"Бороон" артында...

Саакашвили, дөңгөлөк жана кыш
Кыргызстанда так талашуу оюнунун экинчи этабы башталып, азыр кызуу соодалашуу жүрүп жаткан кез. Басма сөз менен теледен башка көйгөйлөрдүн бардыгы артта калып бир гана коалиция маселеси байма-бай талкууланууда. Былтыр коалицияны түзүүдө чет өлкөлөр кийлигишип, күчтүү коалицияны түзүүгө тоскоолдук жаратышкан. Быйылкы коалиция да канчалык деңгээлде түзүлөт табышмак. Деген менен өзөгү жок камгакка окшоп, ар кай жакта учуп-конуп жүрүп, ордубузду таап, татыктуу оюбузду кармана албаган күнөө өзүбүздө болуу керек.

Нарышкинге не болду?
Чет жакадагылар бир чети таңданып, экинчи жагынан суктанып, иши кылып бир күн кечке Бишкекте кыймыл токтоп, Атамбаевди кызматка алып келдик. Атамбаевдин тактыга келиши менен, эл "Жаңы башчыбыз эмнени кылат экен, жумушту эмнеден баштайт экен?"-деп кулак түрүп жаткан чагы. Элге, оппозиция менен позициясына да, эски жаңы саясатчыларга да биригип иштөөнү сунуш кылган Атамбаев өзү көнүп калган ыйгарым укуктарынан айрылып, эми кантип анын баарын аткарып жетишет деген суроо жаралат. Элге тынчтык жол менен президенттик кызматтын өтүшү жакканы менен башкаларга жакпай калдык. Өзгөчө Россияга инаугурациянын өтүшү жаккан жок. Анткени Саакашвилинин Кыргызстанга келип, ант берүү аземине катышышы, анын "Кыргызстан Грузиянын жолунда өнүгүп бара жатат жана Грузия Кавказдагы жалгыз демократиялык мамлекет деп айтканы Путинге жаккан жок жана Нарышкиндин инаугурацияга келбей калганынын негизги себеби болду. Анткени мындан бир аз мурун Отунбаеванын Америкага шашылыш барып келиши, ал жактан Саакашвилини сөзсүз катыштыруу тууралуу буйруктун болгонун айтышат. Өздөрүн профессионал революционер дегендер менен ашкере батышчылдар Саакашвили Грузияны гүлдөтүп жатканын айтышат. Бирок, бир аз алдыраак ойлонсок Грузиянын тышкы саясатта жалгыз тарапташы АКШ болду, ички саясатта болсо дагы бир өздөрүнө каршы чоң ажыдаарлар тобун өстүрүп жатат. Ал ажыдаар ойгонгондо Грузия ошого туруштук береби? Ошол маселе турат. Ал эми демократияны орноттук дегени менен коом ага даяр эмес болсо, анда аны сактоого жан үрөп жатып, кайрадан авторитаризмди орнотуп алгандыктарын өздөрү билбей калат. Кудай сактасын бизде Грузияныкындай сценарий аткарылган жок, бирок алдын алуу керек.



