"Эркин" Орусияда...

Путин жайлады
Орусиядагы Мамлекеттик Думага шайлоонун жыйынтыгында Путиндик "Единая Россия" партиясы жеңип чыкты. Бул партиянын жеңип чыгышы мыйзам ченемдүү көрүнүш болсо дагы биринчи кезекте АКШ тарабынан катуу сындалды. Шайлоодо 49,67 пайыз менен жеңип чыккан "Единая Россия" партиясы иш жүзүндө бийликтик партия болуп, административдик ресурстар кеңири колдонулганы айтылууда. 1996-жылдагы шайлоодо Ельцинди аз жерден кулатып сала жаздаган Геннадий Зюганов баштаган "Коммунисттер" партиясы, бул жолу экинчи орунга чыгып, 19,13 пайыз добуш алган. Андан кийинки орунда "Справедливая Россия" 13,18 жана үчүнчү орунда "Россия орустар үчүн гана" деген Жириновскийдин ЛДПРи 11,66 пайыз добушка ээ болушту. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын бири "Коммунисттер партиясы" Москванын борборуна митингге чыгышып, жүздөгөн адамдар нааразычылыктарын билдиришти. Кыргызстанга салыштырмалуу Россияда мындай акциялар кыска гана убакытка созулуп, элдин назарын бура албайт.




  Уйларда убайым

Шарп оорусу баурлардан башталганбы?
Шарп оорусу Кыргызстанга Казакстандан келиши мүмкүн. Мындай божомолдуу ойду КР мамлекеттик ветеринардык Департаментинин башкы директору Жаныбек Султанов билдирди. "Шарп оорусу Кыргызстанга Казакстандан келиши мүмкүн деп божомолдоп айтып жатканыбыздын себептери бар. Бизде аталган шарп оорусунун вирустары Казакстан менен чектешкен райондордо Чүй облусундагы Москва, Панфилов райондорунда аныкталган. Мен эки жума мурун Астана шаарына барып, коңшу өлкөлүк кесиптешим менен жолугушуп келдим. Анда сүттү кайра иштетип чыгарган мекемелер боюнча уруксат алуу жолдорун сүйлөштүк. Менин кесиптешим, Казакстандын түштүк аймактарында шарп оорусу күчөп атат деди. Мында Кыргызстан менен чектешкен Казакстандын үч облусу туурасында сөз болууда"-дейт Ж.Султанов.




  Көргөзмөгө кел

Манастын каармандарын тааныгың келсе
Манас, Бакай, Кошой аталарыбыздын, Батмазуура, Каныкей, Баалы энелерибиздин чыныгы элестери кандай болгон?
8-декабрда, Улуттук тарых музейинде "Улуу дастандагы - өчпөс элестер" - аттуу көргөзмө өтөт. Анда биринчи жолу "Айкөл Манас" дастанында айтылган 100гө жакын каармандардын сүрөттөрү коюлат. Чыгарманын баш каарманы Манас атадан баштап, анын душмандары - Коңурбайга чейин. Сүрөттөр эң алгачкы манасчы Жайсаң Үмөт уулунун айтуусунун негизинде Бүбү Мариям Муса кызы жана кесипкөй сүрөтчү Аман Чилдебаев менен биргеликте жаратылган.
Бүгүнкү күнгө Жайсаң Үмөт уулунун "Айкөл Манас" дастанынын 10 тому кыргыз тилинде жарык көргөн. Улуу баяндын биринчи бөлүгү орус жана казак тилдерине которулуп, өзүнчө китеп болуп басылып чыккан.
Көргөзмөнүн ачуу аземи саат 12.00дө башталат. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, белгилүү саясий, коомдук ишмерлер, манас изилдөөчүлөр жана чыгарманын күйөрмандары катышат.
Кирүү акысыз.
"Кылым Көчү"
коомдук бирикмеси
байланыш телефондору:
0770939000 Алтынбек
0770886060 Алмас