатканындай таасир берүү да Нурланга адат болуп калган.
***
- Кибаев мамлекетти манты элестетип алганы анын башына тийди. Анын бийлигин кулатууга аныгында Кыргызстандын ички күчү таптакыр жетмек эмес. Өзү оомо, торпок мүнөз, анан кыйтыр болгону менен өлөрчө коркок, өз алдынча эч бир чечим кабыл ала албаган бир байкуш эле. Аны бийликке алып келип атканда анын адамдык сапаты, жигиттик мүнөзү дегендерине таптакыр көңүл бурулган эмес. Анткени КЭК (Кыргызстан элдик кыймылы) жалаң ошонун акчасы менен жашап, кыймыл-аракеттин баары ошонун чөнтөгүнө байланып калган. Ошондо деле ойлонбоптурбуз. "Бул мынча акчаны кайдан алууда?"-депчи. Көрсө Кибаевдер династиясын жөөттөрдүн дүйнөлүк аферисттери эбактан бери эле чүлүктөп алышыптыр да. Ошону менен Какаевдин бийлиги кулады. Биз чындыгында бийликтин тизгинин шарт илип кете алган жокпуз. Эл котолоп Ак үйдү басып жатканда "революционерлер" карайлап лидер издеп жүрүштү. Бул көрүнүш тарыхта чындап күлкү менен коштолушу керек. Айтмакчы, "революционерлердин" лидери мантыканага качып кеткенде аз жерден бакыт жылдызы карт КГБшник Балбаевге жанып кете жаздабадыбы. Бакытбек Балбаев ошондо башын чулгап бөлмөдөн так секире чыга качпаганда өлкө да мынча талкаланбай калмак. Негизи Балбаевдин кандидатурасы тээ КЭК түзүлгөндө эле каралган. Бир эсе акчалуу, бир эсе жашы, тажрыйбасы да бышып турган убагы деп ошого токтолушкан. Чогулушта бул идея Балбаевге айтылып, "лидерликти аркалаңыз да, КЭКтин ишине, тагыраагы Какаевдин бийлиги менен күрөшүүгө ортого 3 миллион доллар таштаңыз" дегенде Балбаев баш тартып койгон. "Кимди туу тутабыз?", "Ким акча чыгарат?"-деп КЭКчилер чайналып калышты. Матабаевге токтололу десек, аны КЭКтегилер негедир жактырышпайт. Арсиев анда жашыраак да, анүстүнө Какаев менен жең ичинен жакшы да болчу. Эмне кылмакчыбыз деп турганда Кибаев " Акчаны мен берейин, мени лидер кылгыла"-десе болобу. Ошону менен Кибаев деген фигура шиберге ширеңке чаккандай эле саясат айдыңына сүрүлүп чыга келди. Бирок, кашайып бир эле Кибаев эмес, сегиз баштуу ажыдаар-Кибаев келатканын билбептирбиз. Анык кызык качан Кибаев расмий президент болгондо башталбадыбы. Кибаев президент деген жарнакты тагынаары менен Кыргызстан деген өлкө эл аралык аферисттердин, крим дүйнөнүн "мертвец" сызыгында (тирүү эле, бирок расмий өлдү деп таанылгандар)күн кечирген башкесер, жанкечтилердин башпаанек кылуучу, сайран куруучу, анан да тамак таап жечү жерине айланды. Анык кандуу жолдун алгачкы чыйыры КЭКчилердин жаңылыштыгынан улам так ушинтип таман салган.