"Дөңгөлөк спикер"
Инаугурацияга чейин эле мамлекеттик автономерге байланыштуу Жогорку Кеңештин дагы акча маселелери чоң талкууну жаратты. Бир караган адамга аарынын уюгуна окшоп, жан үрөгөн парламент кыш келери менен өздөрүн абдан жакшы асырап жатышкандыгы менен дагы бир жолу элди иренжитти. Былтыркы парламенттик шайлоодо "Элдин колдоосу менен келдик"-деп төшүн ургулаган депутаттар эми минтип, элдин колдоосун пайдаланып бир жылга жетпеген убакытта канча каражат коротушканын моюндап отурушат. Чырдын башы мамлекеттик номерлүү унаадан башталып, дөңгөлөктөн бүткөн бул саясий шоу, атайын заказ болгону менен дагы бир жолу эл өкүлдөрүнүн жүзүн элге ачып берди. Бир чиновникти тендер жарыялоодо же каражатты бөлүштүрүүдө жеп жатат дегенибиз менен "мыйзамдуу жол" менен 120 эл өкүлдөрү деле андан артык ашап коет экен. Парламенттик өлкөдө алдыңкы орунда депутаттар турат. Алар бардык мамлекеттик структураларды көзөмөлдөгөнү менен аларды көзөмөлдөгөн түзүм жок. Бул парламент жайкы каникулга чыгар алдында Келдибеков мурдагыга салыштырмалуу эффективдүү иштедик деп, ага Текебаев дагы кошулуп президентти, Өкмөттү сындаганы бар. Эми минтип мыйзамды ашкере токуп, өздөрүнүн да кызыкчылыгын коргоп алган депутаттар коротулган акчаны кайда кетирдик деп калп эле баары Келдибековдон жооп күтүп жаткан кербездери. Парламенттик көпчүлүк түзүлө электе эле, биринчи куугунтук спикерге багытталды. Спикердин кол койгон бардык токтомдорун аңтарып жатышып, эң орчундуусу жана элге жага турганы деп, Жогорку Кеңештин финансы маселелерин таап чыкты. Чындыгында бул жагынан ЖК аябагандай чоң ката кетирген. Анткени "антивируска" эле миллиондогон акчалар корогонун эске салсак, "штора, жалюзи" иши кылып, жабдууга гана кеткен акчалар абдан көп. Анын ичинен дөңгөлөктөрдүн баасы абдан кызыгууну жаратып, Келдибеков эл өкүлдөрүн дөңгөлөк менен камсыздаган "дөңгөлөк спикер" атка конду.
Кыш, кызмат, соода...
Кезектеги декабрь айы, муну менен бийлик бөлүштүрүүнүн сезондук ачылышы башталды. Эшикте кыш келип, тоң түшсө дагы саясатта эң ысык аба ырайы болуп турат. Ысык дегенибиз, азыр депутаттар менен чиновниктер кааласа да каалабаса да, бири-бирине үн катып, соода кыйла кызуу болуп жаткан кез. Бизде Кыргызстанда конкреттүү жана туруктуу позицияда турган саясатчылар жок болгондуктан, саясий партия деген түшүнүк дагы конкреттүү эмес. Демек, коалиция деген түшүнүк дагы ошолордун чегинен чыкпайт. Саясий партия белгилүү бир саясий системаны туу туткан жана саясий көз караштары, максаттары окшош адамдардын бийлик үчүн күрөшкө чыккан тобу эмес, жөн гана убактылуу бийликке келүүнүн уюмдашкан тобу болуп калды. Анткени, депутат болуунун максаты, биздин шартта мыйзам жазуу эмес, жакындарын бутуна тургузуп, добушун соодалоочу базар. Чындыгында Жогорку Кеңештин базардан эмне айырмасы бар?! Министр, соттордон тартып, азыр эми өздөрүн өздөрү "соодалап" жатышат. Аларды эл тандап, кандай жол менен депутат деген статусту берсе, эми алар, калган бийлик структурасын да дал ошондой схема менен тандоодо. Өткөн жылы реваншисттик бакиевдик, акаевдик топторду, чет өлкөлөргө ориентация кылган партияларды эл акчага, жердештик деген тар түшүнүккө сатылып шайлаган. Мына ошонун жемиши. Элден добушту алуу үчүн аларды уруусуна, улутуна, жерлигине карап бөлүп жатышып добуш алышты эле эми минтип жетер жерине жетип алгандан кийин, ошол карапайым элдин бирин дагы эсепке алган жок. Ак үйдүн төрүнө өткөндөн кийин кайра эле бир жерге чогулуп алышып, жай баракат жайма базарын жүргүзүшүүдө. Ойлогон ою ашуудан ашпаган кайран гана эл дейсиң. Кыргызстанда шайлоо кодексине өзгөртүү киргизүүдө дагы бир кадамды жасаш керек болуп калды. Ал кадам - "Кайсы партияга коалиция түзүү укугу берилсе, ошол партия жана коалициянын мүчөлөрү командасынан мынча кишини аткаруу бийлигине, тигинче кишини сот жана башка структураларга кызматка отургузсун"-деген кадам.
Ооба, бул тескери жол болгону менен шайлоодон кийинки шайлоонун убактысын бир аз да болсо кыскартат. Жогоруда айтып өткөндөй Кыргызстандагы партия дегендер бул бекем саясий позициясы бар адамдардын тобу эмес, күчтүү амбициясы бар адамдардын тобу. Ынабасаңыз, таза, мыкты партияны талдап көрсөтүп бериңизчи?
Элизат ТУРСУНОВА




  Кездүйнө

Алла Джиоева ант берет
Түштүк Осетияда шайлоо штабынын кызматкерлери Жогорку Соттун шайлоону тааныбагандыгына карабай Алла Джиоеванын инаугурациясынын датасын белгилешти. Инаугурация ушул жылдын 10-декабрына белгиленди. Алла айым 27-ноябрда президенттик шайлоодо жеңүүчү деп табылган. Жогорку Сот шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарса да, кайра тигинтип ант берүүгө жол ачышты. Өз кезегинде Джиоеванын тарапташтары массалык түрдө каршылык акцияларын өткөрө башташкан.


Тимошенконун кызы Евроконгрессте…
6-8 декабрда Юлия Тимошенконун кызы Евгения Карр "Батькивщина" партиясынын жетекчисинин орун басары Григорий Немырей менен бирге Франциянын Марсель шаарында боло турчу Европалык элдик партиясынын Конгрессине катышышат. Евгения Карр апасы Тимошенконун атынан сөз сүйлөйт. Андан тышкары ал бир нече саясатчылар менен жолугушууларды өткөрөт. Эскерте кетсек, Европалык элдик партияга 39 мамлекеттин ичинен 74 партиянын өкүлдөрү жана Европарламентте көп фракция ээлеген Европалык комиссиянын 13 мүчөсү катышат. Ага Германиянын кацлери Ангела Меркель, Франциянын президенти Николя Саркози, Европалык Комиссиянын президенти Жозе Мануэль Баррозо сыяктуу Евросоюздун көрүнүктүү саясатчылары катышууга укуктуу.


Хилари Клинтон Россияга нааразы
"Россияда болгон парламенттик шайлоону эркин жана таза өттү деп айтууга болбойт"-деди АКШнын мамкатчысы. Ал шайлоонун жыйынтыгы "оорчундуу көйгөйдү" жаратат деп кошумчалап, Россиянын Юстиция министрлигинин оппозициялык "Элдик эркиндик партиясын" каттоодон өткөрбөй койгондугун мыйзамсыз көрүнүш деп баса белгилеп айтты. Эскерте кетсек, шайлоо комиссиясынын протоколу боюнча "Бирдиктүү Россия" 49, 54% добуш алса, "Адилет Россия" 13,22% добушка ээ болгон. Борбордук шайлоо комиссиясынын божомолдуу маалыматы боюнча "Бирдиктүү Россия" 238 депутаттык мандатка ээ болот.